Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызыңарды алгачкы айызга даярдагыла

Кызыңарды алгачкы айызга даярдагыла

Кызыңарды алгачкы айызга даярдагыла

Жыныстык жетилүү маалында көп өзгөрүүлөр болот. Бой тартып келаткан кыздар үчүн айыздын башталышы — өзгөчө окуя.

АЙЫЗЫ же этеккири биринчи жолу келгенде, кыз калтаарышы, ар кандай сезимдерге туш болушу мүмкүн. Жетилүү маалында болуучу көптөгөн башка өзгөрүүлөрдөй эле, мындай өзгөрүү аны тынчсыздандырышы ыктымал. Айыз тууралуу жаңылыш ойдо болгон же көбүнчө жетиштүү маалымат албаган кыздар башында сестенишет, деңдароо болушат.

Ал эми организминде өзгөрүүлөр болорун билген кыздар көп чочулабайт. Өкүнүчтүүсү, көптөр айыздын келишине даяр эмес болушат. Дүйнө жүзүндөгү 23 өлкөдө өткөрүлгөн сурамжылоодо кыздардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү айызы башталганга чейин ал тууралуу эч кимден укпаганын айтышкан. Ошондуктан алар алгач эмне кылышты билишкен эмес.

Бир изилдөө маалында аялдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө кабарсыз кыздар айызы башталганда, башкаларга салыштырмалуу, өтө жагымсыз сезимдерге кабылганы аныкталган. Ошондогу сезимдерин айтып, алар «эмне кыларымды билбей калгам», «коркуп кеткем», «уялгам» дешкен.

Канды көргөндө адам коркуп кетет, себеби кан, адатта, оору менен жаракатка байланыштуу болот. Ошон үчүн туура түшүнүгү жоктор жергиликтүү маданият боюнча калыптанган көзкараштан, жаңылыш ой-пикирден же тек гана билбестиктен улам этеккирди ооруга, жаракатка байланыштуу же уят нерсе катары кабыл алышы ыктымал.

Андыктан айыз денсоолугу жакшы кыздардын баарында болорун, анын табигый нерсе экенин кызыңар билиши керек. Ата-эне кызына тынчсызданбоого, чочулабоого жардам бере алат. Кантип?

Ата-эненин милдети

Айыз тууралуу маалымат берилген булактар көп. Айрым ата-энелер мугалимдерге, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине, кайсы бир адабияттарга же билим берүүчү тасмаларга кайрылуу менен физиология жана өздүк гигиена тууралуу керектүү маалымат алууга болорун билишет. Бирок кыздарда өзгөчө суроолор жана муктаждыктар пайда болот, аларды канааттандырууга жакын адамдары гана жардам бере алат. Айыз башталганда эмне кылуу керектигин билген кыздар да организминдеги өзгөрүүлөрдөн пайда болгон ой-сезимдерди кантип жеңүүнү жакшы биле бербейт.

Кызга чоңенеси, таенеси же эжелери, айрыкча, апасы өз башынан өткөргөндөрүн айтып берип, керектүү жөлөк көрсөтө алышат. Кыздардын көбү айыз тууралуу өз апасынан билүүнү каалашат.

Ал эми аталар жөнүндө эмне дешке болот? Көптөр атасы менен андай темада сүйлөшүүдөн уялышат. Кээ бирөө атасынын жөлөк болушун, түшүнүү көрсөтүшүн гана каалашса, башкалары аны такыр кийлигиштиргиси келбейт.

Акыркы жылдары көптөгөн өлкөлөрдө атасы гана бар үйбүлөлөр көбөйдү *. Андай аталардын көбү кыздарына айыз тууралуу маалымат берүүнүн зарылдыгын түшүнүшүүдө. Алар кызынын башынан өтө турган физиологиялык жана эмоциялык өзгөрүүлөр, айыз тууралуу негизги түшүнүккө ээ болууга тийиш. Аталар өз энелеринен же эже-карындаштарынан кеңеш же жардам сурай алышат.

Качан айтыш керек?

