Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечектен коркосуңбу?

Келечектен коркосуңбу?

Келечектен коркосуңбу?

АДАМДАР көп нерседен коркушат. Маселен, айрымдар Жер планетабыз эмне болот деп тынчсызданышат. «Тайм» аттуу журналдын 2006-жылы 3-апрелде чыккан санында буга байланыштуу мындай деп айтылган: «Күндүн адаттан тыш ысышы, жер-жерлерде өрт чыгышы, кылымдардан бери тоңуп жаткан муздардын эриши, катуу бороон-чапкындар, сел каптоолор бүткүл дүйнөлүк климаттын бузулганынан кабар берүүдө».

2002-жылы май айында БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын негизинде «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүү (III)» деп аталган бюллетен жарык көргөн. Аны даярдоого дүйнө жүзү боюнча 1 000ден ашуун киши катышкан. Анда мындай деп айтылган: «Жер планетабыз ушунчалык коркунучтуу абалда тургандыктан, тез арада чара көрүлүүгө тийиш. Бүгүнкү чыгарган чечимдер токой, деңиз, дарыя, тоо, жан-жаныбар жана башка экосистемаларга сөзсүз түрдө таасир этет. Ал эми алардан азыркы жана келечектеги муундун өмүрү көзкаранды».

Анткен менен айлана-чөйрөнүн абалы адамдарды тынчсыздандырган нерселердин бири гана. Азыр көптөр террорчулуктан коркуп жашашат. Канада Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысынын өкүлү бул тууралуу мындай деген: «Бизге ким, качан террордук чабуул коюп, кол салып жиберет деп тынч уктай албай да калдык». Азыр ал тургай, жаңылыктарды көрүүдөн эле жүрөгүң түшөт!

Ал эми көптөр жумушсуз калуудан коркушат. Себеби жумуштан кыскартуу, завод-фабрикалардын жабылышы, иштеген жердеги атаандашуу жана жумуш берүүчүлөрдүн катуу талаптарды коюшу боло жүргөн нерсеге айланды. Өспүрүмдөр болсо курбу-курдаштарыман бөлүнүп калбайын деп тынчсызданышат. Атүгүл кичинекей балдарда да коркуу сезими бар. Аларга ата-энеси жакшы көрбөгөндөй сезилиши мүмкүн. Ал эми аларды курчаган дүйнөдөгү абал тууралуу эмне айтууга болот? «Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, баёо жаштар үчүн азыркы дүйнө кээде эң кооптуу жердей сезилип кетет болуш керек»,— дейт бир эне. Көптөгөн ата-энелер бул бузулган дүйнөнүн алардын эң жакын көргөн адамдарына, өзгөчө балдарына, таасир этип жатканына кейибей коюшпайт.

Карылар болсо тепкичтен кулап кетем деп же көчөдөн талап-тоноочуларга кабылбасам экен деп чочулашат. Аларга «бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт», ошондой эле «жолдордо үрөй учурган иштер болот» деп кооптонушат (Насаатчы 12:5). Андан сырткары, баарыбызды айыккыс ооруларга себеп болгон вирустар, рак оорусу жана башка көптөгөн жугуштуу жаңы оорулардын пайда болушу тынчсыздандырат. Себеби алардын айынан өзүбүз же жакындарыбыз катуу жапа чегип, атүгүл жарык дүйнө менен кош айтышышы мүмкүн. Чынында эле, кечеги эле күүлүү-күчтүү, дени сак киши бүгүн алдан тайып, оорукчал болуп калганын көрүп, ошондой балакет биздин же жакындарыбыздын да башына түшүшү мүмкүн экенин ойлогондо коркпой койбойсуң. Ал эми оорукчал кишинин жакшылыктан күдөр үзүп, көзүнөн үмүт оту өчүп калганын көргөндө, кимдин жүрөгү сыздабайт?!

Жогоруда айтылган нерселерди эске ала турган болсок, жаркын келечекке үмүттөнүүгө негиз барбы? Келечекке карата оң маанай сактоого эмне жардам берет? Бул суроолорго эмки макаладан жооп алууга болот.

© Jeroen Oerlemans/Panos Pictures