Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Паракорчулук канчалык кулач жайды?

Паракорчулук канчалык кулач жайды?

«Биздин ишкана мамлекеттик жергиликтүү мекеме менен иштешет. Аларга кылып берген ишибиздин акысын алыш үчүн көп учурда эки-үч ай күткөнгө туура келет. Жакында эле ал мекемеде иштеген бир киши мага телефон чалып, эгер ага пара берсек, акчабызды эртерээк алып бере аларын айтты» (ЖОН *).

СИЛЕРДЕН кимдир бирөө пара сураган учурлар болду беле? Балким, жогорудагыдай жагдайга кабылган эместирсиңер, бирок паракорчулуктан жапа чеккен учурларыңар болгондур.

Паракорчулук менен күрөшкөн бир уюм 2011-жылы изилдөө жүргүзүп, 183 өлкөдө жана аймакта паракорчулуктун канчалык жайылганын көрсөтүш үчүн ар бирине балл берген *. Паракорчулук кеңири жайылган өлкөгө 0гө чейинки төмөнкү балл, ал эми паракорчулук жок дегенине 10го чейинки жогорку балл берген. Изилдөөнүн жыйынтыгында ошол 183 өлкөнүн жана аймактын көпчүлүгү 5тен төмөн балл алган. Ошол эле уюм ошондон эки жыл мурун, 2009-жылы, жүргүзгөн изилдөөсүндө «паракорчулук болбогон бир да өлкө жок экенин» билдирген («Transparency International»).

«Паракорчулук — пайда көрүү максатында бийликти кыянат колдонуу. Паракорчулук өмүрү, жашоосу, бактысы колунда бийлиги бар адамдын чынчыл болор-болбосунан көз каранды болгон ар бир адамды азапка салат» (TRANSPARENCY INTERNATIONAL).

Айрым учурларда пара алуунун же пара берүүнүн арты кесепеттүү болушу мүмкүн. Мисалы, «Тайм» деген журналда Гаитиде 2010-жылы болгон жер титирөөдөн каза болгондордун өлүмүнө «паракорчулук менен шалаакылык» да себеп болгону айтылган. Ошондой эле ал журналда: «Ал өлкөдөгү имараттардын көбү коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Имараттар пара берүү менен курулат»,— деп жазылган.

Паракорчулукту биротоло жок кылуу мүмкүнбү? Бул суроого жооп алыш үчүн, адегенде паракорчулуктун негизги себептерин карап чыгышыбыз керек. Бул кийинки макалада каралат.

^ 2-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

^ 4-абз. Ал уюм ар бир өлкөгө же аймакка ошол жерде жашаган адамдардын пара деп эмнени эсептээрине жараша балл берген.