КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2025 | Согуш оту өчөбү?
Согуш-жаңжал, кандуу кагылышуу жок дүйнөдө жашагыңар келеби? Ушуну баарыбыз эле эңсеп келатсак да, бул эч качан орундалбачудай сезилет. Кудайдын Сөзүндө адамдар эмне үчүн согушту токтото албай келатканынын себеби айтылат. Анда жакында дүйнө жүзү боюнча тынчтык орноору куру кыял эмес экени жана ага эмне үчүн ишенсек болору да түшүндүрүлөт.
Бул журналда «согуш», «жаңжал» деген сөздөр кандайдыр бир саясий максаттарды көздөгөн куралчан топтордун же өлкөлөрдүн ортосундагы кагылышууга карата айтылат. Макалаларда сөздөрү келтирилген айрым кишилердин ысымдары өзгөртүлдү.
Согуш азабы
Жоокерлер да, карапайым эл да согуштун канчалык азап тарттырарын жакшы билишет.
Баарыбызды мүңкүрөткөн согуш-жаңжалдар
Согуш-жаңжалдар бардык жактан зыян гана алып келет. Айрым мисалдарды окуп көргүлө.
Адамдар согуш-жаңжалдарды токтото алабы?
Кандуу кагылышууларды токтотконго көп күч жумшалып келет. Бирок алардан майнап чыгат деп үмүттөнсөк болобу?
Эмне үчүн согуш-жаңжалдар токтобой келет?
Ыйык Китепте согуштар, кандуу кагылышуулар эмне үчүн болуп жатканы айтылат.
Согуш-жаңжалдар кантип токтойт?
Кудайдын Падышалыгы жер жүзүндөгү согуштардын баарын токтотуп, тынчтык орнотот.
Согуш-жаңжалдарга карабай жан дүйнө тынчтыгына ээ боло аласыңар
Ыйык Китеп согуштан жабыр тарткандарга азыртадан эле жардам берип жатат.
Минтип ойлонуп көрдүңөр беле?
Согуш болбогон заман келеби? Ыйык Китепте ушул жана ушул сыяктуу суроолорго жубатарлык жооп бар.