Кошмо Штаттар, Түштүк Корея, Батыш Европа өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө жашаган кыздардын айызы, адатта — 12—13 жашында, чанда — 8 же 16—17 жашында башталат. Африка менен Азия өлкөлөрүндөгү кыздардыкы, адатта, андан кечирээк, мисалы, нигериялыктардыкы 15 жаштан тартып келет. Айыздын башталар убактысына ар кандай шарттар: кыздардын гендери, экономикалык абалы, жеген тамагы, жасаган кыймыл-аракети жана деңиз деңгээлинен канчалык жогору же төмөн жайгашкан жакта жашаары таасир этет.

Кызга айыз тууралуу алдын ала маалымат берген жакшы. Организминде кандай өзгөрүүлөр болуп өтөрү жөнүндө мүмкүн болушунча эрте, ал сегиз жаштарында эле сүйлөшө баштоо керек. Балким, ал маал силерге эртедей көрүнөттүр. А бирок кызыңар 8—10го келип калса, анын организминде гормондордун деңгээли жогорулап, өзгөрүүлөр жүрө баштаганы күмөнсүз. Андайда жыныстык жетилүүнүн көкүрөктүн өрчүшү, денеге түк чыгышы сыяктуу алгачкы белгилери пайда болот. Кыздардын көбүндө айызы келер маалы жакындап калганда, бою тез өсүп, салмагы жогорулап кетет.

Сөздү кантип башташ керек?

Өспүрүм курактагы кыздарды организминде болуп өтө турган өзгөрүүлөргө байланыштуу нерселердин баары кызыктыра баштайт. Алар мектептен классташтарынын бүйүрдү кызыткан маектерин угуп жүрүшкөндүр. Андыктан аларда ар кандай суроолор пайда болот, бирок көп учурда аны кантип сурашты билишпейт. Бир чети, уялышы мүмкүн.

Кээде ата-энелерде да ошондой сезимдер болот. Адатта, кыздарга айыз тууралуу апасы айтып берет. Бирок кээде энелер да тартынып, эмне деп айтышты билишпейт. Балким, силер да ушундай абалда жүргөндүрсүңөр. Анда айыз жөнүндө кантип сөз баштап, кантип айтып берсеңер болот?

Өспүрүм курагына жете элек кыздарга бардыгын жөнөкөй, айкын түшүндүрүү жакшы. Айыздын канча убакыт аралыгында кайталанарын, канчага созуларын, канча кан бөлүнөрүн айтып берүүгө болот. Башында бир нече жолу так маалыматка — ал маалда эмне кылыш керектигине — көңүл буруу орундуу. Силерге: «Ал кандай болот? Анан эмне болот?» — деген өңдүү суроолор берилиши мүмкүн.

Кийинчерээк аялдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө токтолсоңор болот. Көп учурда ылайыктуу маалыматты саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринен, китепканалардан же дүкөндөрдөн табууга болот. Андай куралдар суроону кенен түшүндүрүүгө мүмкүндүк берет. Айрым кыздар андагы маалымат менен өз алдынча таанышып чыккысы келиши мүмкүн, башкалары аны чогуу окуп же көрүп чыгууга каршы болбойт.

Сүйлөшүүгө тынч жер тандагыла. Адегенде адамдын кантип өсүп-жетилерин талкуулагыла. Мисалы, мындай десеңер болот: «Кыздардын баарында болуучу нерсе жакында сенде да болот. Эмнени айтып жатканымды билесиңби?» Же апасы минтип сөз баштай алат: «Мен сендей кезимде этеккир деген кандай болду экен деп ойлочумун. Ал тууралуу классташ кыздарыбыз менен сүйлөшчүбүз. Силердин кыздар да ушул тууралуу сүйлөшүшөбү?» Кызыңдын айыз тууралуу эмнелерди билерин аныкта, анан туура эмес ой-көзкараштарын оңдоого аракеттен. Башында көбүнчө өзүңө сүйлөөгө туура келиши мүмкүн, буга даяр бол.

