Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тандай турган убак бар

Тандай турган убак бар

Тандай турган убак бар

«Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты» (Башталыш 1:27).

ЫЙЫК Китептин алгачкы беттериндеги көпчүлүккө тааныш ушул сөздөр Кудайдын Адам менен Обону, жеткилең жубайларды, жарык дүйнөгө жаратып, «өз убагында сонун кылып жасаган» керемет иштерин көрсөтүп турат (Насаатчы 3:11). Жахаба Кудай Жараткан катары аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла»,— деген (Башталыш 1:28).

Кудай ушул сөздөрдү айтуу менен биринчи жубайларга өзүнүн ой-ниетин ачып берген. Алар укумдап-тукумдап жер бетине көбөйүп, өзүлөрүнүн жана келечектеги балдарынын үйү болгон Жер планетасын бейишке айландырып, ага кам көрүшү керек болчу. Жахаба Кудай алардын өмүр-жашын чектеген эмес. Тескерисинче, аларга түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгүн берген. Эгер жубайлар Кудайга баш ийүүнү тандап, аны менен жакшы мамиледе болушса, тынчтыкта түбөлүккө бактылуу болуп жашай алышмак.

Бирок алар башка жолду тандап алышкан. Натыйжада адамзат карылык менен өлүмдүн тузагына түшкөн. Байыркы заманда жашаган Аюб пайгамбар: «Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон»,— деп таамай айткан (Аюб 14:1). Көйгөйдүн тамыры эмнеде эле?

«Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кетирген»,— делет Ыйык Китепте (Римдиктер 5:12). Кудайдын ачык-айкын буйругуна билип туруп баш ийбей, дүйнөгө күнөө киргизген «бир киши» Адам ата экени айтпаса да түшүнүктүү (Башталыш 2:17). Туура эмес жолду тандагандыктан Адам ата бейиште түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Ошондой эле анын айынан укум-тукуму да түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылып, күнөө менен өлүмгө моюн сунушкан. Алар бардык нерседен кол жууп калгандай сезилген. Чынында эле ошондой болду беле?

Бардыгын жаңыланта турган убак бар

Миңдеген жылдар өткөндөн кийин забурчу Кудайдын шыктандыруусу менен: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— деп жазган (Забур 36:29). Кудайдын Эйден багында берген убадасы сөзсүз аткарылат. Анын жакында эмнелерди кылары Ыйык Китепте эң сонун сүрөттөлүп, бизди Эйден багында берген убадасынын аткарыларына ынандырат. Ыйык Китептен: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти... Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— дегенди окуйбуз (Аян 21:4, 5).

Ар бир нерсенин өз убагы болгондуктан: «Бардыгын жаңыланта турган убак качан келет жана Кудайдын кереметтүү убадалары качан жүзөгө ашат?» — деген суроо пайда болбой койбойт. Ушул журналды чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп аталган убакта, ошондой эле Кудайдын «бардыгын жаңы жаратуу» үчүн иш-аракет кылуу убагы келип калган маалда жашап жатканыбызды жарыялап жатышат (2 Тиметей 3:1). Биз силерди Ыйык Китепти изилдеп, силер да жашай ала турган эң сонун келечек жөнүндө билүүгө чакырабыз. Ошондой эле: «Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла»,— деген чакырыкты кабыл алууга үндөйбүз (Ышайа 55:6). Силердин өмүрүңөр жана түбөлүк келечегиңер тагдырдын колунда эмес, өз колуңарда!

[8-беттеги сүрөт]

«Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам»