Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тарых калп айтпайт»

«Тарых калп айтпайт»

«Тарых калп айтпайт»

Эстониянын мамлекеттик почто кызматы 2007-жылдын 14-июнунда оңдо көрсөтүлгөн почто маркасын чыгарган. Марканын эмне үчүн чыгарылганы: «Бул марка Эстонияда жашаган адамдардын айрымдарын тукум курут кылууну көздөгөн Сталиндин убагында каза тапкандардын жана жапа чеккендердин урматына чыгарылды»,— деген сөздөр менен түшүндүрүлгөн. Анткени 1941—1951-жылдары он миңдеген эстониялыктар өз өлкөсүнөн күч менен чыгарылган эле.

«ТАРЫХ калп айтпайт». Эстонияда эл оозунда айтылган ушундай сөз бар. Башка элдерде да ушу сыяктуу маанини камтыган сөздөр айтылып келет. Ырас, тарых көп нерсени тастыктап коёт. Албетте, биз өткөндү өзгөртө албайбыз, бирок андан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Акылман Сулайман падыша: «Мен ушунун баарын көрдүм, күн астында жасалып жаткан ар кандай иштерге дит коюп, адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келерин түшүндүм»,— деген (Насаатчы 8:9).

Ыйык Китептеги бул сөздөрдүн калетсиздигин ондогон жылдар мурун Эстонияда жана Чыгыш Европадагы көптөгөн өлкөлөрдө болгон окуялар тастыктап турат. Адам адамдын үстүнөн бийлик жүргүзгөндүгүнүн кесепетинен көп сандаган бейкүнөө адамдар өлкөсүнөн чыгарылган жана түрмөгө камалып, сүргүнгө айдалган.

Эстониялык тарыхчылардын айткандарына ылайык, 1941—1951-жылдары Эстониядан 46 000ден ашуун киши чыгарылган. Көптөр мындай адилетсиздикке саясий көз карашынан, улутунан же социалдык абалынан улам кабылышкан. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү болсо диний көз карашына бекем карманганынан улам ушундай жагдайга туш болушкан.

Кудайдан корккон адамдарды куугунтуктоо

Тарту университетинин басмаканасынан 2004-жылы басылып чыккан, эстониялык Айги Рахи-Тамм деген тарыхчынын эмгегинде мындай делген: «1948-жылдан 1951-жылга чейин 72 Жахабанын Күбөсү жана алар менен байланышкан адамдар камакка алынган. Бирок мындай иш-чаранын чоң масштабда жүргүзүлүшү ойлонуштурулган эле. 1951-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине караган түнү Балтика өлкөлөрүндөгү эле эмес, Молдавиядагы, Украинанын батышындагы жана Белоруссиядагы көптөгөн адамдар өлкөсүнөн чыгарылган».

1951-жылга чейин бийликтегилер Эстониядагы Жахабанын Күбөлөрүн камакка алып, коркутуп-үркүтүп, суракка алып, түрмөгө камап келишкен болчу. Алардын баарын өлкөдөн чыгаруу менен Эстонияда бир да Жахабанын Күбөсүн калтырбоону көздөшкөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн маркада 1951-жыл, 1-апрель деген дата жазылган. Маркадагы 382 деген сан ошол күнү өлкөдөн канча Жахабанын Күбөсү жана алардын балдары чыгарылганын билдирет. Ал санга Жахабанын Күбөлөрүнүн туугандарынын жана кошуналарынын да саны кирет. Ошол күнү Эстониядагы көп адамдар, жаш-карысы дебей, мал ташыган поездге күч менен салынып, Сибирге айдалган.

Жахабанын Күбөсү болгон Элла Тоом * ал убакта 25 жашта болчу. Ал ошол кезди эстеп, мындай дейт: «Суракка алган киши экинчи кабар айтпа деп коркуткандан кийин мага: „Жашагың келеби же Сибирге барып, Кудайың менен кошо өлгүң келеби?!“ — деди». Бирок Элла эр жүрөктүк менен кабар айтканын уланта берген. Ошентип, ал Сибирге айдалып, алты жылдай убакыт бою бир эмгек лагеринен экинчисине которулуп жүргөн.

Сурак-соту жок эле өлкөдөн чыгарылган жүздөгөн кишилердин арасында Жахабанын Күбөсү болгон Хиизи Лембер деген жаш келин бар болчу. Ал 1951-жылдын 1-апрелинде болгон окуяларды эскерип, мындай дейт: «Алар түн ичинде күтүүсүздөн кирип келип: „Түйүнчөгүңөрдү түйгөнгө жарым саатыңар гана бар, болгула!“ — деп буйрук бере сүйлөштү». Ошентип, караңгы түндө Хиизини алты жашар кызы менен алып кетип, поездге салып жиберишкен. Кыйчылдап жүргөн поезд улам бир бекетке токтоп, Жахабанын Күбөлөрүн чогултуп кете берген. «Бизди мал салган вагондорго тыгып коюшту. Дагы жакшы, малдын богу суукка тоңуп калыптыр. Антпесе, бутубузга тура алмак эмеспиз. Бизди мал жүктөгөндөй эле жүктөп кетип баратышты»,— деп кошумчалайт Хиизи.

Жүрөктүн сары суусун алган ал сапар эки жумага созулган. Вагондун ичи жык-жыйма, укмуш балит болгон. Жашын деле, карысын деле бирдей мазактап, аябай басынтышкан. Айрымдар капа болгонунан ыйлап, жүрөгүнө эч нерсе баспай калган. Бирок Жахабанын Күбөлөрү бири-бирин сооротуп, Кудай жөнүндө ырларды ырдап, колунда болгону менен бөлүшүп, бири-бирине аябай жардам беришкен. Аларга: «Барган жериңерден эч качан кайтып келбейсиңер, артка жол жок!» — деп айтышкан.

Хиизи ошондой оор учурда бир туугандардын камкордугун сезип, аларга абдан ыраазы болгону жөнүндө мындай деп эскерет: «Биздин поезд бир бекеттен Молдавиядан келаткан поезд менен катарлаш токтоп калды. Вагондун сыртынан бир киши биздин ким экенибизди, кайсы жакка баратканыбызды сурады. Биз ага кайсы жакка баратканыбызды билбей турганыбызды, Эстониядан келаткан Жахабанын Күбөлөрү экенибизди айттык. Молдавиядан келаткан поезддеги Жахабанын Күбөлөрү биздин сүйлөшкөнүбүздү угушуптур. Ошондо алар бизге вагондун ачык жеринен бир чоң нан менен бир нече кургатылган кара өрүк ыргытышты. Биз Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн баарында жашаган Жахабанын Күбөлөрүн алып баратышканын түшүндүк».

Өспүрүм курактагы Корина менен сиңдиси Ена апасы менен алты жылдай көрүшкөн эмес. Апрелдин ошол каргашалуу түнү ал эки өспүрүм кыз да мал жүктөгөн поездге салынган болчу. Алардын апасы да Жахабанын Күбөсү эле. Ал ошол күндөн бир аз мурунураак камалып, эмгек лагерине жөнөтүлгөн. Корина бир туугандардын ошондогу камкордугуна ыраазы болуп, мындай деп эскерет: «Поездге түшкөндө эки баласы бар бир ишенимдешибиз: „Мындан кийин баарыбыз чогуу болобуз“,— деп айтты».

Акыры поезд бара турган жерине жеткенде эмне болгон? Кычыраган суук кетпеген Сибирдин талаасына жеткендин эртеси күнү колхоздон кишилер келип, аларды иштетиш үчүн кул тандагандай эле тандашкан. Ошол учурду эстеп, Корина мындай дейт: «Бир нече кишинин кыжылдашып жатканын кулагыбыз чалып калды. Алардын бири бирөөнө: „Сен кече трактор айдай турган киши албадың беле, муну мен алам“,— десе, дагы бирөө: „Мен эки кары киши алдым, сен да кары кишилерден ал”,— деп жатты».

Корина менен Ена кайраттуу кыздар эле. Алар: «Апабызды аябай көргүбүз келип, куса болуп жүрдүк»,— дешет. Бирок ошондой кыйынчылыктарга карабай, алар Кудай менен болгон мамилесин бекем сакташкан. Ошондой эле тамашакөй болуп, оң маанайда болгонго аракет кылышкан. «Бир чети апамдын ошондо жаныбызда болбогону жакшы болуптур, анткени айрым учурларда түкүрүк жерге түшпөгөн суукта жука кийимчен эшикте иштеп калчубуз»,— деп кошумчалайт Корина.

Ооба, Эстониядагы жана башка жерлердеги көптөгөн бейкүнөө адамдар, алардын ичинде Жахабанын Күбөлөрү да адилетсиздикке кабылган. («Жеткен мыкаачылык» деген кутучаны карагыла.) Бирок Эстониядагы Жахабанын Күбөлөрү кордолуп, азап чегип келишсе да, учурда алар Кудайга ынтызарлык менен кызмат кылып, бактылуу жашап жатышат.

Алдыда эң сонун келечек күтүп турат

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын адилетсиздикти жек көрөрү айтылат. Ыйык Китептен: «Чынчыл эмес адамдардын баары Жахаба Кудайың үчүн жийиркеничтүү»,— деген сөздөрдү окуйбуз (Мыйзам 25:16). Жахаба Кудай жамандыктын болушуна жол берип келген, бирок ал адилетсиздик кылган ыймансыз адамдарды жакында жок кылат. Ыйык Китепте мындай делет: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:10, 11).

Ооба, бизди алдыда эң сонун келечек күтүп турат! Биз өткөндү өзгөртө албайбыз, бирок келечегибиз жакшы болушу үчүн, иш-аракет кыла алабыз. Кудай менен ынак мамиледе болсоңор, адилдик, бейкуттук өкүм сүргөн заманда жашай аласыңар! (Ышая 11:9).

[Шилтеме]

[28-беттеги кутуча]

«Жеткен мыкаачылык»

«Өлкөдөгү мыкаачылыкка туш болгон адамдардын канчалык азап тартканын... элестетүү кыйын... Миллиондогондордун жашоосу талкаланган. Адамдар „туура эмес“ иш менен алек болгону же „жаман тукумдан чыкканы“ үчүн эле сурак-соту жок атууга кеткен, сүргүнгө айдалган, эмгек лагерлерине жиберилген, жарандык укуктары тепселенген... Элестетсеңер, миллиондогон адамдарга жалган жалаа жабылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн» (ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ДМИТРИЙ МЕДВЕДЕВ, 2009-ЖЫЛ, 30-ОКТЯБРЬ).