Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылмаюунун күчү

Жылмаюунун күчү

ФИЛИПИНДЕГИ Багио шаарынын ишкер аймагында эки кыз кетип бараткан. Бир убакта Жахабанын Күбөлөрүнүн адабият текчесин көрүп калышат. Бирок жанына барбай эле өтүп кетишет. Текченин жанында турган Хелен аларды карап, жылуу жылмаят. Ал эки кыз кыя өтүп кетсе да, Хелендин чын ыкластан жылмайганына жүрөгү жылып, таасирленишет.

Анан экөө автобус менен үйгө кетип баратып, Падышалык залында чоң болуп JW.ORG деп жазылып турганын көрүп калышат. Алар адабият текчесинен так эле ушул жазууну көргөнүн эстешет. Анан дароо автобустан түшүп калып, Падышалык залдын дарбазасында илинип турган жыйналыштардын графигин карап чыгышат.

Ошондон көп узабай эле жыйналыштардын бирине келишет. Падышалык залына кирип келгенде кимди көрүшкөн дебейсиңерби? Баягы жылуу жылмайган Хеленди. Аны шак эле таанышат. «Алардын түз эле мени көздөй келатканын көрүп: „Булар ким болду экен? Эмне үчүн мага келатышат? Туура эмес бир нерсе кылып койдумбу”,— деп ойлодум»,— дейт Хелен. Анан тигилер Хеленге баарын айтып беришет.

Кыздарга жыйналыш да, ал жактагылар да аябай жаккан. Өздөрүн эркин сезе алышкан. Жыйналыштан кийин башкалардын Падышалык залын жууп-жыйнап жатканын көрүп, кол кабыш кылалы дешкен. Кийинчерээк ал эки кыздын бири Филипинден көчүп кеткен. Ал эми экинчиси болсо жыйналыштарга келе баштады, Ыйык Китепти изилдей да баштады. Мунун баары жылуу жылмайып койгондун аркасында болгон!