Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кат алганы баргам»

«Кат алганы баргам»

«Кат алганы баргам»

«ОШОЛ дүйшөмбү күнү эртең менен почтага барганым такыр эсимден кетпейт,— дейт Түштүк Африкадагы Намибия мамлекетинде жашаган Андре.— Почтада эл ушунчалык көп болгондуктан, бут коёрго жер жок болчу. Ошол жерде бир сумка турган. Ал кимдики болду экен деп ойлоп койгом. Катымды алып, почтадан чыгып кеттим. Машинеме отуруп бир аз узаганда эле, 3 мүнөттөн кийин, кулак тундура бир нерсе жарылды. Кийин мен турган жерден бир нече эле кадам арыраак жерден бомба жарылганын билдим.

Ошол күнү оюмда эч нерсе жок эле почтага кат алганы баргам. Кийинчерээк ошол жардыруудан бейкүнөө адамдардын, анын ичинде тааныштарымдын каза болгонун билгенде төбө чачым тик турду. Андан бери 25 жыл өтсө да, ошол каргашалуу күндү эстегенде дене боюм дүркүрөп кетет. Жазыксыз адамдардын өмүрүн алып кеткен ошол кандуу окуя эске түшкөн сайын мен да алардын арасында болуп калмакмын деп ойлой берем».

Дүйнөлүк масштабга айланган көйгөй

Балким, силер мындай каргашалуу окуяга кабылган эместирсиңер, бирок мындай нерселер төгөрөктүн төрт бурчунда көп болуп жатканын уккандырсыңар. Барган сайын көптөр көздөгөн максатына жетүү үчүн террордук чабуул жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн кыюуда. (Кийинки беттеги «Террорчулар деген кимдер?» деген кутучаны карагыла.)

Бир журналист-изилдөөчү 1997-жылы «биринин артынан бири жасалган террордук чабуул, болгону, төрт эле өлкөдө жасалганын» билдирген. Бирок ошол эле изилдөөчү 2008-жылы «Австралия менен Антарктидадан башка материктердеги 30дан ашуун өлкөнүн террордук чабуулдан жапа чеккенин» жазган. Ал: «Жыл сайын далай адамдардын өмүрүн алып кеткен андай чабуулдарды жасаган уюмдар барган сайын көбөйүп баратат»,— деген жыйынтыкка келген («The Globalization of Martyrdom»).

Эми макаланын башында сөз кылынган окуяга кайрылалы. Ал жардырууну уюштургандар өздөрүн эркиндик үчүн күрөшкөн адамдарбыз деп аташкан. Алар өлкөсүн башкарып турган өкмөттөн көз карандысыз болууга умтулушкан. Адамдарды көздөгөн максаттарына жетиш үчүн ушундай жаман иштерди кылууга эмне түртөт? Келгиле, Хафенинин мисалына токтололу.

Хафени Замбияда төрөлүп, кошуна мамлекетте жайгашкан качкындар лагеринде чоңойгон. Ал: «Үй-бүлөмө жана башкаларга таш боордук, адилетсиздик менен мамиле кылынгандыктан, кыжырым кайнап, ачуум көкүрөгүмдү тиреп турчу»,— дейт. Ошондуктан ал ата-энеси мүчө болгон топко кошулуп кеткен.

Хафени артка кылчая карап, өткөндү эстеп мындай дейт: «Качкындар лагеринде жашап жүргөн учур жүрөгүмдө айыккыс так калтырды. Балдарды ата-энесинен, бир туугандарынан ажыратышчу. Чоңдордун көбү согуштан каза тапкандыктан, кайтып келишкен эмес. Мен атамды эч качан, ал тургай, сүрөтүн да көргөн эмесмин. Болгону, ал согушта каза болгон деп уккам. Жан дүйнөмдү жабыркаткан ошол күндөр көкөйүмөн такыр кеткис болду».

Ооба, террорчулук олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Бирок бул көйгөйдүн тамыры эмнеде экенин түшүнүү аны жок кылыш үчүн эмне кылуу керектигин аңдаганга жардам берет.

[4-беттеги кутуча/сүрөт]

ТЕРРОРЧУЛАР ДЕГЕН КИМДЕР?

Изилдөөчү Марк Жерженсмейер мындай дейт: «Адамдардын „террорчулукту“ кан төгүү катары эсептээр-эсептебеси алардын андай ишти актаар-актабасынан көз каранды. Террорчулукту ким кандай түшүнөрү көбүнчө адамдын дүйнөгө болгон көз карашынан көз каранды. Мисалы, кайсы бир жерде тынчтык өкүм сүрүп турганда кан төгүлсө, бул террорчулук деп эсептелет. Ал эми согуш болуп жаткан жердеги кан төгүү мыйзамдуу деп каралат».

Көбүнчө «террорчу» деген термин саясий мааниге ээ. Көптөгөн топтор өздөрүн террорчулар эмес, эркиндик үчүн күрөшкөндөр катары эсептешет. Бир жазуучунун айтымында, террорчулук 1) бейкүнөө элге карата жана 2) кандайдыр бир максатты көздөп, үрөйдү учуруш үчүн жасалат. Андыктан каршылык көрсөткөн топтор — бийликке каршы чыккандар болобу же жарандык бийлик түзүп алгандар болобу — көбүнчө террордук ыкмаларды колдонушу ыктымал.