Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

«Англияда жана Уэльсте 1862-жылдан бери никесин каттаткандардын саны аябай эле азайып кеткен» (УЛУТТУК СТАТИСТИКА КЫЗМАТЫ, УЛУУ БРИТАНИЯ).

Кошмо Штаттардагы чакан жеке ишканалардын ээлеринин көбү «жумушчуларынын [ишканадан] баалуу бир нерселерди уурдай турганын билишет» («РЕЙТЕР МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ», АКШ).

Порнографиялык жана мыйзамсыз түрдө чыгарылган адабияттарды жок кылуу үчүн түзүлгөн улуттук бир уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Интернеттеги порнографиялык сайттарды жабууга байланыштуу өнөктүк өткөрүлө баштагандан бир жыл өтпөй эле, Кытай бийлиги «60000ден ашуун порнографиялык сайтты жапкан» («ЧАЙНА ДЕЙЛИ», КЫТАЙ).

«Дүйнө калкынын 3 пайызы, башкача айтканда, 215 миллиондон ашуун киши, азыр өз өлкөсүнөн башка жерде [жашайт]» (БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК АЙЫЛ-ЧАРБА ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ, ИТАЛИЯ).

«Индияда күн сайын 19 студент өз өмүрүн кыят. Алардын алтоо экзаменден кулап калгандан корккондуктан ошентет» («ИНДИА ТУДЕЙ ИНТЕРНЭШНЛ», ИНДИЯ).

Кумарканаларда колдонулган ыкма

Германияда кумар оюндарына кул болуп калгандар ага берилип кете электерге караганда, орто эсеп менен, 10 эсе көп акча уттурушат. Ошондуктан алар, Германияда чыккан бир гезитте айтылгандай, «кумаркана ээлеринин капчыгын кампайткан кардарлар болуп эсептелет» («Süddeutsche Zeitung»). Кумаркана ээлери адамды көз каранды кылып, кирешесин көбөйтүү максатында оюндарды оюнчуну өзүнө тартып, улам кызыктыргыдай кылып уюштурушат, оюн-автоматтарын болсо тез иштей тургандай кылып коюшат. Оюн-автоматтары канчалык тез иштесе, оюнчу ошончолук оюндун кызыгына батып, токтоно албай, ага баш-оту менен кирип кетет. Ошондуктан мындай тузакка түшкөндөрдүн саны күн санап өсүүдө. Азыр кумар оюндарынан түшкөн кирешенин 56 пайызы оюнга берилип кеткендерден түшөт. Кумарпоздордон түшкөн акча кумарканалардын жалпы кирешесинин 38 пайызын түзөт, ал эми онлайн оюндарынын жалпы кирешесинин 60 пайызын түзөт.

Соттордун чечимине эмне таасир этет?

Соттордун чечимине каралып жаткан ишке тиешеси жок нерселер таасир этиши мүмкүнбү? Бир изилдөөдөн таасир этери анык болгон. Изилдөөчүлөрдүн тобу мөөнөтүнөн мурда жаза өтөөдөн шарттуу бошотуу жөнүндөгү 1000 чечимди изилдешкен. Ал чечимдер Ысрайылдагы тажрыйбалуу соттор тарабынан чыгарылган. Изилдөөчүлөр байкагандай, соттор тамактанып келгенден кийин же эс алып келгенден кийин чыгарган чечимдердин 65 пайызы жакшы болгон. Бирок кийинки тыныгууга чейин ал көрсөткүч, тагыраак айтканда, 65 пайыз төмөндөп отуруп нөлгө түшүп калган, тыныгуудан кийин кайра дароо эле 65 пайызга көтөрүлгөн. Ушундан улам изилдөөчүлөр соттордун чечимдери далилдер менен мыйзамга эле эмес, «ишке эч кандай тиешеси жок нерселерге да негизделип калышы мүмкүн» деген жыйынтыкка келишкен.