Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көпөлөктөрдүн, өсүмдүктөрдүн жана кумурскалардын өз ара пайдалуу эмгектештиги

Көпөлөктөрдүн, өсүмдүктөрдүн жана кумурскалардын өз ара пайдалуу эмгектештиги

Көпөлөктөрдүн, өсүмдүктөрдүн жана кумурскалардын өз ара пайдалуу эмгектештиги

НИДЕРЛАНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ИЮЛЬ айында Батыш Европада татынакай көгүлжүн көпөлөктөр тукумдай баштайт. Тукум улаш үчүн, көпөлөккө түгөй табуу гана аздык кылат, себеби ал көк шалбаа гүлү менен ач кызыл кумурскалардын жардамына да муктаж. Эмнеге? Бул көпөлөктөрдүн тиричилик циклында өсүмдүктөр менен кумурскалар кандай маани ойнойт?

Алардын өз ара «эмгектештигине» Нидерландиянын түндүк тарабында жайгашкан Двингельдервельд улуттук багынан байкоо жүргүзүп көрүүгө болот. Бул бак — көптөгөн көгүлжүн көпөлөктөрдүн үйү. Жазында, жайында бактын ачык жерлери түркүн гүлгө төшөлүп, көркүнө чыгат. Анда Gentiana pneumonanthe, вереск түркүмүнө кирүүчү кайчы жалбырак кызгылт эрика менен европа сары нартецийи бар. Көгүлжүндөр өзгөчө назик вереск түркүмүндөгү гүлдөргө жана жылаажын сымал Gentiana pneumonanthe гүлүнө үйүр. Мунун эки бөлөк себеби бар. Вереск алар үчүн — ашкана, Gentiana pneumoanthe болсо өзүнчө кампа. Көпөлөктөр анда эмне сакташат болду экен?

Аман калуу аракети

Уруктангандан кийин ургаачы көпөлөк шалбаадагы чөп-чарлардан өзгөчөлөнүп мойнун жогору созуп турган Gentiana pneumonanthe гүлүн издей баштайт. Ал ага конуп, бир нече ак жумуртка таштайт. Төрт — он күндүн ичинде жумурткалардан кичинекей малактар чыгат, алардын саны экиден алтыга чейин болот. Малактар биринчи кезекте гүлдүн терең ичин көздөй жөнөшөт, себеби аларга керектүү дүйүм тамак ошол жакта. Малактар эки-үч жума тынбай азыктанышкандан кийин, жерге боюн ташташат.

Кызыктуусу, адатта малак гүлдөн кечкурун түшөт. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, так ошо кечкисин бактын башка тургундары — кызыл кумурскалардын эки түрү — азык издеп уюгунан чыгышат. Малак ошол күжүрмөндөрдүн жолуна келип түшөт. Анын минтиши өз жанын өзү кыйгандыкка окшогону менен, чынында, бул — анын аман калуу үчүн жасаган аракети. Кандайча?

Көп өтпөй кызыл кумурскалар жолун тосуп жаткан малакты «таап» алышат да, дароо уюгуна сүйрөп жөнөшөт. Уюктагылар үчүн малак — сыйлуу конок, ошондуктан ал ал жакта күз, кыш жана жаз бою дүнүйө капар жашай берет. Бирок анын тамагы, четинен тандап жегидей, түрлүү эмес: кумурскалардын личинкалары менен алардын негизги азыгы (жумушчу кумурскалардын кусундусу) гана. Кумурскалар деле кирешесиз калышпайт. Алар малакты «саап», жакшы көргөн «сүтүн» ичип турушат. Куурчакчага айланган кезинде деле малак «сүт» жана башка заттарды бөлүп чыгара берет, кумурскалар үчүн бул да болсо «даамдуу» азык. Ал ортодо өз ара пайдалуу «эмгектештик» соңуна чыгар маал улам жакындай берет.

Сый коноктон «чакырылбаган» конокко айлануу

Куурчакча көпөлөккө айлана баштайт. Кубулуу маалы аяктаган соң, куурчакчанын кабыгы жарылат да, ичинен кулпунуп көпөлөк чыга келет. Кызыгы, адатта бул кубулуу эртең менен эрте болуп өтөт. Эмне үчүн? Себеби кумурскалар малак өзүн жерге таштаган кечки маалга караганда, таңга маал анча кыймылдуу болбойт; көпөлөккө кожоюндарынын көңүлүн өзүнө көп бурдурбоо үчүн дал ошол убак ылайыктуу.

