Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кээде баары түшүмбү деп да ойлоп кетем»

«Кээде баары түшүмбү деп да ойлоп кетем»

«Кээде баары түшүмбү деп да ойлоп кетем»

Дирилдеген эриндерин колу менен басып, терезени тиктеп Лурдес турат. Ал — 20 жыл бою күйөөсү Альфредодон кордук көрүп келген латын америкалык аял. Күйөөсү азыр өзгөргөн. Ошентсе да Лурдеске тарткан азаптарын эстеп айтып берүү азыр да оңой эмес.

Лурдес акырын үн катат: «Үйлөнгөнүбүздөн эки жума өткөндөн кийин эле башталган... Бир жолу эки тишимди сындыра койду. Дагы бир жолкусунда мен эңкейе калсам, муштуму шкафка келип бир тийди... Баарынан да сөздөрү жаныма батып кетчү. Ал мени тилдеп, адам катары көрчү эмес. Кээде ушунчалык кетип калгым келчү, бирок үч балам менен кайда барат элем?»

Альфредо аялынын ийнинен назик кысып, мындай дейт: «Мен жумушумда урматталган адисмин. Анан укук коргоо органдарынан келген чакырыкты колума карматышканда, ушундай бир уятка калдым. Өзгөрүүгө да аракеттенип көрдүм, бирок көп өтпөй баягым кайра башталды».

Анан жагдай кантип оңолгон? «Көчөнүн бурчундагы дүкөндө иштеген бир айым Иегованын Күбөсү эле — деп, жүзүнө жандануу кире түшкөн Лурдес сөзүн улады.— Мага ошол айым Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бере баштады. Мен Иегованын аялдарды баалаарын билдим. Анан Иегованын Күбөлөрүнүн жолугушууларына бара баштадым, муну билгенде, Альфредонун каары кайнады. Падышалык залындагылардан жоро-жолдош күтө баштадым — бул мен үчүн жаңы нерсе эле. Мен жекече көз карашка ээ болуп, аны ачык-айкын айтып, ал түгүл башкалар менен бөлүшө аларымды билгенимде, кадимкидей таңыркадым. Кудайдын мени баалаарын түшүнүү мага кадимкидей кайрат бере баштады».

«Анан бир күнү мындай болду. Ошону эч унутпайм. Ал кезде Альфредо жекшемби сайын католиктик мессаларга барып жүрчү. Менин Иегованын Күбөлөрү менен пикир алышып жүргөнүмө катуу каршыкчу. Бирок бир жолу мен көзүнө тике карадым да, жай гана, бирок бек: „Альфредо, мен сенин оюңа кошулбайм“,— деп айттым. Альфредо болсо мага кол көтөргөн жок! Арадан көп өтпөй мен чөмүлтүлдүм. Мына эми, Альфредонун ошондон бери мага кол көтөрбөй калганына беш жыл болду».

Бирок алдыда андан да чоң өзгөрүүлөр турган. Маекти Альфредо улайт: «Лурдестин чөмүлтүлгөнүнөн үч жылча өткөндөн кийин кесиптештеримдин бири, Иегованын Күбөсү, мени үйүнө конокко чакырып калды. Ал мага Ыйык Китептен сонун нерселерди айтып берип олтурду. Анан аялыма айтпай, аны менен Ыйык Китепти изилдөөгө кириштим. Көп өтпөй Лурдес менен чогуу жыйналыштарга бара баштадым. Жыйналышта үй-бүлөлүк жашоо тууралуу баяндамалар көп айтылды, аларды угуп, нечен уялдым».

Альфредо жыйналыш жолугушууларынан кийин залды тазалоого эркектердин да катышканын көрүп, абдан таасир алган. Үйлөрүнө барганда да, алардын аялдарына идиш-аяк жууганга жардамдашып жатканын көргөн. Мындай майда-чүйдө көрүнгөн иш-аракеттер Альфредого чыныгы сүйүү деген кандай болорун түшүнүүгө жардам берген.

Ортодон көп өтпөй Альфредо да чөмүлтүлгөн. Учурда алар аялы экөө тең толук убактагы кызматчы. «Альфредо тамак ичкенден кийин дасторконду жыйнашат, төшөк салышат,— дейт Лурдес.— Жасаган тамагым үчүн мактайт, каалаган музыкаңды тандап кой дейт, үйгө кандай буюм алышты да менин өз эркиме коёт — булардын баарын Альфредо мурун жасачу эмес да! Ал эми жакында эле ал мага биринчи жолу гүл сатып келиптир... Кээде баары түшүмбү деп да ойлоп кетем».

[10-беттеги сүрөт]

«Кудайдын мени баалаарын түшүнүү мага кадимкидей кайрат бере баштады».

[10-беттеги сүрөт]

Ал күйөөлөрү аялдарына идиш-аяк жууганга жардамдашып жатканын көргөн.

[10-беттеги сүрөт]

Альфредо жыйналыш жолугушууларынан кийин залды тазалоого эркектердин да катышканын көрүп,абдан таасир алган.

[10-беттеги сүрөт]

«Жакында эле ал мага биринчи жолу гүл сатып келиптир».