Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

Кудайга кызмат кылууда болгон маанилүү окуялар

Кудайга кызмат кылууда болгон маанилүү окуялар

1947-жылы Эль-Сальвадордогу Санта-Ана шаарчасында католиктердин дин кызматчылары Жахабанын Күбөлөрүнө бут тосууга аракет кылышкан. Бир жолу бир туугандар «Күзөт мунарасын» изилдөөнү өткөрүп жатканда, жаш балдар эшиги ачылып турган миссионерлер үйүн чоң таштар менен ургулашты. Анан дин кызматчылар топ кишини ээрчитип келишти. Алардын айрымдары шамана, башкалары болсо айкел-буркандарын көтөрүп алышыптыр. Алар үйдү эки саат бою таштар менен ургулап: «Жашасын Мариям! Жахаба өлсүн!» — деп кыйкырып жатышты. Алар муну миссионерлерди коркутуп-үркүтүп, шаарчадан кетирүү максатында кылышкан. 67 жыл мурун өткөрүлгөн ошол жыйналыш жолугушуусуна катышкан миссионерлердин арасында мен да бар болчумун *.

ОШОЛ окуя болордон эки жыл мурун шеригим Эвлин Трейберт экөөбүз Нью-Йорк штатындагы Итака шаарында өткөрүлгөн Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 4-классын бүтүргөнбүз. Анан Санта-Анага дайындалганбыз. Бирок дээрлик 29 жылга созулган миссионердик кызматым тууралуу кыскача айтып берерден мурун эмне үчүн кызматтын ушул түрүн тандаганымды айтып берейин.

РУХИЙ МУРАСЫМ

Ата-энем Жон жана Ева Олсон АКШнын Вашингтон штатындагы Спокан шаарында жашачу. Мен 1923-жылы ошол шаарда төрөлгөм. Ата-энем лютерчиликти жактаганы менен, сүйүүнүн Кудайынын адамдарды тозок отунда кыйнай турганы жөнүндөгү окууга ишенчү эмес (1 Жкн. 4:8). Бир жолу атам менен наабайканада чогуу иштеген киши аны Ыйык Китепте адамдардын тозокто кыйналары айтылбай турганына ынандырат. Көп өтпөй ата-энем Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштайт жана адам өлгөндөн кийин эмне болору тууралуу Ыйык Китеп чынында эмнеге окутарын түшүнөт.

Мен анда 9 жашта болсом да, ата-энемдин Ыйык Китептеги жаңы тапкан чындык тууралуу  шыктануу менен айтып жатканы али эсимде. Алар чыныгы Кудайдын аты Жахаба экенин, башты маң кылган Үчилтик окуусу жалган экенин билгенде ого бетер күйүп-жанышкан. Мен да Ыйык Жазмадагы ал окууларды жан-дилиме сиңирип, эркин кыла турган чындыкты таанып-биле баштадым (Жкн. 8:32). Ыйык Китепти изилдөөдөн эч качан тажачу эмесмин, андан дайыма кубаныч алчумун. Уялчаак болсом да, ата-энем менен чогуу кабарга чыкчумун. Алар 1934-жылы чөмүлүштү. Мен болсо 1939-жылы 16 жашымда чөмүлүп, алардын катарына кошулдум.

Ата-энем менен Сент-Луисте болгон жыйында (Миссури штаты, АКШ)

1940-жылы жайында үйүбүздү сатып, үчөөбүз тең Айдахо штатындагы Кёр-д’Аленде пионер катары толук убактагы кызматты баштадык. Биз машине оңдоочу жайдын үстүндөгү ижарага алынган үйдө жашадык. Ал жерде жолугушуулар да өткөрүлчү. Ошол кезде саналуу эле жыйналыштардын Падышалык залдары бар болчу, андыктан көптөр жолугушууларды үйлөрдө же ижарага алынган бөлмөлөрдө өткөрө турган.

1941-жылы ата-энем менен Миссури штатындагы Сент-Луис шаарында өткөн жыйынга катыштым. Жекшемби «Балдардын күнү» болгондуктан, 5тен 18 жашка чейинки балдар сахнанын маңдайына отурдук. Рутерфорд бир тууган баяндамасын айтып жатканда балдарга кайрылып: «Кудайга жана ал дайындаган Падышага баш ийүүнү каалаган балдардын баары, ордуңардан тургулачы!» — деди. Биз баарыбыз турдук. Ошондо Рутерфорд бир тууган үнүн бийик чыгарып: «Мына, Падышалыктын дагы 15 000ден ашуун жаңы жарчысы!» — деп айтты. Ошол окуядан кийин пионердик кызматты өмүр жолу кылып алууга бел байладым.

ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДҮН ДАЙЫНДООЛОРУ

Сент-Луистеги жыйындан кийин бир нече ай өткөндө үй-бүлөбүз менен Калифорниянын түштүгүнө көчүп кеттик. Ал жактагы Окснард шаарында бизге жыйналыш уюштуруу иши тапшырылды. Биз бир эле керебети бар чакан авточиркемеде жашадык. Мен тамак ичкен үстөлдө уктачумун. Ал «керебетим» мурунку керебетимен бир топ айырмаланар эле.

Биз Калифорнияга жетерде, Жапония 1941-жылы 7-декабрда Гавайидеги Пёрл-Харборго кол салган. Кийинки күнү Кошмо Штаттар Экинчи дүйнөлүк согушка кошулган. Бийликтегилер электр жарыгын колдонбоону буйругандыктан, биз түндө бүт жарыкты өчүрүп салчубуз. Караңгылык Калифорниянын жээгинде сүзүп жүргөн Жапониянын суу астында жүрүүчү кемелерине материктегилерге кол салууга тоскоолдук кылган.

Бир нече айдан кийин, 1942-жылы сентябрда, Огайо штатындагы Кливленд шаарында өткөн «Жаңы дүйнөнүн теократиялык жыйынына» катыштык. Ал жыйындан Нейтан Норр бир туугандын «Тынчтык узакка созулабы?» деген баяндамасын уктук. Норр бир тууган Аян 17-бөлүмдөгү «мурун бар болгон, азыр жок, бирок жакында түпсүз туңгуюктан чыга» турган «жырткыч» жөнүндө жазылгандарды талкуулады (Аян 17:8, 11). Ал «жырткычтын» 1939-жылы ишин токтоткон Улуттар Лигасын билдирерин түшүндүрдү. Ыйык Китепте Улуттар Лигасы кайра калыбына келип, салыштырмалуу тынчтык орной турганы алдын ала айтылган. Анан айтылгандай эле, 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш соңуна чыккандан кийин, «жырткыч» Бириккен Улуттар Уюму катары кайра пайда болгон. Ошондон кийин Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп, алардын саны болуп көрбөгөндөй өскөн!

Гилат мектебинен алган дипломум

Ошол пайгамбарлык мага алдыда боло турган окуяларды көрө билгенге жардам берди. Кийинки жылы Гилат мектеби башталары кулактандырылганда, миссионер болгум келип калды.  1943-жылы Орегон штатындагы Портленд шаарына пионер болуп дайындалдым. Ал кезде биз үйдөн үйгө кабар айтууда патефондорду колдончубуз, анан үй ээсине Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жазылган адабияттарды сунуштачубуз. Мен ошол жыл бою миссионердик кызмат тууралуу ойлонуп жүрдүм.

1944-жылы сүйүктүү досум Эвлин Трейберт экөөбүз Гилат мектебине чакырылганда төбөм көккө жете сүйүндүм. Ал жактан нускоочулар Ыйык Китепти изилдөөдөн кантип кубаныч алса болорун беш ай бою көрсөтүп беришти. Алардын момундугу бизге аябай таасир этти. Тамактанганыбызда алар кээде официант болуп кызмат кылышар эле. Ошентип, 1945-жылы 22-январда мектепти бүтүрдүк.

