Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ацтектер чыныгы Кудайды таанууда

Ацтектер чыныгы Кудайды таанууда

Ацтектер чыныгы Кудайды таанууда

«Ибадатканалар талкаланып күлгө айланган, адамдын колу менен жасалган кудайлар жок кылынган, ыйык китептер өрттөлгөн, анткен менен индейлер мурун сыйынып келген кудайларына сыйына беришкен» («The Ancient Mexican Cultures»).

АЦТЕКТЕРДИН мекени — Мексика. Алар башында кичинекей эле уруу болгон. Ацтектер Мексикага 13-кылымда көчүп барып, Перудагы инкалар менен теңтайлашкан империяга айланган. Бирок 1521-жылы испан баскынчылары ацтектердин империясынын баш калаасы болгон Теночтитланды басып алышкан. Империя кулаганы менен, ацтектердин науатль тили сакталып калган *. Мексиканын 15 штатында жашаган тургундардын дээрлик бир жарым миллиону ошол тилде сүйлөйт. Жогоруда Вальтер Крикеберг деген изилдөөчү белгилегендей, науатль тилинин унутулбаганы байыркы ацтектердин диний каада-салттары, ырым-жырымдары азыркы күнгө чейин сакталып калышына өбөлгө түзгөн. Ацтектер эмнелерге ишенишкен?

Үрөйдү учурган, көптөргө белгилүү диний ишенимдер

Ацтектердин адамды курмандыкка чалышканы көптөргө эле белгилүү. Алар күндү адамдын жүрөгү жана каны менен тамактандырып турбаса, өлүп калат деп ишенгендиктен адамдарды курмандыкка чалышчу. Диего Дуран деген бир кечилдин айтымында, 1487-жылы Теночтитланда чоң пирамида сымал ибадаткананын арноо аземинде төрт күндүн ичинде эле 80 000 киши курмандыкка чалынган.

Адамды курмандыкка чалуу испандыктар үчүн жийиркеничтүү болгон. Бирок алар ацтектердин айрым диний ишенимдери алардын католик дининдеги ишенимдерине окшош экенин көрүп таң калышкан. Алсак, католиктер дандан жасалган кудайларын жешкен, ацтектер болсо курмандыкка чалынган кишинин этин жешчү. Ацтектер да сыйынууда айкаш жыгач колдонушчу, ымыркайларды сууга чөмүлтүшчү, алардын өкүнгөнүн билдиргени католиктердикине окшош болчу. Өзгөчө ацтектер кыз Тонацинге, «кудайлардын энесине», сыйынганы менен католиктерге окшош болчу. Ацтектер кыз Тонацинди «биздин энебиз» деп айтышчу.

1531-жылы ацтектер Тонацин кудайына сыйынган дөңсөөдө бир ацтекке католиктер сыйынган кыз Гваделупа көрүнүп, ага науатль тилинде сүйлөгөн деп айтышат. Ошондон тартып ацтектер католик динине өтө башташкан. Анан ал дөңсөөгө Гваделупага арнап ибадаткана курушкан. Жыл сайын 12-декабрда науатль тилинде сүйлөгөн жүз миңдеген мексикалыктар ал ибадатканага барып сыйынып турушат.

Тоолуу өрөөндө жашаган науатль элинин өзүлөрүнүн ыйык колдоочуларына арналган толгон-токой майрамдары болгон. Алардын айрымдары бир нече күнгө, атүгүл бир нече жумага созулган. Бир китепте айтылгандай, алар католик чиркөөсүнүн ыйыктарына сыйынууга байланыштуу каада-салттарды испан баскынчысы Кортес басып алганга чейинки өздөрүнүн каада-салттары менен байланыштырышат («The Universe of the Aztecs»). Науатль тилинде сүйлөгөн элдердин арасында спиритизм да кеңири жайылган. Алар кайсы бир ооруга чалдыкканда ар кандай ырым-жырымдар менен дарылаган, курмандыкка мал чалган эмчи-домчуларга кайрылышат. Науатль элинин көбү сабатсыз: испанча да, науатль тилинде да окуганды билишпейт. Өздөрүнүн ушундай үрп-адаттарына, ырым-жырымдарына бекем кармангандыктан жана жакыр болгондуктан коомчулук аларды караңгы кишилер катары көрүп, басынтат.

