Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Азия жана Ортоңку Чыгыш

Азия жана Ортоңку Чыгыш
  • ӨЛКӨЛӨР: 48

  • КАЛКЫ: 4 315 759 010

  • ЖАРЧЫЛАР: 703 271

  • ЫЙЫК КИТЕПТИК ИЗИЛДӨӨЛӨР: 732 106

Ал башкалардын да барса болор-болбосун сураган

Индонезиядагы бир бир тууган Эскерүү кечесине эки күн калганда автотурукта иштеген бир мусулман кишиге чакыруу баракчасын берген. Ал ага бирди эле бергендиктен, тиги киши башкалардын да барса болор-болбосун сураган. Бир тууган каалагандардын баары барса болорун айтканда, ал киши үй-бүлөсү чоң экенин айтып, дагы көп баракча сураган. Бир тууган ага 20 баракча берип, кече Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү үчүн өткөрүлөрүн жана ал кечеге баары, анын ичинде христиандар да, мусулмандар да барарын түшүндүргөн. Ошондо ал кечеге 60-70 кишини ээрчитип келерин айткан.

Эскерүү кечесине 248 киши чогулуп, баяндама башталгандан бир аз убакыт өткөндөн кийин, баягы киши ал жерге 100дөй кишини ээрчитип барган. Алардын арасында эркектер, аялдар, балдар, карылар, атүгүл ай-күнүнө жетип калган бир аял да болгон. Алар Эскерүү кечеси өткөрүлгөн мейманканага бир нече машине жалдап барышкан. Мейманкананын коопсуздук кызматкерлери көп кишини көргөндө чочулап, киргизбей койгон. Алар ушунча көп мусулмандын христиандардын кечесине келгенине аябай таң калышкан. Кечеге келгендер коопсуздук кызматкерлерге чакыруу баракчаларын көрсөткөндөн кийин, кызматкерлер аларды киргизип, кече өткөрүлгөн залга чейин коштоп барган. Эл жык-жыйма болгон залга алардын 60тайы киргизилген.

Бир нече күндөн кийин бир тууган баягы кишиге барып, туугандарына программа жаккан-жакпаганын сураган. Ал көптөрүнүн кечеге баргандан бир аз уялышканын, бирок барганда бир туугандардын аларды жылуу тосуп алып, кол алышып учурашканы аябай жакканын айткан. Бир тууган аны кийинки жекшембиде боло турган атайын баяндамага чакырган. Ал киши атайын баяндамага туугандарын, кошуналарын, баары биригип, 40тай кишини ээрчитип барган. Алар жыйналышка бүтөйүн деп калганда баргандыктан, аксакалдар баяндаманы дагы бир жолу айтууну чечишкен. Төрага баяндаманын темасын айтып, программанын максатын, анын ичинде эмне үчүн ыр ырдап, тиленерибизди кыскача түшүндүргөн. Ислам динин туткан ал адамдарга түшүнүктүү болушу үчүн, баяндамачы аларга тааныш сөздөрдү, мисалы, «Библия» дегендин ордуна «Ыйык Китеп», «Иисус» дегендин ордуна «Иса пайгамбар» деген сөздөрдү колдонгон.

Кийинчерээк бир аксакал ал кишинин үйүнө барып, «Кудайды уккула!» деген китепче менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Изилдөөгө 12 киши, анын ичинде бир нече аял жана балдар кошулган.

Автобустарга калтырылган адабияттар

Монголия: Жарчылар автобустарга адабият калтырып жатышат

Улан-Батордон (Монголия) чыккан автобустар өлкөнүн булуң-бурчуна катташат. Андай автобустардын жолу 48 саатка созулат. Жүргүнчүлөр, адатта, терезени карап же уктап кете берет. Негизи, монголиялыктар окуганды жакшы көрөт, бирок автобустарда жүргүнчүлөр үчүн эч кандай адабият жок. Сонгинохайрхан жыйналышындагы бир туугандар муну жакшы билгендиктен автобустун айдоочуларына барып, мындай деп айтышкан: «Биз сизге мобундай сонун китепти белек кылалы дегенбиз. Адатта, самолёттордо отургучтардын чөнтөктөрүнө окуганга адабият салып коюшат. Эгер кааласаңыз, жүргүнчүлөр жолду карай адабият окуп барышы үчүн, отургучтардын чөнтөктөрүнө салып койгонго адабият калтырып кете алабыз». Алардын сунушуна 8 айдоочу макул болуп, натыйжада 299 журнал, 144 китепче таратылган. Журналдардын жаңы саны чыкканда, эскилеринин ордуна жаңы сандарын алып барып беришкен.