МИССИОНЕРДИК КЫЗМАТЫМДЫН БАШТАЛЫШЫ

Эвлин экөөбүз Лео жана Эстер Мейхен деген жубайлар менен бирге Эль-Сальвадорго дайындалдык. Биз ал өлкөгө 1946-жылы июнда бардык. Ал жакта «эгин оргонго даяр болуп, бышып калыптыр» (Жкн. 4:35). Сөзүмдүн башында айтылган окуядан ал жердеги диний жетекчилердин канчалык каары кайнаганы көрүнүп турат. Ошондон бир жума мурун эле биз Санта-Анада эң биринчи райондук жыйын өткөргөн болчубуз. Жалпыга арналган баяндамага элдин баарын чакыргандыктан, жыйынга 500гө жакын киши келген эле. Диний жетекчилердин жоругунан коркуп, шаарчадан кетип калмак тургай, биз ошол жерде калып, жүрөгү таза адамдарга жардам берүүгө мурдагыдан да чечкиндүү болуп калганбыз. Диний жетекчилер элди Ыйык Китепти окубаганга үндөсө да жана Ыйык Китеп аз эле кишиде болсо да, чындыкты билгиси келгендер көп болчу. Алар биздин чыныгы Кудай Жахаба жөнүндө жана анын жер бетин бейишке айлантууга байланышкан убадалары тууралуу айтып берүү үчүн испан тилин үйрөнүп жатканыбызга абдан ыраазы болушчу.

Биздин класстан бешөөбүз Эль-Сальвадорго дайындалганбыз. Солдон оңго: Эвлин Трейберт, Милли Брашьер, Эстер Мейхен, мен, Лео Мейхен

Роза Асенсио мени менен Ыйык Китепти изилдегендердин алгачкыларынан эле. Изилдөөнү баштагандан кийин ал өзү менен чогуу жашап жүргөн кишиден бөлүнгөн. Кийинчерээк ал киши да Ыйык Китепти изилдей баштаган. Анан алар никеге туруп, чөмүлүп, Жахабанын ынталуу кызматчыларынан болушкан. Роза Санта-Анадан чыккан алгачкы пионер болчу *.

Анын чакан дүкөнү бар эле. Кызматка чыгарда Жахабанын кам көрөрүнө толук ишенип, дүкөнүн жаап койчу. Бир нече сааттан кийин дүкөнүн ачканда, кардарлар агылып келчү. Ошентип, ал Матай 6:33төгү сөздөрдүн калетсиз экенине өз тажрыйбасынан улам ынанган. Роза өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактады.

Бир жолу жергиликтүү дин кызматчы бизге, алты миссионерге, үйүн ижарага берген кишиникине келип, ага бизди үйүнөн кетирбесе, аялы экөө тең чиркөөдөн чыгарыларын эскертти. Бизге үйүн ижарага берип жүргөн ал киши белгилүү ишкер болчу. Ал мурун эле диний жетекчилердин иштерине нааразы болуп, иренжип жүргөндүктөн кысымга алдырган жок. Атүгүл диний жетекчиге чиркөөдөн чыгарыларына каршы эмес  экенин айтты. Анан бизди аныкында каалашыбызча жашай берсек болоруна ынандырды.

КАДЫР-БАРКТУУ КИШИНИН ЖАХАБАНЫН КҮБӨСҮ БОЛУШУ

1955-жылы курулган филиал

Өлкөнүн борбор калаасы Сан-Сальвадордо дагы бир миссионер Балтасар Перла деген инженердин аялы менен Ыйык Китепти изилдечү. Балтасар ниети таза киши болчу, бирок диний жетекчилердин эки жүздүүлүгүнөн улам Кудайга ишенбей калган эле. Ал чындык жолуна түшө элек болсо да, Бейтелдин долбоорун түзүүгө жана аны курууга акы албай жардам берүүнү сунуш кылган.

Ошол курулуш ишинде Жахабанын эли менен кызматташкандан кийин Балтасар чыныгы динди тапканына ынанган. Ал 1955-жылы 22-июлда, ал эми жубайы Паулина андан көп өтпөй чөмүлгөн. Алардын уулу да, кызы да Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатышат. Уулу Балтасар Кенже Бруклиндеги Бейтелде 49 жыл кызмат кылып, дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишине колдоо көрсөтүп келди. Азыр болсо Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү катары кызмат кылууда *.

Сан-Сальвадордо облустук жыйындар өткөрүлө баштаганда, Перла бир тууган бизге чоң гимназиянын имаратын колдонууга жардам берди. Башында биз ал гимназиянын кичинекей эле жерине батып кетчүбүз. Бирок Жахабанын батасы менен жылдан жылга көбөйө бергендиктен, кийин ал имарат тардык кыла баштады. Баарыбызга кубаныч тартуулаган ошол жыйындарда мурун Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген кызыгуучулар менен жолугуп турчумун. Алар «неберелеримди», башкача айтканда, өздөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, жаңы чөмүлгөндөрдү мени менен тааныштырганда, канчалык сүйүнгөнүмдү элестетсеңер!

