ОЙГОНГУЛА! № 1 2025 | Кендирди кескен кымбатчылык. Кантип жан багабыз?
Баалардын асмандын башы болуп жатканына тынчсызданып жатасыңарбы? Жан багыш үчүн эртеден кечке иштегенге туура келип жатабы? Үй-бүлөңөр менен чогуу болгонго убактыңар калбай калып жатабы? Эгер ошондой болсо, «Ойгонгула!» журналынын ушул саны силерге жардам берет. Бул журналда санаанын сазына батпаганга жана бактылуу болгонго жардам берген сонун кеңештер бар. Эң акыркы макаласында бизди кандай жаркын келечек күтүп турганы айтылат. Келечекке болгон ошол үмүт азыртадан эле силерге кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берет.
Баарын көзөмөлдөй албайбыз
Базардагы бааларды көзөмөлдөй албайбыз. Муну түшүнсөк, өзүбүзгө эле жеңил болот.
Акчаңарды эстүүлүк менен короткула
Акчаны туура колдонгонго жардам берген 5 кеңешти окуп көргүлө.
Каниет кылгыла
Колубузда жок болсо да, канткенде бактылуу боло алабыз?
Март болгула
Колубуз ачык болсо, каржы каатчылыгы бизди мүңкүрөтө албайт. Берешендиктин пайдалары жөнүндө окуп көргүлө.
Күдөрүңөрдү үзбөгүлө
Ыйык Китепте алдыда сонун заман күтүп турганы жазылган. Бул үмүт силерге азыртадан эле жардам берет.
Көбүрөөк билиш үчүн
Ыйык Китеп көптөргө кымбатчылыкка карабай кубанып жашаганга жардам берип келет. Силерге да сөзсүз жардам берет.

