Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Керемет жөнүндө эмне үчүн көбүрөөк билишибиз керек?

Керемет жөнүндө эмне үчүн көбүрөөк билишибиз керек?

Керемет жөнүндө эмне үчүн көбүрөөк билишибиз керек?

«Керемет илимдин принциптерине каршы келет» (РИЧАРД ДОКИНЗ, ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНИН МУРУНКУ ПРОФЕССОРУ).

«Кереметке толугу менен ишенсе болот. Ал динге карама-каршы келбейт, ошондой эле Кудайдын адам баласына болгон сүйүүсүн жана Кудайдын жаратуу ишин улантып жатканын далилдеп турат» (РОБЕРТ А. ЛАРМЕР, ФИЛОСОФИЯ ИЛИМИНИН ПРОФЕССОРУ).

СИЛЕР кереметке ишенесиңерби? Жогорудан көргөнүбүздөй, буга карата ар ким ар кандай ойдо. Ал эми силер бул суроого эмне деп жооп берет элеңер?

Дароо эле: «Ооба, ишенем»,— деп айтуу силерге кыйынга турушу мүмкүн. Балким, силер көпчүлүк адамдардай эле: «Минтип жооп берсем, башкалар мени ырымчыл же караңгы киши деп ойлоп калышы мүмкүн»,— деп кооптоноттурсуңар.

Же, тескерисинче, кереметтердин чынында эле болоруна бекем ишенишиңер мүмкүн. Ыйык Китепте айтылган көптөгөн кереметтерге, мисалы, Муса пайгамбардын Кызыл деңизди экиге бөлгөнүнө ишенеттирсиңер. Ошондой эле кереметтер биздин учурда да болоруна ишенет чыгарсыңар. Жакында чыккан бир отчётко ылайык, «Батыш өлкөлөрүндө жашагандардын басымдуу бөлүгү, алсак, Кошмо Штаттарда жашагандардын төрттөн үч бөлүгү жана британиялыктардын 38 пайызы кереметтерге ишенишет» («The Cambridge Companion to Miracles», Грэм Х. Твелфтри). Бирок кереметке христиан динин туткандар эле ишенишпейт. «Дүйнөдөгү диндер жөнүндөгү Британия энциклопедиясында» айтылгандай, «дээрлик бардык диндин өкүлдөрү» керемет болоруна ишенишет.

Же: «Билбейм, мага баары бир. Керемет болгонун эч качан көргөн эмесмин»,— дейт чыгарсыңар. Кандай деп ойлойсуңар, керемет жөнүндө эмне үчүн көбүрөөк билишибиз керек?

Бир мисалга токтололу. Силер айыккыс ооруга чалдыгып калдыңар деп коёлу. Эгер беделдүү медициналык журналдардын биринен ошол ооруну айыктыра турган жаңы ыкма тууралуу окуп калсаңар, анын чын-төгүнүн текшерип көрүүгө убакыт бөлбөй коёт белеңер? Ыйык Китепте жакында адамды таң калтырган кереметтер боло тургандыгы айтылат. Ал кереметтер жер шарында жашаган ар бир адамдын жашоосуна таасир этет. Андыктан ал кереметтерге ишенсе болор-болбосун билүү үчүн убакыт бөлүү маанилүү.

Бирок ал кереметтер эмне болгон кереметтер экендигин изилдеп көргөнгө чейин, келгиле, кереметтерге байланыштуу кеңири таралган үч көз карашка токтолуп көрөлү.

[3-беттеги кутуча]

КЕРЕМЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Керемет — адамдын акылына сыйбаган, табияттан тышкаркы күчтүн таасири менен болгон кубулуш.