Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечекти алдын ала айтуу

Келечекти алдын ала айтуу

«Өзүмдүн, үй-бүлөмдүн келечеги кандай болот? Байыймбы же тескерисинче, баарынан кол жууп каламбы? Сүйүүгө бөлөнүп жашаймбы же жалгыз калып кыйналамбы? Өмүрүм узун болобу же күтүүсүздөн өмүрүмөн айрылып каламбы?» — деген сыяктуу суроолор тууралуу ойлондуңар беле? Мындай суроолор миңдеген жылдардан бери көптөрдү ойлондуруп келет.

Бүгүн адистер дүйнөдөгү абалды изилдеп, келечекке байланыштуу ар кандай божомолдорду айтышат. Алардын айткандарынын көбү аткарылса да, башкалары орундалган эмес, айрымдары болсо каргашага алып барган. Алсак, зымсыз телеграфты ойлоп тапкан Гульельмо Маркони 1912-жылы: «Зымсыз байланыштын доору согуш отун өчүрөт»,— деген. Ал эми музыка жаздырган «Декка (Deccа)» компаниясынын бир өкүлү гитара ойногон топтор келечекте бааланбай калат деп ойлогондуктан, ал компания 1962-жылы «Битлз» рок-группасын четке каккан.

Көптөр келечекти билүү үчүн табияттан тыш нерселерге кайрылышат. Кээ бирлер астрологдордон кеңеш сурашат. Ошондой эле көптөгөн гезит-журналдарга жылдыз төлгөлөр дайыма чыгып турат. Дагы бирөөлөр картадагы белгилер, сандар же кишинин алаканындагы сызыктар боюнча келечекти айткандардан жардам издешет.

Байыркы убакта айрымдар эртеңки күнүн билиш үчүн оракулдарга, башкача айтканда, дин кызматчы эркектерге же аялдарга кайрылчу. Алар болсо өздөрүн кайсы бир кудайдын өкүлүмүн деп эсептеп, маалыматты ошодон алам деп айтышчу. Эл оозунда айтылып жүргөн бир билдирүүгө ылайык, Лидия падышасы Крёз Грециянын Дельфы шаарында жашаган оракулга баалуу белек жөнөтүп, андан Персия падышасы Корешке каршы согуш ачса, жыйынтыгы кандай болорун сураган. Ал Крёзго, эгер Кореш менен салгылашса, «улуу империяны» талкалай турганын айткан. Ошентип, Крёз жеңишке жетерине бекем ишенип, согушка бет алган. Бирок душмандын эмес, өзүнүн улуу империясы талкаланган.

Оракулдун тигиндей да, мындай да түшүнсө боло турган сөздөрүнүн эч кандай пайдасы болгон эмес. Жеңишке кайсы тарап жеткенине карабай, анын айткандары туура чыккандай сезилет. Бирок так эмес маалыматтын айынан Крёз баарынан кол жууган. Ал эми учурда келечекти айткандар жөнүндө эмне дешке болот? Алардын жалпыга белгилүү ыкмалары жакшы натыйжа берүүдөбү?