Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СС офицери кантип чыныгы Кудайдын кызматчысы болуп калган?

СС офицери кантип чыныгы Кудайдын кызматчысы болуп калган?

СС офицери кантип чыныгы Кудайдын кызматчысы болуп калган?

АЙТЫП БЕРГЕН: ГОТЛЕБ БЕРНХАРДТ

Мен Вевельсбург сепилинде ССте, тактап айтканда, Гитлердин тандамал аскеринде офицер болуп кызмат кылгам. 1945-жылдын апрелинде мага сепилден алыс эмес жайгашкан концлагердеги туткундарды өлтүрүүнү буйрушту. Туткундар Жахабанын Күбөлөрү болчу. СС аскерлеринен берилген буйрукту эки кылбай аткаруу талап кылынчу. Бирок ушул жолкусунда эмне кылышты билбей кыйналдым. Эмне үчүн кыйналганымдын себебин айтып берейин.

МЕН 1922-жылы Германияда Рейн дарыясынан алыс эмес жерде жайгашкан кыштакта төрөлгөм. Ал жердегилердин көбү католик динине бекем карманышса да, биздин үй-бүлө 17-кылымда негизделген пиетизм динин тутчу. 1933-жылы, 11 жашымда, Гитлер бийликке келди. Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин Польшадагы Мариенбург (азыр Мальборк) шаарындагы окуу жайына тапшырууга тандалдым. Себеби мектепте жакшы окуп, спорт жагынан да жакшы болчумун. Үйүмдөн алыс жакта окуп жүрүп, улутчул-социалисттик, тактап айтканда, нацисттик идеологияга баш отум менен кирип кеттим. Ал жактан студенттерди тырышчаактыкка, берилгендикке, ар-намыска, баш ийүүгө, ата-мекен алдында өзүн милдеттүү сезүүгө жана Германияны ыйык тутууга үйрөтүшчү.

Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана ССте кызмат кылышым

1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Адольф Гитлердин жеке көзөмөлү астындагы Лейбстандарте СС тандамал аскерине кызмат кылууга тандалдым. Ал аскер бөлүгү өкмөт башындагылардын коопсуздугуна жооп берчү жана өзгөчө операцияларды аткарчу. Мен Бельгиядагы, Франциядагы, Нидерланддагы, Румыниядагы, Болгариядагы жана Грециядагы кагылышууларга катышкам. Болгарияда жүргөндө аскердик дин кызматчы өткөргөн диний расмиде болгом. Ошондо: «Мындай расмилер душман тарапта да өткөрүлөт болду бекен? Кудай согушту колдойбу? Ал тигил же бул тарапты жактайбы?» — деп ойлонгом.

Кийинчерээк жаштарды жогорку аскердик кызматка даярдаган Юнкешуль академиясына тапшырууга чакырылдым. Ошондон кийин рейхтин Берлиндеги штаб-квартирасын кайтарган бөлүктө кызмат кылууга дайындалдым. Ал жактан бир жолу Гитлердин жогорку кызматты аткарган бир кишини башкалардын көзүнчө кыйкырып урушуп жатканын көрдүм. Анын адамдардын кадыр-баркын сыйлабаган, уятсыз ишине таң калдым, бирок ал тууралуу кимдир бирөөгө айтууга батынган жокмун.

Берлинде ошол эле штаб-квартирада иштеген Инге деген кыз менен таанышып калдым. Экөөбүз мына үйлөнөбүз деп жаткан маалда күтүүсүз жерден мен кызмат кылган аскердик бөлүктү, жылуу кийимдерибизди алып алууга да мүмкүнчүлүк бербей, Орусиянын фронтуна айдап жиберишти. Ошондо 1941-жылдын аягы, 1942-жылдын башы эле. Суук 30 градустан төмөн болчу. Ошол салгылашууда мен экинчи жолу Темир Крест ордени менен сыйландым. Анан оор жаракат алгандыктан, кайрадан Германияга жеткирилдим. Инге экөөбүз 1943-жылы баш коштук.

Ошондон кийин Бавария тоолорундагы Оберзальзберг штаб-квартирасына дайындалдым. Ал жакта ССтин башчысы Генрих Гиммлер да бар болчу. Ал өзүнүн догдуру Феликс Керстендин мени дарылашына чара көрдү. Кийинчерээк Керстендин Берлинден алыс эмес жерде Харцвальде деп аталган ээлиги бар экенин билдим. Согуш аяктап калганда Керстен жакын жердеги концлагердеги Жахабанын Күбөлөрүнүн ошол ээлигинде иштешине Гиммлерден уруксат алган. Керстен Жахабанын Күбөлөрүнө жакшы мамиле кылар эле. Керстендин Швециядагы үйүндө иштеген бир Күбө дайыма ал аркылуу Германиядагы ишенимдештерине «Күзөт мунарасын» жөнөтүп турчу *.

Жахабанын Күбөлөрүн жакыныраак тааный башташым

1944-жылдын аягында Гиммлер мени Падерборн шаарынын жанында жайгашкан Вевельсбург сепилиндеги СС генералынын жардамчысы кылып дайындады. Ал сепилге 400 жыл болуп калган. Гиммлер Вевельсбургду ССтин ордосуна айландырууну көздөп жүргөн. Сепилдин жанында Нидерхаген деген кичинекей концлагер бар болчу. Андагы туткундар Жахабанын Күбөлөрү эле, аларды Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр деп да коюшчу.

Ошол туткундардын бири Эрнст Шпект мени дарылаганы келип турчу. Ал: «Кутмандуу таңыңыз менен, сэр»,— деп учурашчу.

Бир жолу мен андан: «Эмне үчүн „Хайль Гитлер!“ деп учурашпайсың?» — деп сурадым.