Сүйлөшүп жатканда өзүңдүн алгач коркконуңду, тынчсызданганыңды эсте. Ошол кезде эмнелерди билүүгө муктаж элең? Эмнени билгиң келчү? Эмнени билүү пайдалуу болгон? Кызыңа айыздын оң да, терс да жактарын түшүндүрүүгө аракеттен. Анын суроолорун жоопсуз калтырба.

Сүйлөшүүнү улантуу

Айыз тууралуу бир эле жолу сүйлөшүп коюу жетиштүү деп ойлобогула. «Чү» дегенде эле бары-жогун айтууга аракеттенүүнүн зарылдыгы жок. Кыз баарын эстеп кала албайт: балдар ар нерсени акырындык менен өздөштүрөт. Анын үстүнө, айрым нерселерди бир нече жолу кайталоого туура келет. Эс тарткан сайын кыздар аны-мунуну көбүрөөк түшүнө баштайт.

Бара-бара кызыңардын айызга болгон көзкарашы өзгөрөт. Биринчи айыздан кийин анда жаңы суроолор, тынчсыздануулар пайда болушу толук ыктымал. Ошон үчүн бул темада сүйлөшүүнү, анын суроолоруна жооп берүүнү улантыш керек. Анын курагында эмнелерди билүү маанилүү болсо, ошолорго көңүл бургула, кызыңардын эс-жөндөмүн да эске алгыла.

Демилгени колго алуу

Кызыңар сүйлөшүүдөн качсачы? Балким, ал мындай темада сүйлөшкүсү келбей жаткандыр. Же, мүмкүн, ага уялганын жеңип, кандай суроолорду берүүнү ойлонуп алуу үчүн убакыт керектир. Кээде кыз: «Баарын өзүм билем»,— деп коюшу да ыктымал.

Кошмо Штаттардагы 11 жашар кыздар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодон көрүнгөндөй, кыздардын көбү өзүлөрүн алгачкы айызга даярмын деп эсептешкен. Бирок кошумча суроолор берилгенде, алардын билгени үстүртөдөн эле экени, жергиликтүү маданият боюнча калыптанган көзкарашка, жаңылыш ой-пикирлерге негизделгени аныкталган. Ошондуктан кызыңар «баарын билем», «даярмын» десе да, аны менен сүйлөшүү зарыл.

Ан үчүн демилгени колго алуу талап кылынат. Бул силердин ата-энелик милдетиңер. Кызыңар түшүнөбү, жокпу, жардамыңарга муктаж. Мындай нерселер тууралуу сүйлөшүү силер үчүн кыйындыр, ыңгайсыздыр. Бирок багынбагыла. Жасаган аракетиңерди кызыңар кийинчерээк сөзсүз баалайт.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Мисалы, 2003-жылы Жапонияда атасы гана бар үйбүлөлөрдүн саны болуп көрбөгөндөй өскөн. Кошмо Штаттарда болсо ар бир алтынчы толук эмес үйбүлө жалгыз бой ата менен балдардан турат.

[13-беттеги кутуча]

КЫЗЫҢ МЕНЕН АЙЫЗ ТУУРАЛУУ КАНТИП СҮЙЛӨШСӨҢ БОЛОТ?

Эмнелерди билерин аныкта. Туура эмес түшүнгөн жактарын түшүндүр. Анын да, өзүңдүн да так маалыматка ээ экениңерди текшер.

Өз тажрыйбаңды айтып бер. Кызыңа өзүң мурун кандай сезимде болгонуңду айтып берип, эмоциялык жактан зарыл көмөк көрсөт.

Эмне кылышты айт. Адатта, кыздар буларды сурашат: «Мектептен башталып калса, эмне кылам? Эмнени колдоном? Кантип?»

Жөнөкөй түшүндүр. Кызыңдын жашын, канчалык маалыматты өздөштүрө аларын эске ал.

Сүйлөшүүнү улант. Кызың менен айызы баштала электе, зарыл болсо, башталгандан кийин да сүйлөш.

[20-беттеги сүрөт]

Кызыңарды айызы баштала электе даярдоо туура

Түшүнүү көрсөт: кызың ал тууралуу сүйлөшкүсү келбеши мүмкүн