96-САБАК

Иса Шабылды тандайт

Иса Шабылды тандайт

Шабыл Тарс шаарында төрөлгөн Римдин жараны болгон. Ал жүйүттөрдүн Мыйзамын жакшы билген фарисей болчу жана Исанын жолдоочуларын жек көрчү. Шабыл аларды аял-эркек дебей үйлөрүнөн сүйрөп чыгып, түрмөгө каматкан. Атүгүл жаалданган кишилер Степан деген шакиртти таш бараңга алып жатышканда, аларды колдоп, жанында карап турган.

Бирок Шабыл Иерусалимдеги шакирттерди каматканына эле ыраазы болгон эмес. Ал Дамаск шаарындагы шакирттерди да каматыш үчүн башкы дин кызматчыдан ал жакка барганга уруксат алган. Шабыл ал шаарга жетейин деп калганда, күтүлбөгөн жерден асмандан жарык түшүп, айланасы жапжарык болуп калган. Ошондо Шабыл жерге жыгылган. Анан: «Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» — деген үндү уккан. Шабыл: «Сен кимсиң?» — деп сураганда: «Мен Исамын. Дамаскка бар. Ал жерден сага эмне кылышың керектиги айтылат»,— деген үн угулган. Ошондо Шабылдын көзү көрбөй калган, аны колунан жетелеп Дамаскка алып барышкан.

Дамаскта Анания деген шакирт бар эле. Иса аян аркылуу ага: «Түз деп аталган көчөдө жашаган Жүйүт деген кишинин үйүнө барып, Шабыл деген кишини сура»,— деп айткан. Анания ага: «Мырзам, мен ал жөнүндө көп жаман нерселерди уккам. Ал сенин шакирттериңди түрмөгө каматып жүрөт!» — деген. Бирок Иса: «Баргын, анткени мен Шабылды, көптөгөн элдерге жакшы кабарды айтышы үчүн, тандап алдым»,— деп айткан.

Ошентип, Анания Шабылды таап, ага: «Бир тууганым Шабыл, Иса мени сага көзүңдү ачыш үчүн жиберди»,— деген. Ошол замат Шабыл кайрадан көрүп калган. Ал Иса жөнүндө көбүрөөк билип, чөмүлүп, анын жолдоочусу болгон. Ошондон кийин боордоштору менен бирге сыйынуу жайларында кабар айта баштаган. Шабылдын Иса жөнүндө айтып жүргөнүн көргөндө жүйүттөрдүн канчалык таң калганын элестетсең! Алар: «Бул киши Исанын шакирттерин куугунтуктап жүрбөдү беле!» — дешкен.

Шабыл Дамаскта жашагандарга үч жыл бою кабар айткан. Жүйүттөр аны жек көрүп, өлтүрмөкчү болушкан. Бирок шакирттери муну билип калып, ага качып кеткенге жардам беришкен. Алар аны себетке салып, шаардын дубалынын ачык жери аркылуу түшүрүшкөн.

Шабыл Иерусалимге барып, ал жактагы шакирттерге кошулганга аракет кылган. Бирок алар андан коркушкан. Ошондо боорукер Барнаба Шабылды элчилерге алып барып, аларды анын чындап эле өзгөргөнүнө ынандырган. Ошентип, Шабыл Иерусалимдеги жыйналыш менен бирге жакшы кабарды ынталуу жарыялай баштаган. Кийинчерээк ал Пабыл деген ат менен белгилүү болуп калган.

«Машаяк... бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн келген... Күнөөкөрлөрдүн ичинен эң күнөөкөрү менмин» (Тиметейге 1-кат 1:15)