«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Август, 2017

Бул санда 2017-жылдын 25-сентябрынан 22-октябрына чейин изилдене турган макалалар камтылат.

Чыдамкайлык менен күтөсүңбү?

Жахабанын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары кыйынчылыкка кабылганда: «Качанкыга чейин?» — деп сурашкан. Бул үчүн Жахаба аларды айыптаган эмес.

«Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы»

Кудайдын кайсы бир кыйынчылыкка кабылышыңа эмне үчүн жол бергенин түшүнбөй, тынчсызданган учуруң болобу? Анда Жахабага толук таянып, туруктуулугуңдан жазбаганга эмне жардам берет?

ӨМҮР БАЯН

Сыноолордо туруктуу болгондуктан бата алдык

Сибирге сүргүнгө айдалгандар чынында кой издеп жүрүшсө, эмне үчүн уй сурашчу? Бул суроонун жообун Павел Сивульский менен Мариянын кызыктуу өмүр баянынан биле алабыз.

Эски табиятты чечип, кайра кийбегенге эмне жардам берет?

Эски табиятты чечкенден кийин аны кайра кийбешибиз керек. Туура эмес иштерге белчесинен батып калгандар да бул жагынан канткенде ийгиликке жете алат?

Жаңы табиятты кийип, кайра чечпегенге эмне жардам берет?

Жахабанын жардамы менен ага жаккан адам боло аласың. Боорукердик, кайрымдуулук, момундук, жумшактык сыяктуу сапаттарды кантип чагылдырсаң болорун окуп көр.

Сүйүү — баа жеткис сапат

Ыйык Жазмада сүйүү Жахабанын ыйык рухунун аркасында өрчүй турган сапат экени айкын көрсөтүлгөн. Анда сүйүү деген эмне? Аны кантип өрчүтсөң жана күн сайын чагылдырсаң болот?

БИЗДИН АРХИВДЕН

«Кийинки жыйын качан болот?»

1932-жылы Мехико шаарында өткөн чакан жыйын эмнеси менен өзгөчө болгон?

Окурмандардын суроолору

Матай менен Луканын Иса Машаяктын жашоосунун алгачкы жылдары жана санжырасы жөнүндө жазгандары эмне үчүн бири-бириникинен айырмаланат?