Анан эле кумурскалар куурчакчаны «сааш» үчүн келишсе, анын ордунда канаттуу бейтааныш жандык жүргөн болот. Бул «чакырылбаган конокту» көргөн кумурскалар дароо чабуул коюп киришет. Көпөлөккө айланган малак, «алты саны аман» кезинде, уюктун оозун көздөй качып жөнөйт. Акыры, эшикке качып чыгып, куурайдынбы, чөптүнбү үстүнө чыгып кетет. Ошондо гана кумурскалардын чабуулу басылат.

Коопсуз жерге чыккан соң, көгүлжүн канатын жайып, кургата баштайт. Көпөлөктүн пайда болгонунан бир жылча өттү. Мына, эми анын өмүрүндөгү эң кызыктуу күндүн келген кези: ал биринчи мертем кош канатын кагат да, шалбаанын үстү менен көкөлөп учуп жөнөйт! Бир нече күндөн кийин ал түгөй таап, бийик, Gentiana pneumonanthe гүлүн издей баштайт. Себеби анын жаңы муунга жашоо берүү үчүн даярданар маалы келди.

[26-беттеги кутуча]

Көпөлөктөр жоголуп кетүү коркунучунда

Көгүлжүндөр вересктер жыш өскөн шалбааларда жашайт. Мындай шалбаалар Батыш Европада бир канча кылымдар мурун, адам колу тие элек токойлор кыйыла баштаганда, пайда болгон. Мурун бул кызгылт көк гүлдөргө төшөлгөн уч-кыйырсыз талаалар Бельгиянын, Германиянын жана Нидерландиянын аймактарына чейин кулач жайып жатчу. Ал эми бүгүнкү күндө андай шалбаалар айрым жерлерде гана сакталып турат. Ошол себептүү көгүлжүн көпөлөктөрдүн жашай турган жери утур азайып баратат. Акыркы он жылдын ичинде Нидерландияда көпөлөктөр жашайт делген 136 жердин жетимиш тогузу калды. Жагдай ушунчалык олуттуу болгондуктан, көгүлжүндөр Европадагы жок болуп бараткан көпөлөктөрдүн тизмесине киргизилди. Европа Кеңеши тарабынан түзүлгөн ал документке жок болуп бараткан көпөлөктөрдүн түрлөрү катталган.

Көгүлжүндөрдү сактап калыш үчүн, Нидерландиянын Двингельдервельд багынын көз салуучулары айыл чарбачылыктын жүздөгөн жылдар мурун дыйкандар колдонуп жүргөн ыкмаларын колдонуу менен шалбааларды сактап калууга аракеттенишүүдө. Өткөн учурлардагыдай, койчулар вереск өскөн талааларга кой жайышат, ал эми уйлар болсо чөбү катуураак жерлерге оттошот. Уй-койлор вереск, кайчы жалбырак эрика жана башка гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жер «тазалап» оттошот. (Учурда бакта өсүмдүктөрдүн 580 түрү өсөт.) Натыйжада, Двингельдервельддеги көгүлжүндөр да өз «кызматын» аткарып жатышат — алардын саны көбөйүп баратат. Бүгүнкү күндө бул бак — Европадагы вересктер өскөн талаалары бар эң чоң жана маанилүү корук. Анын «эшиги» көпөлөктөрдүн көптөгөн түрлөрү үчүн дайыма ачык, анда Нидерландиядагы көпөлөктөрдүн түрлөрүнүн 60 пайызы кездешет.

[16-беттеги сүрөттөр]

Көпөлөктүн Gentiana pneumonanthe гүлүнө жумуртка таштап жатканы.

[17-беттеги сүрөт]

Кайчы жалбырак кызгылт эрика.

[Булак]

24, 25-беттердеги кумурскалар: Pictures by David Nash; www.zi.ku.dk/personal/drnash/atta/

[17-беттеги сүрөт]

Кайчы жалбырак кызгылт эрика.

Кызыл кумурскалардын куурчакчаны багып жатышканы.

[17-беттеги сүрөт]

Европа сары нартецийи.

[18-беттеги сүрөт]

Уй-койлор көпөлөктөр жашоочу шалбааны калыбына келтирүүгө жардамдашат.