Согуш азабы

Согуш азабы

Согуштар жана зордук-зомбулук менен коштолгон кагылышуулар адамдын жан дүйнөсүндө өчпөс так калтырат. Кандуу согушту башынан кечирген жоокерлер менен карапайым эл анын канчалык азапка саларын жакшы билишет.

ЖООКЕРЛЕР

«Каякты караба, жарадар болгон же өлгөн кишилерди көрөсүң. Дайыма „мен качан окко учат болдум экен“ деген ой менен жашайсың» (Гэри, Улуу Британия).

«Аркама, бетиме ок тийген. Көптөрдүн, анын ичинде балдардын, карылардын өлгөнүн көрдүм. Ушуларды көрө берип, жүрөгүң таш болуп калат экен» (Вильмар, Колумбия).

«Кимдир бирөөнүн ок тийип өлгөнүн көрсөң, ошол нерсе көз алдыңан кетпей калат экен. Анын кыйкырганы, онтогону кулагыңа жаңыра берет. Ал кишини эч качан унута албайсың» (Зафира, Кошмо Штаттар).

КАРАПАЙЫМ ТУРГУНДАР

«Кайрадан эч качан бактылуу боло албайм го деп ойлогом. Согуш болуп жаткан жерде жашасаң, өзүң үчүн, үйдөгүлөрүң, досторуң үчүн дайыма корко бересиң» (Олександра, Украина).

«Тамак-аш алыш үчүн түнкү 2ден түнкү 11ге чейин кезекте турчубуз. Ошол убакта ок тийбесе экен деп калчылдап турар элек» (Далер, Тажикстан).

«Ата-энем согушта каза болуп, томолой жетим калдым. Мени соорото турган да, мага кам көрө турган да эч кимим калган жок» (Мари, Руанда).

Жогоруда айтылган кишилерди согуш бүк түшүрсө да, азыр алар сооронуп, жан дүйнөсү тынч. Алар кан суудай аккан согуштар жакында токтой турганына бекем ишенет. Мунун кандайча болору Ыйык Китепте айтылат. «Күзөт мунарасынын» бул санында ушул тууралуу сөз жүрөт.