Ал сылыктык менен: «Сиз христиансызбы?» — деп суроо узатты.

«Ооба, мен пиетистмин»,— дедим.

«Анда сиз адамзат Иса Машаяк аркылуу гана куткарыларын (хайль) Ыйык Китептен окуган чыгарсыз. Ошондуктан мен „Хайль Гитлер!“ деп учурашпайм»,— деп жооп берди.

Бир чети таң калып, бир чети таасирленип: «Бул жерге эмне болуп түшүп калдың?» — деп сурадым.

Ал: «Мен Ыйык Китепти Изилдөөчүмүн»,— деди.

Эрнст жана чачтарач болуп иштеген Эрик Голацик деген Күбөлөрдөн уккандарым жүрөгүмдү козгоду. Туткундар менен дин жөнүндө сүйлөшүүгө тыюу салынган эле, ошондуктан командирим мага алар менен сүйлөшпөөнү буйруду. Бирок мен миллиондогондор өздөрүн Исанын жолдоочусу деп эсептеген Германияда ар бир киши Жахабанын Күбөлөрүндөй болсо, согуш болмок эмес, аларды куугунтуктабай, тескерисинче, урматташ керек болчу деп ойлондум.

Ошол күндөрдүн биринде бир жесир аял мага телефон чалып, баласынын сокур ичегисин шашылыш операция кылыш керек болуп жатканын айтып, машине таап беришимди өтүндү. Мен дароо эле ал аялга машине жиберилишин буйрудум, бирок буга командирим каршы болуп койду. Эмне үчүн дегенде, ал аялдын күйөөсү 1944-жылы июлда Гитлердин өмүрүнө кол салган топтун мүчөсү катары өлүм жазасына тартылыптыр. Бала каза болуп калды, мен эч нерсе кыла алган жокмун. Ошол окуядан улам абийирим бүгүнкү күнгө чейин кыйнап келет.

Жыйырмаларда эле болсом да, жашоо, чынында, нацисттер айткандай эмес экенин түшүнө баштадым. Барган сайын Жахабанын Күбөлөрүнө суктанып, алардын окутууларына болгон кызыгуум арта берди. Бул, акыры, мага олуттуу чечим чыгарууга түрткү берди.

1945-жылы апрелде Советтик аскерлер жакындап кирип келишкендиктен, командирим Вевельсбургдан качып кетти. Гиммлер биздин аскер бөлүккө сепилди талкалап, андагы туткундарды өлтүрүүнү буйруду. Кошуна концлагердин командири мага өлтүрүш керек болгон туткундардын тизмесин берди. Тизмедегилердин баары Жахабанын Күбөлөрү экен. Алардын ою боюнча, Күбөлөр Үчүнчү рейхтин искусство чыгармаларын кайсы жерге каттырганын билишкен. Ал тууралуу эч ким билбеши керек эле. Ошондо мен эмне кыларымды билбей, айлам кетти.

Анан концлагердин командирине жакын басып келип: «Американын аскерлери келатышат. Бул жерден кишилериңиз менен тезирээк кетип калганыңыз оң болбойбу?» — дедим. Ал ошону эле уга албай турса керек. Алар кеткенден кийин СС офицеринин оюна да келбеген нерсени кылдым: буйрукту аткарбай, Жахабанын Күбөлөрүн аман алып калдым.

Алардын бир тууганы болдум

Согуш бүткөндөн кийин Инге экөөбүз Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, Ыйык Китепти изилдей баштадык. Агюсте жана башка Күбөлөр бизге жардам беришти. Денемдеги жарааттарым жана согуштан кийинки кыйын абал жашоону ого бетер оордотту. Ошого карабай Инге экөөбүз өзүбүздү Жахабага арнадык. Мен 1948-жылы чөмүлтүлдүм, Инге болсо 1949-жылы чөмүлтүлдү.

Согуш учурунда Вевельсбургда туткунда болгон Күбөлөрдүн айрымдары 1950-жылдары жолугушту. Алардын арасында Эрнст Шпект, Эрик Голацик жана Макс Холвегдер бар эле. Өмүрүн тобокелге салып мага Кудай жөнүндө айткан ушул эр жүрөк кишилердин бир тууганы болуу мен үчүн чоң сыймык! Кызыктуусу, ал жолугушууга Вевельсбургда катчы болуп иштеген Марта Ниман да келди. Ал да Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрүм-турумунан таасир алгандыктан, Жахабанын кызматчысы болуптур.

Азыр артка кылчая карап, «бүт дүйнө Карөзгөйдүн [Шайтан Ибилистин] бийлиги астында жатканына» толугу менен ынанып турам (1 Жакан 5:19). Жаш кезимде ишенчээк болгондуктан жана нацисттердин идеологиясына берилгендиктен муну түшүнчү эмесмин. Ошондой эле Гитлер сыяктуу катаал башкаруучулар менен Жахабага кызмат кылуунун ортосунда чоң айырма бар экенин көрдүм. Адамдар кыңк этпестен баш ийишиңди талап кылышса, Жахаба Ыйык Китептен ал тууралуу жана анын ой-ниети тууралуу алган билимиңе негизделген сүйүүңдөн улам баш ийишиңди каалайт (Лука 10:27; Жакан 17:3). Мен бир гана Жахабага өмүр бою кызмат кылгым келет!

[Шилтемелер]

^ 9-абз. «Күзөт мунарасынын» (англ.) 1972-жылы 1-июлда чыккан санынын 399-бетин карагыла.

[19-беттеги сүрөт]

Жаңы үйлөнгөн кезибиз, 1943-жыл, февраль

Вевельсбург сепили ССтин ордосу болмок

[20-беттеги сүрөт]

Инге экөөбүз, бүгүн