Ыйык Китептеги чындык ацтектерге жетүүдө

Көп жылдан бери Мексикадагы Жахабанын Күбөлөрү «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» бардык адамдарга жеткирүүгө умтулуп келатышат (Матай 24:14). 2000-жылы Мексикадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы науатль тилинде сүйлөгөндөргө эне тилинде кабар айтуу үчүн жана испан тилинде өткөрүлгөн жыйналышка барып жүргөндөргө науатль тилинде жыйналыш уюштуруу үчүн чара көрө баштаган. Алсак, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды науатль тилине которуш үчүн котормо тобу түзүлгөн. Ошондой эле науатль тилинде сүйлөгөн адамдарга окуганды жана жазганды үйрөтүш үчүн күч-аракет жумшалган. Андай иш-аракеттердин натыйжасы кандай болгон? Келгиле, айрымдардын айткандарын карап көрөлү.

Науатль тилинде сүйлөгөн бир эже Ыйык Китепке негизделген баяндаманы биринчи жолу эне тилинде укканда кандай сезимде болгонун бөлүшүп мындай дейт: «Биз испан жыйналышына он жылдан бери барып жүрдүк, ал тилди жакшы түшүнбөгөндүктөн жыйналышта отурганда башыбыз ооруп кетчү. Бирок эне тилибиздеги жыйналышка бара баштаганда көзүбүз ачылгандай эле болду!» Ал эми алтымышка чыгып калган Жуан аялы, бала-чакасы менен Ыйык Китепти изилдеп, сегиз жылдан бери жыйналыштарга барып жүрсө да, үй-бүлөсү менен эч кандай ийгилик жасашкан эмес. Бирок Жуан Ыйык Китепти науатль тилинде изилдей баштагандан бир жыл өтүп-өтпөй эле Жахабанын Күбөсү болгон.

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай, Ыйык Китептеги кабарды испан тилинде уккандар анын маанисин толук түшүнүшчү эмес. Ал эми эне тилинде өткөрүлгөн жыйналыштарга, жыйындарга барып, адабияттарды өзүлөрүнүн тилинде окуй баштагандан тартып Ыйык Китептеги чындыкты толук түшүнүп, андагы осуяттарды жакшы аткара башташкан.

Куугунтуктарга чыдоо

Науатль тилинде сүйлөгөн Жахабанын Күбөлөрү кыйынчылыктарга кабылбай койгон эмес. Мисалы, диний майрамдарга катышпагандыктан аларга кысым көрсөтүлгөн. Сан Агустин Оапандагы Жахабанын Күбөлөрүнө үйдөн үйгө кабар айтууга тыюу салынган. Анткени ал жерликтер эл майрамга акча бербей калат деп коркушкан. Бир жолу Флоренцо бир нече ишенимдеши менен кабар айтып жүргөндө, алардын үчөөнү кармап кетишет. Жыйырма мүнөттүн ичинде эле бир топ эл чогулуп, аларды эмне кылууну ойлой башташат.

Флоренцо мындай дейт: «Алар бизди ошол жерден эле күм-жам кылып салууну ойлошкон. Айрымдары колу-бутубузду байлап, сууга ыргытып жиберүүнү айтышты. Түнү бою түрмөдө жаттык. Эртеси бизге жардам бериш үчүн үч ишенимдешибиз келди, алардын бири жактоочу болчу. Бирок аларды да камап коюшту. Акыр-аягы бийликтегилер бизге шаардан кетсеңер, коё беребиз деп шарт коюшту». Ушундай кыйынчылыктарга карабай бир жыл өткөндөн кийин ал жерде жыйналыш уюштурулган. Жыйналышка 17 Жахабанын Күбөсүнөн сырткары 50 киши барып турат.

