Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Кенедей алаканга батып кеткен килейген китепкана

Кенедей алаканга батып кеткен килейген китепкана

1-СЕНТЯБРЬ, 2021

 «Бир нече жыл мурун адабияттарыбызды электрондук түрдө аларыбыз үч уктасак да түшүбүзгө кирмек эмес». Бул сөздөргө кошуласыңарбы? Жогорудагы сөздөрдү Жетектөөчү Кеңештин 2020-жылдагы 6-отчётунда Жеффри Жэксон айткан. Ал сөзүн мындай деп улаган: «Элестетсеңер, JW Library тиркемеси жок болсо, азыркы пандемия учурунда кантет элек? Чынында эле, Жахаба бизди көптөгөн жылдар бою ушундай учурга даярдап келиптир».

 Ал кантип даярдаган? JW Library тиркемесин иштеп чыгып, тейлеп жана дайыма жакшыртып туруш үчүн эмнелер кылынган?

Мындай тиркеме буга чейин болгон эмес!

 2013-жылдын май айында Жетектөөчү Кеңеш башкы башкармалыктагы КБЭС программалоо бөлүмүнө бир тапшырма берген. Алар «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын камтыган тиркеме иштеп чыгышы керек болчу. «Буга чейин интернеттеги тиркемелер дүкөнүнө өзүбүздүн тиркемебизди чыгара элек болчубуз,— дейт КБЭС программалоо бөлүмүндө иштеген Пол Уиллис.— Биз топ түздүк. Айрым долбоорлорду токтото турдук. Башка бөлүмдөр менен кызматташып, Жетектөөчү Кеңеш суранган тиркемени долбоорлогонго жана иштеп чыкканга кириштик. Бул долбоордун үстүнөн иштеп жатканда көп тилендик. Акыры, Жахабанын жардамы менен 5 айдан кийин эле жылдык жолугушууда тиркеме жарык көрдү».

 JW Library тиркемесине көптөгөн тилдерде адабияттарды киргизүү кийинки максатыбыз болду. Бирок бул оңойго турган жок. Ошентип, 2015-жылдын январына чейин англис тилиндеги адабияттардын көбү тиркемеге киргизилди. Анан ошондон 6 ай эле өткөндөн кийин дагы башка жүздөгөн тилдерде адабияттарды жүктөп алуу мүмкүн болуп калды.

 Ошондон бери бир туугандарыбыз тиркемени жакшыртуунун үстүндө иштеп келатышат. Мисалы, видеолор кошулду. Ошондой эле жыйналышта карала турган материалдар менен медиафайлдарды бир жерден тапса боло тургандай функция кошулду. Мындан тышкары, аяттарга «Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал» туташтырылды. Анын жардамы менен аятка берилген түшүндүрмөлөрдү окуса болот.

Тиркемени тейлөө

 JW Library тиркемеси күн сайын 8 миллион ар кандай электрондук каражаттан (смартфон, планшет, компьютер ж.б.) ачылат, ал эми ай сайын 15 миллиондон ашуун каражаттан ачылат. Тиркеме ошол каражаттардын баарында жакшы иштеши үчүн эмнелер кылынат? Пол Уиллис мындай деп түшүндүрөт: «Электрондук тиркемелердин үстүнөн дайыма иштеп туруш керек. Биз тиркемеге жаңы функцияларды кошуп, колдонуучуларга оңой болуш үчүн мурункуларын жакшыртып турганга аракет кылабыз. Коммерция дүйнөсүндө электрондук каражаттардын оперативдик системалары дайыма жаңыртылып турат. Тиркемебиз ошол оперативдик системалар менен шайкеш иштеши үчүн, аны жаңыртып турушубуз керек болот. Ошондой эле JW Library тиркемесиндеги адабияттардын жана аудио-видео жаздыруулардын саны күн сайын өсүп жаткандыктан, өзүбүз колдонгон программаларды да тейлеп, жакшыртып турушубуз кажет». Бардык тилдерди кошкондо, учурда тиркемебизде 200 000дей адабият, 600 000ден ашуун аудио менен видео материалдар бар.

 Тиркеме жакшы иштеши үчүн, компьютер жана башка зарыл жабдыктардын болгону эле жетишсиз. Алсак, кээ бир програмдык жабдыктарга лицензия сатып алышыбыз керек. Бир эле лицензияга жылына 1 500 АКШ доллары сарпталат. Мындан сырткары, КБЭС программалоо бөлүмү жыл сайын 10 000дей АКШ долларын ар кандай электрондук каражаттарды сатып алганга жумшайт. Алар сатылып алынган ошол компьютерлерге, планшеттерге жана телефондорго JW Library тиркемесин орнотуп, кандай иштээрин текшеришет.

Тартуу кылынган каражаттардын үнөмдөлүшү

 JW Library тиркемеси чыккандан бери адабияттарды басып чыгарууга, таңгактоого жана жөнөтүүгө жумшалган акча бир топ үнөмдөлдү. Мисалга, «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесин алалы. 2013-жылы бул китепчени дээрлик 12 миллион нускада басып чыгарганбыз. Андан бери дүйнө жүзү боюнча 700 000дей жаңы жарчы кошулса да, 2020-жылы китепче 5 миллиондой эле нускада басылды. Эмне үчүн? Анткени азыр ишенимдештерибиздин көбү күндөлүк аятты JW Library тиркемесинен эле окушат a.

