Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Адистердин» кеңештеринин бааланышы жана четке кагылышы

«Адистердин» кеңештеринин бааланышы жана четке кагылышы

«Адистердин» кеңештеринин бааланышы жана четке кагылышы

ИНТЕРНЕТТИН маалымат издөө системине «ата-эне» же «кеңеш» деген сөздөрдү жазып көрсөңөр, көз ачып-жумгуча ал сөздөргө байланыштуу 26 миллиондон ашык маалымат чыгат. Эгер алардын ар бирин окуп чыгууга бир эле мүнөттөн бөлсөңөр, баарын карап бүткүчө балаңар чоңоюп, өз алдынча түтүн булатып кетмек.

Педиатрлар, психологдор жок кезде жана Интернет пайда боло электе ата-энелер балдарын тарбиялоого байланыштуу кеңештерди кайдан алышчу? Негизинен, кеп-кеңеш айтууга, материалдык жактан көмөк көрсөтүүгө, балдарын каралашууга даяр болгон ата-энелери менен башка тууган-туушкандарынан. Бирок акыркы убактарда көптөгөн өлкөлөрдө адамдардын айылдан шаарга агылып келүүсүнөн улам үйбүлө мүчөлөрүнүн ортосунда мурдагыдай бекем мамиле жок. Ошондуктан бүгүнкү ата-энелердин көбү балдарын тарбиялоодо өз түйшүгүн өздөрү көтөрүүдө.

Мындай жагдай балдарды тарбиялоого багытталган кеңештердин кескин көбөйүшүнө алып келди жана көптөрдүн илим тармагындагы адистерге үмүт арта башташына себеп болду. Мисалы, он сегизинчи кылымдын аягында америкалыктар илим адамдын жашоосунун ар бир тармагын, анын ичинде балдарга тарбия берүү жагын да жакшырта алат деп ишенишкен. Ошондуктан 1899-жылы Америка энелер улуттук конгресси тарабынан ата-энелердин бала тарбиялоо боюнча билими жок экени баса белгиленгенде, көптөгөн «илимпоздор» жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтып, тынчсызданган ата-энелерге көйгөйдү чечүүнүн жолун табууну убадалашкан.

Ата-эне болууга китеп аркылуу үйрөнүү

Ал адистер эмнелерге жетише алышты? Мурунку ата-энелерге караганда бүгүнкү ата-энелер балдарын чоңойтууда азыраак кыйынчылыктарга туш болуп, өз милдеттерин жакшыраак аткарып калыштыбы? Кайдан. Муну Улуу Британияда өткөрүлгөн бир сурамжылоо тастыктайт. Ал сурамжылоого ылайык, жаш аялмет ата-энелердин 35 пайыздайы керектүү, натыйжалуу кеңештерди дагы деле издеп келишет. Ал эми башкалары көбүнчө өздөрүнүн уккан-билгендерине таянышат.

Энн Гулберт «адистердин» балдарды тарбиялоого арналган адабияттарынын далайын изилдеп чыгып, ага байланыштуу оюн жазган («Raising America: Experts, Parents, and a Century of Advice About Children»). Эки баланын энеси Гулберт ал адистердин саналуусу гана тыянактарын ишенимдүү илимге негиздегенин белгилейт. Алардын кеңештерине көп учурда объективдүү маалыматтар эмес, өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасы таасир эткен. Ооба, өткөнгө кайрыла турган болсок, адистердин бала тарбиялоо боюнча жазган кеңештеринин көбү жеке көзкараштарына негизделгенин, бири-бирине карама-каршы келгенин, кээде таптакыр акылга сыйбас экенин көрүүгө болот.

Анда азыркы ата-энелердин жагдайы кандай? Ачыгын айтканда, толгон токой кеңештер, ой-пикирлер жана аягына чыкпаган талаш-тартыштар алардын да башын маң кылууда. Бирок бардык эле ата-энелер жетекчиликсиз калган эмес. Себеби акылмандыктын булагы болгон байыркы китепте камтылган кеңештерди колдонуудан зор пайда алып жаткан ата-энелер дүйнө жүзү боюнча миллиондоп саналат. Ал кеңештердин айрымдары эмки макалада талкууланмакчы.