Адашып барып алышкан

Азиянын бир өлкөсүндө эки аксакалга 8 жылдан бери жигердүү эмес болуп калган бир эжеге барып коюу тапшырылган. Алар аны эч качан көрбөгөндүктөн, ага телефон чалып, аны менен чоң базардагы дүкөнүнөн жолукмакчы болушат. Аксакалдар базардын башты чаташтырган катарларын аралап жүрүп, акыры, эженин дүкөнүнүн дарегине окшош дүкөнгө барганда, аларды бир аял тосуп алат. Үстөлдүн үстүндө Ыйык Китеп жаткан болот. Ал аялдын аты-жөнүн, туулган жерин, эки баласынын жаш-курагын сурагандан кийин жигердүү эмес эжени таптык деп ойлошот. Анан ага: «Биз сиздин бир туугандарыңызбыз, Жахабанын Күбөлөрүбүз»,— деп айтышат.

Ал аял аларды таң кала карап: «Мен христианмын»,— дейт. Аксакалдар анын ошентип айтканына бир кызыктай боло түшөт. Ошентсе да ага бир нече адабият беришет. Аял аябай ыраазы болуп, адабияттарды алып калат. Бирок аныкынан чыккандан кийин аксакалдар башка дүкөнгө кирип алышканын түшүнөт. Көрсө, алар 2 202-номурдагы эмес, 2 200-номурдагы дүкөнгө кирип алышыптыр. Ал аксакалдардын бири мындай деген: «Мага периштелер аркаман түртүп, ушул дүкөнгө киргиле деп жаткандай туюлган. Кызыктуусу, ал аялдын да, жигердүү эмес жарчынын да фамилиясы, туулган жери, балдарынын жашы окшош экен. Фамилиясы же туулган жери башкача болгондо, адашып барып алганыбызды дароо эле түшүнмөкпүз». Акыры, аксакалдар эки дүкөндөн кийинки дүкөнгө кирип, аларды күтүп отурган жигердүү эмес эжеге жолугушкан.

«Ушунча жылдан бери жигердүү эмес болсом да, Жахабанын мени унутпаганына аябай ыраазымын»

Алардын адашып калганынын аркасында берки аял Ыйык Китепти изилдеп, жыйналышка бара баштаган. Жигердүү эмес жарчы да жыйналышка барып, кызматка жигердүү катыша баштаган. Ал: «Ушунча жылдан бери жигердүү эмес болсом да, Жахабанын мени унутпаганына аябай ыраазымын»,— деген.

Аба ырайы бузулганда, SMS жазышат

Филиппин: Грег SMS жазып жатат

Грег менен Алмэ Филиппиндеги жарчыларга муктаждык көп жерге, Катандуанеске, көчүп барышкан. Ал тоолуу аймак болгондуктан, алар кээ бир аймактарына 19 километр жолду жөө басып барышат. Ал эми башка аралдарга барып кабар айтыш үчүн кайыкка түшүп алып, эки сааттай жол жүрүшөт. Жаан-чачындуу мезгилдерде эч жакка чыга албай калышат. Андайда үйдө жөн отура бербей, кабар айтуунун башка жолун издешет. Мисалы, аз акчага чексиз SMS жөнөтүүгө мүмкүндүк берген кызматтардан пайдаланып, SMS аркылуу кабар айтышат.

SMS жазганда Грег адегенде өзүн тааныштырат. Анан: «Мен сиз менен Ыйык Китептеги маалымат менен бөлүшөйүн дегем»,— деп жазат. Ал Жакан 17:3тү колдонуу натыйжалуу болорун байкаган. Аятты цитата кылгандан кийин: «Чыныгы Кудай деген ким? Иса Машаяк деген ким?» — деген эки суроону жазат да, жообун күтөт. Эгер жооп келсе, Забур 83:18ди жазат. Андан ары да жооп келсе, сөздү телефон аркылуу улантууну сунуштайт. Грег менен Алмэ мындай жол менен көптөр кабар угуп жатканын айткан.

Алар SMS жазган бир аял Ыйык Китеп тууралуу көп суроо бергендиктен, аны менен SMS аркылуу көпкө чейин сүйлөшүшкөн. Натыйжада изилдөө башталган. Ал билгендерин тууганына, чогуу иштешкен аялга айткандыктан, алар да изилдеп, акыры, үчөө тең чөмүлгөн.