«Чынында эле, баа жеткис курал»

 Тиркеменин пайдалуу жактарын санай берсек, сан жетпейт. Канадада жашаган Женевьева тиркеме чыккандан бери изилдөөсү үзгүлтүккө учурабай калганын айткан. Ал мындай дейт: «Чынын айтсам, толтура китептерди алып келип алып окуш керек болсо, күн сайын эртең менен изилдемек эмес болушум керек. Тиркеменин ушул жери жакты: колума планшетимди алып, керектүү адабияттардын баарын оңой эле таап алам. Дайыма ушинтип изилдегендин аркасында ишенимим бекемделип, Жахабага да жакыныраак болуп калдым».

Женевьева

 JW Library тиркемесинин пайдасын, өзгөчө, COVID-19 пандемиясынын учуруна көрдүк. Кошмо Штаттарда жашаган Шарлин: «COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзүн каптаганда, бир жылдан ашык убакыт бою басылып чыккан адабияттарды колубузга кармаган жокпуз. Бирок JW Library тиркемебиз бар болгону үчүн рухий тамакты өз убагында алып жаттык. Бул үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын!» — дейт.

 Филиппинде жашаган Фаянын сөздөрүнө баарыбыз кошулат болушубуз керек. Ал мындай дейт: «Менин бүтүндөй жашоом жана Жахаба менен болгон мамилем ушул баа жеткис, күчтүү тиркеме менен тыгыз байланышта. Эртең менен көзүмдү ачарым менен эле ушул тиркемеге кирем. Үй оокатымды кылып жатканда да андагы аудиожаздырууларды уга берем. Жыйналышка даярданганда да аны колдоном. Кимдир бирөөгө изилдөө өтөрдө да тиркемени ачып даярданам. Колум бошой калганда андагы видеолорду көрөм. Кезекке туруп калсам, андан макалаларды, Ыйык Китепти окуйм. Бул, чынында эле, баа жеткис курал».

 JW Library тиркемесинин кызматта да пайдасы чоң. Мисалы, Камерунда жашаган бир ишенимдешибиз бир нече жума мурун башка ишенимдешибиз колдонгон аятты бирөөгө окуп бергиси келген. Бирок ал аяттын каякта жазылганын унутуп калыптыр. Ал мындай дейт: «Ырас, ошол аяттын бир сөзүн эстеп калыптырмын. Анан тиркемеден Ыйык Китепти ачтым да, „Издөө“ деген жерине ошол сөздү жаздым. Ошентип, бир заматта эле аятты таап алдым. Бул тиркемени колдонуп, унутуп калган көп аяттарыңды да оңой эле таап алат экенсиң».

 Силердин чын жүрөктөн берген тартууңар, donate.jw.org сайтында айтылгандай, JW Library тиркемесин иштеп чыкканга, тейлегенге жана жакшыртканга жумшалып жатат. Ал эми мунун пайдасын төгөрөктүн төрт бурчундагы ишенимдештерибиздин баары көрүп жатат. Марттык менен берген тартууңар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

JW Library тиркемесинин таржымалы

  1. 2013-жыл, октябрь. Жаңы жарык көргөн тиркемеде «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы эле бар болчу

  2. 2015-жыл, январь. Англис тилиндеги башка адабияттар да кошулган. Кийинчерээк жүздөгөн башка тилдердеги адабияттарды да жүктөп алуу мүмкүн болуп калган

  3. 2015-жыл, ноябрь. Ар кандай өңдөр менен белгилей турган функция кошулган

  4. 2016-жыл, май. Жыйналыш жолугушууларынын программасы өзүнчө бир бетке чыга баштаган

  5. 2017-жыл, май. Кыскача жазып алуу функциясы киргизилген

  6. 2017-жыл, декабрь. «Ыйык Китептин изилдөөгө арналган чыгарылышы» англис тилинде кошулган

  7. 2019-жыл, март. Аудиожаздырууларды жүктөп алуу, Интернет аркылуу видеолорду түз эле көрүү функциясы жана «Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал» кошулган

  8. 2021-жыл, январь. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» адабиятын колдонгонго өбөлгө түзгөн функциялар кошулган

a Адабияттарды JW Library тиркемесинен жүктөп алганга көп каражат кетпейт. Өткөн жылды мисалга ала турган болсок, jw.org веб-сайты жана JW Library тиркемеси аркылуу адабияттарды жүктөп алганга жана видеолорду Интернет аркылуу түз көргөнгө 1,5 миллион АКШ доллары сарпталган. Адабияттарыбызды, CD жана DVD дисктерди чыгарганга, жеткиргенге караганда, санарип адабияттарды жана аудио-видеоматериалдарды жүктөп алганга алда канча аз акча кетет.