Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | РУХТАР ДҮЙНӨСҮНӨ ЭШИК АЧКАН АЯНДАР

Рухтар дүйнөсүнө байланыштуу суроолор

Рухтар дүйнөсүнө байланыштуу суроолор

Рухтар дүйнөсүндө кимдер жашайт болду экен деп ойлонуп көрдүңөр беле? Эгер ошондой болсо, силер жалгыз эмессиңер. Буга байланыштуу кылымдар бою ар кандай жоромолдор болуп келген. Айрымдар рухтар дүйнөсүндө көптөр ардактаган ата-бабалар жашашат деп ишенишсе, башкалар мемиреген тынчтык өкүм сүргөн ал жакта периштелер жана жакшы адамдардын арбактары жашайт деп ойлошот. Дагы башкалар болсо рухтар дүйнөсүн жүз миллиондогон кудайлардын турак жайы деп элестетишет.

Көптөр рухтар дүйнөсүн өз көзү менен көрүп келгендер жок болгондуктан, аны так билүү мүмкүн эмес деп каршы болушат. Бирок бул туура эмес. Себеби жерге келгенге чейин Иса Машаяк асманда, рухтар дүйнөсүндө, жашаган. Ал жерде жүргөндө өзү жөнүндө: «Асманга бир да адам барган эмес. Адам Уулу болсо асмандан келген»,— деп айткан. Ошондуктан шакирттерине: «Атамдын үйүндө орун көп»,— деп да айта алган (Жакан 3:13; 14:2).

Иса Машаяк Атам деп Кудайды айткан. Кудайдын аты — Жахаба. Ал асманда жашайт (Забур 83:18). Ошо себептен көзгө көрүнбөгөн ал дүйнөнү Жахаба Кудай менен Иса Машаяктан жакшы эч ким билбейт. Алар Кудайдын берилген кызматчыларына аян аркылуу рухтар дүйнөсүнө байланышкан көп нерселерди ачып берүүдө.

Кийинки макалада Ыйык Китепте жазылган ошол аяндар талкууланат. Ал аяндар тууралуу окуп жатканда рухтар дүйнөсү көзүбүз менен көрүп, колубуз менен кармап сезе ала турган материалдык дүйнө эмес экенин эске алуу кажет. Ошондуктан Кудай ал дүйнөнү түшүндүрүш үчүн бизге түшүнүксүз боло турган рухий терминдерди колдонбостон, биз түшүнө ала турган аяндарды көрсөткөн. Ал аяндар бизге рухтар дүйнөсүндө кимдер жашай турганын түшүнүүгө жардам берет.