Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Далайлар «ашык болгон» пицца

Далайлар «ашык болгон» пицца

Далайлар «ашык болгон» пицца

Италиядагы кабарчыбыздан

АЙРЫМ имиш сөздөргө караганда, король Фердинанд I (1751—1825) карапайым кишидей болуп кийинип алып, жашыруун түрдө Неаполдогу кедей-кембагалдар жашаган жерлерге көп бара турган. Ал эмне себептен жашыруун барчу? Көрсө, Фердинанд I ал жакка ак сарайда аялынын буйругу боюнча тыюу салынган тамактан — пиццадан — даам татып келиш үчүн барчу экен.

Фердинанд азыр тирүү болгондо жакшы көргөн пиццасын каалашынча жей алмак. Бүгүнкү күндө Италияда 30 000дей пиццакана бар. Аларда жыл сайын миллиарддаган пиццалар жасалат. Ал пиццалар Италиянын жашоочуларынын баарына бөлүштүрүлө турган болсо, ар бирине 45тен тиет.

Көчөдөн келген көмөч

Пицца болжол менен 1720-жылдан тартып Неаполдо жасала баштаган. Ал кезде пицца, негизинен, карапайым адамдардын тамагы эле. Тез даяр болгондуктан ал көчөдөн эле жасалып, көчөдөн эле сатылчу. Сатуучулар өзүлөрү да даамдуу пиццаларын көчө кыдырып сата турган. Алар пиццаларын жылуулукту сактаган жез идиштерге — скудолорго — салып, башына көтөрүп алышчу.

Акыры, король Фердинанд I ак сарайындагылардын баарына пиццага болгон «ашыктыгын» билдирген. Көп өтпөй байлар да, ак сөөктөр да көчөдө сатылып жүргөн пиццаны жактырып, пиццаканаларга агылып бара башташкан. Ал эми королдун небереси, король Фердинанд II, чоң атасынан ашып түшкөн. 1832-жылы ал ак сарайынын Каподимонте бакчасына пицца бышырыш үчүн меш салдырып, чоң конокторун пицца берип сыйлаган.

Пицца пайдалуубу?

Бүгүнкү күндө пицца — жаштардын жакшы көргөн тамагы. Бирок анын пайдалуулугу тууралуу шек саноонун кажети жок. Анткени пиццада углеводдор, белоктор жана майлар ченемдүү өлчөмдө. Анда витаминдер менен минералдуу заттар да бар, ошондой эле ал аминокислоталарга бай. Ал эми пиццанын курамына кирген зайтун майы «артерияларды тазалоого жардам берген пайдалуу холестериндин түрү» деп сыпатталган жогорку тыгыздыктагы липопротеинди пайда кылууга шарт түзөт.

Ошондой эле жакшы жасалган пицца, адатта, тамак сиңирүү органдарына көп күч келтирбейт. Себеби пиццанын камырына кошулган чоң өлчөмдөгү суу камыр жуурулуп, ачытылып жатканда, ундагы татаал углеводдорду жөнөкөй формага ажыратып, алардын организмге оңой сиңишин шарттайт. Андан тышкары, углеводдор бат тоюуга өбөлгө түзгөндүктөн, пиццаны абдан жакшы көргөндөрдү да ашыра тоюудан сактайт.

Эмкиде пиццаны тамшанып жеп жатканда, анын келип чыгышын эстеп, король Фердинанд I өзүнүн пиццага болгон «ашыктыгын» жашыруун сактабаганына сүйүнсөк болот.

[19-беттеги кутуча/сүрөт]

▪ Отун менен жагылчу меште бышырылган пицца абдан даамдуу болот. Мештин ышы пиццага өзгөчө бир сонун жыт берет. Ал эми пиццанын түбүнө жабышкан анча-мынча күл анын даамын ого бетер арттырат.

▪ Дүйнөдөгү эң чоң пицца 1990-жылы жасалган. Анын диаметри 37 метрден, ал эми салмагы 12 тоннадан ашкан!

▪ Илгертен бери келаткан пиццанын камырын өйдө ыргытып, айландыруу салты адамдардын көңүлүн тартыш үчүн гана жасалбайт. Камырды колдун учу менен так ортосунан айландырганда борбордон четтөөчү күч аркылуу ал тегерек болуп жайылып, четтери бир аз түрүлөт. Пицца мыкты болушу үчүн дал ушундай камыр керек.

[26-беттеги сүрөт]