Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Падышачылыгың... бекем болот»

«Падышачылыгың... бекем болот»

Кудайга жакында

«Падышачылыгың... бекем болот»

2 ШЕМУЕЛ 7:1—16

АДАМЗАТ тарыхында бийликтен кулатылган башкаруучулар көп болгон. Айрымдары бийликтен көпчүлүктүн каалоосу менен кетсе, башкалары күч менен алынган. Ал эми Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяк жөнүндө эмне айтууга болот? Кудай дайындаган Падышага бийлик кылууга эмне тоскоолдук кыла алат? Бул суроолорго Жахабанын Дөөтү падышага айткан 2 Шемуел китебинин 7-бөлүмүндө жазылган сөздөрүнөн жооп табууга болот.

7-бөлүмдүн башында Дөөтүнүн өзүнүн заңгыраган үйдө жашаганын, Кудайдын келишим сандыгы болсо чатырда турганын ойлоп капаланганы тууралуу айтылат *. Ошондуктан ал Жахабага арнап үй, тагыраак айтканда, ибадаткана кургусу келет (2-аят). Бирок Жахаба Натан пайгамбар аркылуу ибадаткананы Дөөтү эмес, анын уулу курарын айтат (4, 5, 12, 13-аяттар).

Жахаба Дөөтүнүн ага чын ниеттен үй кургусу келгенин көрүп кубанган. Анын ынтасына жооп кайтарып жана пайгамбарлык аткарылышы үчүн, Кудай Дөөтүгө тукумунан түбөлүккө бийлик жүргүзө турган мурасчы чыгарын убадалап, аны менен келишим түзгөн. Жахаба Кудай Дөөтүгө Натан пайгамбар аркылуу: «Менин алдымда сенин тукумуң жана падышачылыгың түбөлүккө бекем болот, тагың түбөлүккө турат»,— деген убада берген (16-аят). Дөөтүнүн тагына отуруп, түбөлүккө ким бийлик жүргүзмөк? (Забур 88:21, 30, 35—37).

Назареттик Иса Дөөтүнүн тукумунан чыккан. Анын төрөлүшүн Мариямга кабарлаган периште: «Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет. Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө падышалык кылат, анын падышалыгынын чеги болбойт»,— деп айткан (Лука 1:32, 33). Ошентип, Дөөтүнүн тагына отуруп, түбөлүккө бийлик жүргүзө турган Падыша Иса Машаяк экени айкын болгон. Ага түбөлүккө башкарууга адамдар эмес, падышалыкты убада кылган Жахаба Кудай укук берген. Мындан көрүнүп тургандай, Кудай убадаларын дайыма аткарат (Ышайа 55:10, 11).

2 Шемуел китебинин 7-бөлүмүнөн эки маанилүү ойду баса белгилесек болот. Биринчиден, Иса Машаякка бийлик жүргүзүүгө эч ким жана эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Андыктан анын Кудайдын эркин, асмандагыдай эле, жерде да толугу менен аткарарына шектенбесек болот (Матай 6:9, 10).

Экинчиден, ал билдирүү Жахаба жөнүндө жүрөк козгоорлук маанилүү ойду ачып берет. Жахаба Дөөтүнүн жүрөгүн көрө билген жана анын ынтасын баалаган. Демек, ал биздин да жүрөгүбүздү көрө билип, чын ниеттен көрсөткөн ынтабызды баалайт. Кээде өзүбүздөн көз каранды болбогон жагдайлардан улам, алсак, жашыбыз өтүп бараткандыктан же ден соолугубуздун начарлашынан улам Кудайга оюбуздагыдай кызмат кыла албай калышыбыз мүмкүн. Андайда бизди Жахабанын жүрөгүбүздөгү ага кызмат кылууга болгон күчтүү каалообузду да көрө билери жубатат.

[Шилтеме]

^ 5-абз. Келишим сандыгы Жахабанын буйругу менен анын көрсөтмөсү боюнча жасалган ыйык сандык болчу. Ал байыркы ысрайыл элине Жахабанын алар менен экенин билдирип турган (Чыгуу 25:22).