Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

КУМАРПОЗГО, талап-тоноочуга жаман иштерин таштап, жашоосун өзгөрткөнгө эмне түрткү берген? Анын айтып бергендерин окуп көргүлө.

«Ат жарыш дегенде жанымды берчүмүн». РИЧАРД СТЮАРТ

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1965

ӨЛКӨСҮ: ЯМАЙКА

МУРУН: КУМАРПОЗ, КЫЛМЫШКЕР

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН: Ямайканын борбор калаасы Кингстондогу эл жыш отурукташкан райондо чоңоюп-өскөм. Биз жакыр турчубуз. Жумушу жок адамдар көп болчу. Кылмыштуулук да күч алган. Адамдар кылмыштуу топтордон коркуп жашачу. Эки күндүн биринде ок атылганын угар элек.

Апам мени, иним менен карындашымды багыш үчүн кара жанын карч уруп иштечү. Биз жакшы билим алышыбыз үчүн да көп аракет кылган. Бирок мен окуганга көп деле кызыкчу эмесмин. Мен ат жарыш дегенде жанымды берчүмүн. Сабактардан качып, ат майданга кетип калган учурларым көп болгон. Ат минген да аябай жакчу.

Көп өтпөй ат жарыштарда акча сайып, кумарпоз болуп кеттим. Адеп-ахлаксыздыктын сазына белчемен батып, аял жандуу болуп калдым. Нашаа чекчүмүн. Акча табыш үчүн көп талап-тоночумун. Көп курал-жарагым бар болчу. Бактыга жараша, талап-тоноп жатканда эч кимдин өмүрүн кыйган эмесмин.

Ошентип жүрүп бир күнү полицияга кармалып, түрмөгө түштүм. Бошотулгандан кийин кайра эле эски кейпимди кийдим. Атүгүл мурункудан да жаман иштерди кыла баштадым. Сыртыман кылмышкердей көрүнбөсөм да, айтканыман кайтпаган, ызакор, катаал, өзүмчүл болчумун.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ: Жашоом ошондой баш аламан болуп жүргөн учурда апам Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөсү болду. Анын жакшы жакка өзгөргөнүн көрүп кызыгып калдым. Апамдын ошентип өзгөрүшүнө эмне себеп болгонун билгим келди. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.

Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары башка диндердин окууларынан айырмаланарын байкадым. Ошондой эле алар айткандарынын баарын Ыйык Китепке негиздей турганын билдим. Андан тышкары, бир гана Жахабанын Күбөлөрүнүн, Исанын алгачкы жолдоочуларындай болуп, үйдөн-үйгө кабар айтарын көрдүм (Матай 28:19; Элчилер 20:20). Алардын ортосундагы чыныгы сүйүүнү көргөндө эң туура жолду тапканыма көзүм жетти (Жакан 13:35).

Ыйык Китептен алган билимдин аркасында жашоомду түп-тамыры менен өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Мисалы, Жахаба Кудайдын бузуктукту жек көрөрүн билдим. Ошондуктан ага жаккым келсе, денемди булгаган ыпылас иштерди ташташым керектигин аңдадым (2 Корунттуктар 7:1; Еврейлер 13:4). Ошондой эле Жахабанын сезимдери бар экенин, менин иш-аракеттерим анын жүрөгүн же оорутарын, же кубантарын билгенде өзгөргөнгө түрткү алдым (Накыл сөздөр 27:11). Нашаа чеккенимди таштап, курал-жарактын баарынан арылдым. Жаман сапаттарымдан арылганга аракет кыла баштадым. Баарынан да адеп-ахлаксыз иштерди, кумар оюндарын таштоо кыйыны болду.

Башында Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен изилдеп жатканымды досторума айткым келген эмес. Бирок Матай 10:33төгү сөздөр оюмду өзгөрттү. Ал жакта Исанын: «Ким башкалардын алдында менден баш тартса, мен да андан асмандагы Атамдын алдында баш тартам»,— деген сөздөрү жазылыптыр. Ал сөздөр досторума Жахабанын Күбөлөрү менен изилдеп жатканымды айтканга түрткү берди. Досторума айтканда, алар менин Исанын жолдоочусу болоюн деп жатканыма ишене албай, аябай таң калышты. Бирок мен аларга мындан ары жаман иштерге барбай турганымды түшүндүрүп бердим.

ПАЙДАСЫ: Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашай баштаганымды көргөндө апам маңдайы жарыла кубанды. Азыр ал: «Балам дагы бир жаман нерсенин үстүнөн чыкпайбы»,— деп санаа тартпай калды. Эми апам экөөбүздү Жахабага болгон сүйүү бириктирип турат. Кээде артка кылчая карап, мурда кандай жашоо өткөргөнүмдү, Кудайдын жардамы менен кандай өзгөрүүлөрдү кыла алганымды ойлоп, ишене албай кетем. Азыр мен адеп-ахлаксыздыктын, акчанын кулу эмесмин. Аларды такыр эңсебейм.

Учурунда Ыйык Китепти изилдей баштабасам, же көрдө жатмакмын, же түрмөдө отурмакмын. Азыр болсо үй-бүлөм менен бактылуу жашап жатам. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон аялым, тил алчаак кызым менен Жахабага кызмат кылуу чоң кубаныч тартуулоодо. Бири-бирин чындап сүйгөн элинин арасына кошконуна Жахабага чын жүрөктөн ыраазымын. Мага Кудай жөнүндө билгенге жардам бергендерге да чоң ыракмат. Ыйык Китепте жазылгандарды билбегендерге жакшы кабар айта алганым мага чоң кубаныч тартуулайт. Баарынан да мээримдүү Кудайыбыз Жахабага өзүнө жакындатканы үчүн миң мертебе ыраазымын.

[Кыстырма]

«Жахабанын сезимдери бар экенин, менин иш-аракеттерим анын жүрөгүн же оорутарын, же кубантарын билдим»

[Сүрөт]

Аялым, кызым менен

[Сүрөт]

Апамдын жакшы жакка өзгөргөнүн көрдүм