Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Ободо региондук жыйын

Ободо региондук жыйын

1-АВГУСТ, 2021

 2020-жылдагы региондук жыйын тарыхый жыйын болду. Анткени региондук жыйындын программасы биринчи жолу алдын ала жаздырылып, Интернет аркылуу көрсөтүлдү. Бирок Малавидеги жана Мозамбиктеги ишенимдештерибиздин көбү жыйындын программасын Интернетке кошулбай эле көрө алышты. Кандайча?

 Жетектөөчү Кеңештин Координаторлор жана Окутуу комитети жыйындын программасын Малави менен Мозамбикте гана телевизордон көрүүгө, радиодон угууга уруксат берген. Бул эмне үчүн зарыл болгон? Дүйнө жүзү боюнча Малави Интернет кызматынын баасы эң кымбат өлкө деп эсептелет. Ал жакта Интернет Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдарына гана жеткиликтүү. Малавидеги филиалдын комитетинин мүчөсү Уильям Чумби: «Бир туугандар рухий тамакты радио жана телевизор аркылуу гана ала алышат»,— дейт. Малавидеги филиалдын комитетинин дагы бир мүчөсү Лука Сибеко мындай деп бөлүшөт: «Эгер жыйын телевизор жана радио аркылуу трансляцияланбаса, филиалдын аймагындагы кээ бир бир туугандар гана программадан пайда ала алышмак». Мозамбикте да Интернетке байланыштуу жагдай ушундай. Ал жактагы бир туугандар Интернет мындай турсун, ылайыктуу электрондук каражат сатып алганга чамасы жетпейт.

Көйгөй кантип чечилген?

 COVID-19 пандемиясынын айынан айрым телестанциялар жана радиостанциялар аркылуу ага чейин эле жыйналыш жолугушууларынын программасын көрсөтүлүп же угузулуп жаткан a. Андыктан бир туугандарыбыз ал станциялар менен байланышып, жыйындын программасы көрсөтүлүшү үчүн кошумча эфир убактысын сурашкан.

 Малавидеги ишенимдештерибиз бир кыйынчылыкка туш болушкан. Адатта, телеберүүлөрдү көрсөткөн станциялар кардарларына эфир убактысынан бир эле саат берет. Анткени алар программалар узагыраак болуп калса, көрүүчүлөрдүн кызыгуусу тарап кетет деп тынчсызданышат. Бирок бир туугандар биздин жүргүзгөн ишибиз коомго чоң пайда алып келерин түшүндүргөн. Алар атүгүл карантин учурунда башкаларга Ыйык Китептеги сооронуч берген жакшы кабар менен, адамдарга жакшы жаран болгонго жардам берген жана үй-бүлөнү бактылуу кылууга өбөлгө түзгөн кеңештер менен бөлүшкөнүн айтышкан. Муну укканда теле жана радиостанциядагылар бир туугандарыбызга кошумча эфир убактысын бергенге макул болушкан.

 Малавиде жыйындын программасы бир телестанция жана бир радиостанция аркылуу берилген. Экөөнү тең бүтүндөй өлкө боюнча миллиондогон адамдар угуп же көрө алышат. Мозамбикте болсо жыйындын программасы бир телестанция жана 85 радиостанция аркылуу берилген.

 Эки өлкөдө тең телекөрсөтүү аркылуу жыйындын программасы көрсөтүлүшү үчүн жалпы жонунан 28 227 b доллар кеткен. Ал эми радио аркылуу берилиши үчүн дээрлик 20 000 доллар сарпталган. Чакан станциялардын трансляциялары 15 доллар турса, бүт өлкөгө трансляциялаган станциялар кызматы үчүн 2 777 доллар алышат.

 Бир туугандарыбыз тартуу кылынган каражаттар мүмкүн болушунча үнөмдүү колдонулушу үчүн колунан келгендин баарын кылышкан. Мисалы, Малавиде алар эфир убактысынын баасын арзаныраак кылып түшүрө алышкан. Бир станция болсо 30 пайызга чейин арзандатып берген. Натыйжада, 1 711 доллар үнөмдөлгөн. Мозамбикте дагы айрым станциялар бир туугандар чынчыл болгону үчүн жана акысын убагында төлөгөнү үчүн баасын төмөндөтүп беришкен.

Ыраазычылык сөздөр

 Ошол өлкөлөрдөгү бир туугандар жыйындын программасын жергиликтүү станциялар аркылуу көрө алышканына жана уга алышканына аябай ыраазы болушкан. Малавиде кызмат кылган Патрик деген бир аксакал: «Пандемия учурунда биздин муктаждыктарыбызды эске алганы үчүн Жетектөөчү Кеңештеги бир туугандарга абдан ыраазыбыз»,— деп айткан. Малавиде кызмат кылган Исаак да мындай деген: «Бизде радиодон башка эч кандай электрондук каражаттарыбыз жок. Ошон үчүн Жахабанын уюмунун бизге жыйындын программасын радио аркылуу укканга шарт түзүп бергенине миң мертебе ыраазыбыз. Мунун аркасында бүт үй-бүлөм жыйындан чоң пайда алды. Мындан Жахабанын өз элине көрсөткөн сүйүүсүн айкын көрдүк».

 2020-жылы Мозамбиктеги бир жарчы жыйындын программасын биринчи жолу уккан. Ал мындай деп бөлүшөт: «Региондук жыйындын программасы телевизор аркылуу көрсөтүлгөнү Жахабанын канчалык кудурети чексиз Кудай экенин эсиме салды. Пандемия Жахабага бизге рухий тамакты бергенге тоскоолдук кыла алган жок. Жахаба рухий дасторконду менин бөлмөмө жайгандай эле болду. Мен Кудайдын элинин ортосундагы сүйүүнүн далилин көрүп жатам. Бул дин чыныгы дин экенине көзүм жетти».

 Вайзен деген бир аксакал мындай деген: «Мен пандемия учурунда бизге кам көрүүнүн жолун тапкан ишенимдүү кулга ыраазычылык билдиргим келет. Биз эң кедей өлкөлөрдүн биринде жашагандыктан, акчанын тартыштыгынан кыйналып келебиз. Ошентсе да жыйынды телевизор аркылуу көрүп же радио аркылуу угуп, чоң пайда алдык».

 Координаторлор жана Окутуу комитети 2021-жылдагы региондук жыйындын программасынын да айрым өлкөлөрдө телевизор же радио аркылуу берилишине уруксат берди. Ал иш-чараларга кеткен чыгымдар кантип жабылат? Бүткүл дүйнө жүзү боюнча кылынган тартуулар аркылуу. Тартуулардын көбү donate.jw.org. сайтында айтылган ар кандай жолдор менен кылынат. Силердин марттык менен берген тартууларыңарга чоң рахмат!

a 2020-жылдан баштап эле Координаторлор комитети COVID-19 пандемиясынын учурунда айрым жерлерде жыйналыш жолугушууларынын программасын теле жана радиостанция аркылуу берилишине уруксат берген. Бул Интернет жана телефон байланышы жеткиликтүү эмес же өтө кымбат болгон аймактарда жашаган жарчыларга чоң жардам болгон. Себеби алар ошонун айынан жыйналышка катыша алмак эмес же JW Stream сайтына туташа алмак эмес. Бирок мындай иш-чара жергиликтүү жыйналыштарга онлайн кошула алган жерлерде жашаган жарчылар үчүн караштырылган эмес.

b Макалада сөз кылынган долларлар АКШ долларларын билдирет.