Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мен сени унутпайм»

«Мен сени унутпайм»

Кудайга жакындагыла

«Мен сени унутпайм»

ЖАХАБА Кудай чынында эле өз элине кам көрөбү? Анын аларга болгон сүйүүсү канчалык күчтүү? Бул суроолордун жообун Кудайдын Сөзүнөн гана таба алабыз. Ыйык Китепте Жахабанын өз элине карата кандай сезимдерди туяры айтылат. Келгиле, Ышая китебинин 49-бөлүмүнүн 15-аятында айтылгандарга кененирээк карап чыгалы.

Жахаба Кудай өз элине карата кандай сезимдерди туярын билдирүү үчүн Ышая пайгамбарга жүрөк козгоорлук мисалды жаздырган. Ал мисалынын башында: «Аял эмчектеги баласын унутабы? Курсагында көтөрүп жүргөн уулуна боор оорубай коёбу?» — деген ойлондурарлык суроолорду берет. Мунун жообу айдан ачык. Эне эмчектеги баласын кантип эле унутуп калсын? Ымыркай толугу менен энесинен көз каранды. Эне баласына мээримин төгүп, күнү-түнү кам көрөт. Баласы кичине эле кыңкыстаса, энеси үстүнө үйрүлүп түшө калат. Бирок Жахаба Кудай ушул суроолорду берүү менен көп нерсени ачып бергиси келген.

Эне эмне үчүн баласын эмизип, ага кам көрөт? Баласы ыйлабай басылып калышы үчүн элеби? Албетте, жок. Ал тогуз ай «көтөрүп жүрүп» төрөгөн баласына «боор ооруйт». «Боор ооруу» деп которулган еврей сөзү «кайрымдуулук кылуу» деп да которулат (Чыгуу 33:19; Ышая 54:10). Бул сөз жардамга муктаж, алсыздарга боор ооруу менен мамиле кылуу дегенди билдирет. Ырас, эненин сүйүүсү абдан күчтүү экенин билебиз.

Өкүнүчтүүсү, бардык эле энелер мээримине муктаж болуп турган өз баласына боор оору менен мамиле кыла беришпейт. Кудай Сөзүндө эненин да өз ичинен чыккан баласын «унутушу мүмкүн» экени айтылган. Биз «ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн» адамдар барган сайын көбөйүп бараткан заманда жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1—5). Кээде баласын карабаган, ага таш боор мамиле кылган, атүгүл жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткен энелер жөнүндө угуп калабыз. Бир эмгекте Ышая 49:15те жазылгандарга карата мындай делген: «Энелер, башка адамдардай эле, күнөөлүү, жеткилеңсиз. Кээде алардын өзүмчүлдүгү баласына болгон сүйүүсүнөн да күчтүү болуп кетет. Ооба, атүгүл дүйнөдөгү эң күчтүү деп эсептелген эненин сүйүүсү да муздап калышы мүмкүн».

Ал эми Жахаба Кудай бизди: «Мен сени унутпайм»,— деп ынандырат. Анын Ышая 49:15-аяттагы суроолордун мааниси эми түшүнүктүүрөк боло баштады деп айтсак болот. Жахаба Кудайдын берген суроолорунан өзүнүн сүйүүсү менен эненин сүйүүсүн салыштырбаганын, тек гана сүйүүсүнүн канчалык күчтүү экенин көрсөткүсү келгенин биле алабыз. Жахаба Кудай, эненин сүйүүсүнө муктаж болгон ымыркайына мээримин төкпөгөн жеткилеңсиз энеден айырмаланып, өз кызматчыларын эч качан унутпайт жана аларга дайыма кам көрүп, мээримин төгө берет. Ышая 49:15-аятка аныктама берилген жогорудагы бир эмгекте: «Бул Байыркы Келишимде Кудайдын сүйүүсү кандай экенин көрсөтүш үчүн колдонулган күчтүү сөздөрдүн эң эле күчтүүсү болбосо да, алардын бири болуп эсептелет»,— деп кошумчаланат.

Кудайдын бизге боорукердик менен мамиле кыларын билүү бизди жубатып, бекемдейт (Лука 1:78). Кудайга кантип жакындаса болорун билгиңер келеби? Өзүнүн кызматчыларын чындап сүйгөн Кудай: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада берген (Еврейлер 13:5).

ФЕВРАЛДА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Ышая 43—62-бөлүмдөр