Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сабак учуру, 2017-жыл, Гилат мектеби

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Гилат — эл аралык мектеп

Гилат — эл аралык мектеп

1-ДЕКАБРЬ, 2020

 Жыл сайын дүйнөнүн чар тарабындагы атайын толук убактагы кызматчылар Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебине чакырылат. Ал мектеп Патерсондогу (Нью-Йорк) Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда өткөрүлөт a. Мектеп студенттерге Жахабанын уюмундагы ар кандай кызматтарын натыйжалуу аткарганга жардам берет. Ошондой эле ал жактан билим алганынын аркасында студенттер дүйнөнүн булуң-бурчундагы жыйналыштарда жана филиалдарда кызмат кылгандарды бекемдеп, Жахабага ынталуу кызмат кыла бергенге түрткү беришет.

 Гилат чынында эле эл аралык мектеп. Мисалы, 2019-жылдагы 147-класста 29 өлкөдөн келген 56 студент окуган. Алар Гилат мектебине барганга чейин атайын толук убактагы кызматтын ар кандай түрлөрүн аркалап келишкен. Алсак, бейтелдиктер, райондук көзөмөлчүлөр, миссионерлер же атайын пионерлер болушкан.

 Даярдыктар сабак башталганга чейин эле узак убакыт мурун көрүлөт. Маселен, бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы (БББ) сапар бөлүмү мектепке келе тургандар үчүн белеттерди сатып алат. 147-класстын студенттеринин ар бирине эки тарапка белет алганга орто эсеп менен 1 075 АКШ доллары кеткен. Соломон аралдарындагы студенттер Патерсонго төрт каттам менен, кайра үйүнө үч каттам менен жетишкен. Ошентип, жалпы жонунан 35 400 километрден ашуун жол жүрүшкөн. Ал студенттердин ар биринин жолуна 2 300 АКШ доллары төлөнгөн. Белеттерге кеткен чыгымды үнөмдөш үчүн БББдагы сапар бөлүмү арзаныраак белеттерди брондогон атайын компьютердик программаны колдонот. Белеттерди брондоп койгондон кийин да алар ал компьютердик программанын жардамы менен арзаныраак белеттерди жумалап, айлап издей беришет. Кээде ишенимдештерибиз авиакомпаниялар берген купондорду, чакырым бонустарын тартуу кылышат. БББдагы сапар бөлүмү болсо аларды колдонуп, белет сатып алат.

 Көптөгөн студенттерге Кошмо Штаттарга барыш үчүн виза алганга туура келет. Аларга бул жагынан БББдагы юридикалык бөлүм жардам берет. Ар бир студентке виза алганга жана катталганга орто эсеп менен 510 АКШ доллары сарпталат.

 Студенттердин билим алганы башкаларга кандай пайдасын тийгизип жатат? Түштүк-Чыгыш Азияда аксакал болуп кызмат кылган Хендра Гунаван бул туурасында ой бөлүшкөн. Анын жыйналышында Гилат мектебин бүтүргөн жубайлар бар. Ал мындай дейт: «Мурда биздин жыйналышта бир да үзгүлтүксүз пионер жок болчу. Бирок жыйналышыбызга Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү дайындалгандан кийин алардын ынталуулугу, жан аябастыгы башкаларга да таасир этип, көптөр пионердик кызматты башташты. Кийинчерээк жыйналышыбыздагы бир карындашыбыз Падышалыктын жарчыларынын мектебинен окуп келди».

 Сержио Банжайтан Түштүк-Чыгыш Азиядагы Бейтелде Гилат мектебин бүтүргөн бир туугандар менен кызмат кылат. Ал мындай деген: «Алардын мектептен окуп келгендин пайдасы өздөрүнө эле эмес, бизге да тийип жатат. Алар аябай көп нерсеге үйрөнүшүптүр. Бирок ошондон улам өздөрүн көтөрүшпөйт. Тескерисинче, биз менен окуп-билгендерин бөлүшүшөт. Ошентип, алар бизге дем-шык берип жатышат. Ошонун аркасында биз да башкаларды бекемдеп кайраттандырып жатабыз».

 Бул мектепке кеткен чыгымдар кантип жабылат? Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн жөнөтүлгөн тартуулардын эсебинен жабылат. Алардын көбү donate.jw.org. сайтындагы ыкмалардын бири аркылуу жөнөтүлөт. Мектептин өткөрүлүшүн шарттаган марттык менен берген тартууларыңар үчүн силерге чоң ыраазычылык билдиребиз.

a Мектептин программасын теократиялык мектептер бөлүмү түзүп, жаңыртып турат. Ал бөлүм Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешине караштуу Окутуу комитетинин көзөмөлү астында иш алпарат. Ал мектепте теократиялык мектептер бөлүмүнүн нускоочулары жана башка нускоочулар, анын ичинде Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү сабак берет.