Френц бир тууган жыйында миссионерлер менен сүйлөшүп жатат

Бир жолу жыйындан бир бир тууган келип, менден кечирим сурады. Мен аны тааныбагандыктан таң калдым. Ал: «Санта-Анада сизди таш менен ургулаган балдардын арасында мен да бар болчумун»,— деп айтты. Көрсө, ал да Жахабанын кызматчысы болуптур! Ошондо жүрөгүм кубанычка толуп, аябай сүйүндүм. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин толук убактагы кызматтын мол батага ээ кыла турган жол экенине ого бетер ынанып калгам.

Эль-Сальвадордогу биз катышкан биринчи райондук жыйын

 ЧЫГАРГАН ЧЕЧИМДЕРИМ

Эль-Сальвадордо миссионер болуп 29 жылдай кызмат кылдым. Адегенде Санта-Анага, анан Сонсонатеге, Санта-Теклага, акырында Сан-Сальвадорго дайындалдым. Ишенимдүү кызмат кылган ата-энем карып, жардамга муктаж болуп калгандыктан, көп жолу тиленгенден кийин 1975-жылы миссионердик кызматымды токтотуп, Споканга кайтып барууну чечтим.

1979-жылы атам каза болгондон кийин, апамды карадым. Ал барган сайын алсырап, жардамга көбүрөөк муктаж боло берди. Апам дагы сегиз жыл жашап, 94 жашында каза болду. Ошол оор мезгилде өзүм да алсырап, эмоциялык жактан чарчап кеттим. Стресстен улам лишай оорусуна чалдыктым. Бирок тиленүүнүн жардамы менен жана Жахаба колдогондуктан, сыноолорду көтөрүп кете алдым. Жахаба: «Чачыңарды ак басканда да... силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм»,— деп бекеринен айтпаптыр (Ыш. 46:4).

1990-жылы Вашингтон штатындагы Омак шаарына көчүп бардым. Ал жактан испан тилинде кабар айтып, бир нече кишиге чөмүлүүгө жардам бердим. 2007-жылы ноябрда Омактагы үйүмдү караганга алым жетпей калгандыктан жакын жердеги Шелан шаарчасына көчүп келдим. Бул жерде испан тилиндеги жыйналыштагылар мага бүгүнкү күнгө чейин жакшы кам көрүп келишет. Аларга чексиз ыраазымын. Жыйналышта эң улуусу мен болгондуктан, бир туугандар мени «чоң эне» кылып алышты.

Алаксыбай, көбүрөөк кызмат кылыш үчүн турмуш курбасам да, көптөгөн рухий балдарым бар (1 Кор. 7:34, 35). Учурда каалаганымдын баарына эле ээ боло албай турганымды түшүнөм. Ошондуктан биринчи кезекте Жахабага бүт жүрөгүм менен кызмат кылууга умтулам. Жаңы дүйнөдө дагы башка сонун иштерди кылууга толтура убакыт болот. Мага Жахабанын «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатарына» ынандырган 145-забурдун 16-аяты абдан жагат.

Пионердик кызмат жүрөгүмдү жаш сактаганга жардам берет

Азыр 91 жаштамын. Ден соолугум дагы деле жакшы, ошондуктан пионердик кызматымды улантып жатам. Пионердик кызмат жүрөгүмдү жаш сактаганга жана маңыздуу жашоо өткөргөнгө жардам берет. Мен Эль-Сальвадорго дайындалганда, ал жакта кабар айтуу иши жаңы эле башталып жаткан болчу. Шайтандын тынымсыз каршылыгына карабай, ал өлкөдөгү жарчылардын саны азыр 39 000ден ашты. Бул ишенимимди абдан бекемдейт. Ооба, Жахабанын өз элин ыйык руху аркылуу колдоп жатканына шек жок!

^ абз. 4 Жахабанын Күбөлөрүнүн 1981-жылы чыккан «Жылдык китебинин» (англ.) 45, 46-беттерин карагыла.

^ абз. 19 1981-жылы чыккан «Жылдык китептин» (англ.) 41, 42-беттерин карагыла.

^ абз. 24 1981-жылы чыккан «Жылдык китептин» (англ.) 66, 67 жана 74, 75-беттерин карагыла.