Коапалада жашаган Альберто деген Жахабанын Күбөсүн жергиликтүү майрамга катышууга чакырышкан. Ал майрамга барбай турганын айтканда, аны түрмөгө камап салышкан. Жергиликтүү эл чогулуп, айрымдар Альбертонун динин кабыл алгандарды жана жергиликтүү каада-салттарды четке каккандарды коркутуш үчүн аны асып салыш керек деп кыйкырышкан. Альбертону бошотуш үчүн келген ишенимдештерин да камап коюшкан. Аларды бир жумага созулган майрам аяктагандан кийин гана коё беришкен. Каршылыктар улам күчөй бергендиктен, Жахабанын Күбөлөрү жергиликтүү бийликтегилерден жогору турган бийликтегилерге кайрылышкан. Мунун аркасында куугунтукка бөгөт койгон мыйзам чыккан. Кызыктуусу, Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгып жүргөн киши Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алып, кыска убакыттын ичинде эле Жахабанын Күбөсү болгон. Азыр ошол шаарда жыйналыш бар.

Түшүм бышып калды

Науатль тилинде сүйлөгөн адамдардын арасында Кудай жөнүндөгү чындыкты уга тургандар көп болгондуктан, айрым Жахабанын Күбөлөрү ал тилди үйрөнүп жатышат. Бирок наутль тили үйрөнүү оңой эмес. Башкалар науатль элин басынткандыктан, алар эне тилинде сүйлөгөндөн уялышат. Ошондой эле науатль тилинин диалекттери көп.

Убактысынын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнаган Соня деген Жахабанын Күбөсү ал тилди үйрөнгөнгө максат койгон. Ага эмне түрткү берген? Соня мындай дейт: «Менин үйүмө жакын жерде науатль тилинде сүйлөгөн, башка жактан келген 6000дей киши иштейт. Башкалар аларды аябай басынтышат. Алардын акыбалын көрүп жаның кейийт, бир кезде алар башка элдердин катарындагы эле элдерден болчу. Биздин маданиятыбыз ошол элден келип чыккан. Биз аларга 20 жылдан бери испан тилинде кабар айтып келгенбиз, бирок алар испанча жакшы билбегендиктен кабарга анча деле кулак кагышчу эмес. Ал эми науатль тилинде бир нече эле сөздү үйрөнүп, алар менен сүйлөшкөнүмдө, мени тегеректеп алып кабарды жакшы угушту. Алардын бирине: „Мен сизге окуганды, жазганды үйрөтөйүн, сиз болсо мага науатль тилин үйрөтүңүз“,— дедим. Азыр алар мени „тилчи эже“ дешет. Бул жерде өзүмдү миссионердей эле сезем». Учурда ал жерде жыйналыш бар.

Науатль тилин үйрөнгөнгө аракет кылып жаткандардын дагы бири — Марисела. Ал жетимиш жаштагы Феликс деген ата менен Ыйык Китепти испан тилинде изилдечү. Марисела науатль тилин жакшыраак билип калганда атага Ыйык Китептеги чындыкты анын эне тилинде түшүндүрүп бере баштаган. Мунун натыйжасы эң сонун болгон. Бир жолу ал киши: «Жахаба Кудайга науатль тилинде тиленсем, мени угабы?» — деп сураган. Марисела Жахабага бардык тилдерде кайрылса болорун айтканда, ал абдан кубанган. Ата, бир жарым сааттык жолду жөө басканга туура келсе да, жыйналыштарды калтырбайт. Ал азыр Жахабанын Күбөсү. Марисела кубанычы менен бөлүшүп: «Жакшы кабарды ар улуттагы адамдарга таратууда периштелер менен кызматташып жатканым үчүн өзүмдү аябай бактылуу сезем!» — дейт (Аян 14:6, 7).

Науатль элинин арасында Кудай жөнүндөгү чындыкты билгиси келген адамдар көп (Жакан 4:35). Жахаба Кудай бардык улуттагы адамдарды, анын ичинде бүгүнкү күндөгү жүрөгү таза ацтектерди да өзүнүн уюмуна билим алганга чакыра берсин деп тиленебиз (Ышая 2:2, 3).

[Шилтеме]

^ 3-абз. Науатль тили ют-ацтек тилдерине кирет. Ал тилде Түндүк Америкада жашаган хопи, шошоне, команче уруулары сүйлөйт. Авокадо, шоколад деген сөздөр науатль тилинен келип чыккан.

[13-беттеги сүрөт]

АЦТЕКТЕР ОТУРУКТАШКАН ЖЕРЛЕР

150 000

1 000ДЕН АЗ

МЕХИКО ШААРЫ