Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2022 | Жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыга алабыз!

Азыркы заманда жек көрүүчүлүк терең тамыр алып бараткандай туюлат. Анткени адамдар жек көрүүчүлүктүн айынан ар кандай ырайымсыз иштерге барып жатышат. Алардын айрымдарын айта кетсек, кодулоо, басмырлоо, сөз менен кордоо жана кол салуу. Эч ким эч кимди жек көрбөй турган күн келеби? Бул журналдан жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыкканга Ыйык Китепте жазылгандар кантип жардам берерин биле аласыңар. Ошондой эле Кудайдын келечекте жек көрүүчүлүктү биротоло жок кылам деген убадасын окуйсуңар.

 

Жек көрүүчүлүктү жеңе алабыз!

Жек көрүүчүлүктүн айлампасы деген эмне? Жек көрүүчүлүк кандай иштер менен коштолот?

Эмне үчүн жек көрүүчүлүк бүт дүйнөнү кучагына алууда?

Ыйык Китепте жек көрүүчүлүктүн тамыры каякта экени, эмне үчүн адам баласы буга жакын экени жана эмне үчүн бүгүнкү күндө жек көрүүчүлүк кеңири кулач жайганы түшүндүрүлгөн.

Жек көрүүнүн айлампасынан кантип чыгабыз?

Ыйык Китепте жазылгандар көптөргө оңолгонго жардам берип келатат.

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

1 | Баарына тегиз карагыла

Баарына тегиз караган Кудайдан үлгү алып, башкаларга карата терс ойдо болгондон качкыла.

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

2 | Өч албагыла

Кудай жакында жамандык аттуунун баарын жок кыларына ишенип жек көрүү сезиминен арылгыла.

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

3 | Жек көрүүчүлүктү акылыңардан сүрүп чыгаргыла

Кудайдын Сөзүндө жазылгандар акылыңардан жана жүрөгүңөрдөн жек көрүү сезимин сүрүп чыгарганга жардам берет.

ЖЕК КӨРҮҮНҮН АЙЛАМПАСЫНАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?

4 | Кудайдын жардамы менен жек көрүүчүлүктү жеңгиле

Кудайдын күчү жек көрүүчүлүктү жеңгенге жардам берген сапаттарды өрчүткөнгө көмөк кылат.

Жакында жек көрүүчүлүктүн күнү бүтөт!

Канткенде жек көрүүчүлүк биротоло жоюлат?

Жек көрүүчүлүктөн жапа чекпеген бир да жан жок

Жек көрүүнүн айлампасынан кантип чыгабыз? Азыртадан эле дүйнө жүзүндөгү адамдар оңолуп, такыр башка киши болуп өзгөрүп жатышат.