Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-САБАК

Так жана ынандырарлык маалымат

Так жана ынандырарлык маалымат

Лука 1:3

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга туура бүтүмгө келгенге жардам бериш үчүн ишеничтүү булактарды колдон.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Ишеничтүү булактарды колдон. Мүмкүн болсо, Ыйык Китептин өзүнөн окуп бер жана сөзүңдү ага негизде. Ойду бышыкташ үчүн илимий факт, жаңылык, окуя же дагы башка далил айта турган болсоң, ал маалыматтын булагынын ишеничтүүлүгүн жана эскирип калбаганын алдын ала текшер.

  • Булактардагы маалыматты туура колдон. Аяттарды контекстине, бүтүндөй Ыйык Китепке, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарында жазылгандарга шайкеш келгидей түшүндүр (Мт. 24:45). Дүйнөдөгү булактардагы маалыматты түп нускасындагы маанисин жана автордун оюн өзгөртпөй колдон.

  • Далилдердин үстүнөн ой жүгүртүүгө жардам бер. Аят окугандан кийин же булактагы маалыматты цитата кылгандан кийин, угуучулар өздөрү жыйынтык чыгарышы үчүн, сылыктык менен суроолорду бер же ойду мисал менен түшүндүр.