Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти сыйкырдуу китеп катары көрбө

Ыйык Китепти сыйкырдуу китеп катары көрбө

«КУДАЙДЫН сөзү тирүү жана күчтүү» (Евр. 4:12). Элчи Пабыл бул сөздөр менен Кудайдын сөзүнүн адамдын жүрөгүн козгоп, жашоосун өзгөртө турган күчкө ээ экенин баса белгилеген.

Анткен менен элчилердин көзү өткөндөн кийин, алдын ала айтылган чындыктан четтөөчүлүк кеңири жайылып, адамдардын Ыйык Китепте жазылгандардын кандай күчкө ээ экенине карата түшүнүгү бурмаланып калган (2 Пет. 2:1—3). Убакыттын өтүшү менен чиркөө башчылары Кудайдын Сөзү сыйкырдуу күчкө ээ деп айта башташкан. Профессор Харри Гэмбл Грек Жазмаларынын сыйкырдуу буюм катары колдонулганы тууралуу жазган. Ал 3-кылымда жашаган чиркөө атасы Оригендин: «Ыйык сөздөрдүн кулакка айтылышынын өзү эле кандайдыр бир деңгээлде таасирге ээ: эгер бутпарастардын сыйкырчылык кылганда айткан сөздөрү күчкө ээ болуп жатса, анда Ыйык Жазмадагы Кудай жаздырган сөздөр алда канча зор күчкө ээ болушу керек эмеспи»,— деп айтканын белгилеп өткөн. Ал эми 4-кылымда жашаган Иоанн Златоуст: «Инжил бар үйгө Ибилис жакын жолой албайт»,— деп жазган. Ошондой эле айрымдардын Инжилдин үзүндүлөрүн касиети бар деп эсептеп, тумар катары мойнуна тагып алышарын айткан. Профессор Харри Гэмбл католик теологу Августиндин «баш ооруса, Жакандын Инжилин жаздыктын астына коюп уктаса болот деп эсептээрин» айткан. Ооба, байыркы учурларда Ыйык Китеп сыйкырдуу китеп катары колдонулган. Сен жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепти жамандыктан коргоп жүрө турган тумар катары көрөсүңбү?

Ыйык Китеп менен төлгө ачуу да кеңири жайылган иштердин бири десек болот. Бул эмнени билдирет? Бул Ыйык Китепти туш келди ачып, биринчи эле көзгө урунган аятты окуп, анда жазылгандарды Кудайдын жетекчилиги деп кабыл алууну билдирет. Алсак, профессор Гэмблдин айтымында, бир жолу Августин коңшу үйдөн кичинекей баланын: «Колуңа ал да оку, колуңа ал да оку»,— деген үнүн уккан. Ошондо Августин Ыйык Китепти ачып, көзүнө биринчи эле урунган аятты окууну Кудайдан келген буйрук деп түшүнгөн.

Кыйынчылыкка дуушар болгондо Кудайдан тиленип, анан биринчи окуган аят кыйынчылыкты чечкенге жардам берет деп үмүттөнүп, Ыйык Китепти туш келди ачкан адамдар жөнүндө уктуң беле? Ниети таза болгон күндө да, Кудайдын кызматчылары Ыйык Китептен жетекчиликти мындай жол менен издебейт.

Иса пайгамбар шакирттерине «жардамчы, ыйык рух» жибере турганын айткан. Анан: «[Ал] силерге баарын үйрөтүп, айткандарымдын бардыгын эсиңерге салат»,— деген (Жкн. 14:26). Демек, Ыйык Китепти туш келди ачып, төлгө салганда эмес, андан окуп-билгендерибизди жашообузда колдонгондо гана пайда алабыз.

Азыркы учурда көптөр Ыйык Китеп менен төлгө ачышат же дагы башка жолдор менен аны сыйкырдуу китеп катары колдонушат. Бирок Кудайдын Сөзүндө «белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар» айыпталат (Леб. 19:26; Мыйз. 18:9—12; Элч. 19:19). «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү», бирок биз аны туура колдоно билишибиз керек. Ыйык Китепти сыйкырдуу нерсе катары колдонуу эмес, анда камтылган так билим адамдардын жашоосун жакшыртат. Андай билим көптөгөн адамдарга ыймандуулукка үйрөнүүгө, жаман жолун таштоого, үй-бүлөсүн бекемдөөгө жана Ыйык Китептин автору болгон Кудай менен жакшы мамиле өрчүтүүгө жардам берип келет.