ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Тамеки жана вейп жөнүндө эмнелерди билишим керек?
«Мен жашаган жакта тамеки же вейп чегип көрбөгөн 25 жашка чейинки жаштар дээрлик жок» (Жулия).
Бул макалада:
Эмнелерди билишиң керек?
Чылым өмүрдү кыят. Чылымдын негизги курамын түзгөн никотин уулуу зат болуп эсептелет. Ал күчтүү көз карандылыкты пайда кылат. АКШдагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору билдиргендей, «чылым чегүү — дүйнө жүзү боюнча адамдардын ар кандай оору-дарттарга чалдыгышына жана мезгилсиз кайтыш болушуна алып келген негизги себептердин бири».
«Мен органдарды УЗИге тарткан жерде иштейм. Тамеки чеккен бейтаптардын өпкөсүн тарткандан кийин көрүп алып, аябай жаман болом. Мурун чылым чегип жүргөндөрдүн кан тамырларынын май түйдөкчөлөрүнө толуп калганын көргөндө тим эле зээним кейийт. Мен өмүрүмдү баалайм, ошон үчүн тамеки чекким келбейт» (Тереза).
Муну билчү белеңер? Тамекиде 7 000ге жакын зыяндуу химиялык заттар бар. Алардын көбү уулуу. Жыл сайын миллиондогондор тамекинин айынан пайда болгон оорулардан каза болушат.
Вейп чеккендер уулуу химиялык заттарды «жутушат». Вейп, башкача айтканда, электрондук чылым өпкөнү талкалап, өлүмгө дуушар кылат. Кадимки тамекидей эле, вейптин көп түрлөрүндө никотин бар. Бир беделдүү эмгекте айтылгандай, никотин күчтүү көз карандылыкты пайда кылат. «Ал, айрыкча, өспүрүмдөр үчүн өтө кооптуу, анткени алардын башка баңгизаттарга оңой эле көз каранды болуп калышына өбөлгө түзүп коёт».
«Балдар жана өспүрүмдөр вейптердин момпосуй же мөмө-жемиш даамданганына алданып, зыяны деле жок деп ойлоп алышат» (Миранда).
Муну билчү белеңер? Электрондук чылымдын түтүнү жөн эле суунун буусундай эмес. Ал көптөгөн зыяндуу заттарды камтыйт, алардын арасында оор металлдар да бар. Киши вейптин түтүнүн соргондо, ошол уулуу заттардын баары түз эле өпкөгө барат.
Чылымдын, вейптин кесепети
1) Акыл-эсти жабыркатат, айрыкча, жетилип келаткан жаш балдардын бир нерсеге көңүл топтошу кыйынга тура баштайт жана көңүлү бат-баттан чөгө берет
2) Тиштин бүйлөсү, эмалы жабыркайт
3) Өпкө-жүрөк ооруларын пайда кылат
Астманы күчөтөт
Ашказанды оорутуп, кускуну келтирет
Эмне кылсаң болот?
Билип алганың жакшы. Вейптин зыяны деле жок, стрессти азайтыш үчүн чегип койсоң эчтеке болбойт деген сөздөргө алданба. Анын канчалык уулуу экенин өзүң изилдеп көрүп, ошого жараша чеч.
Ыйык Китептеги принцип: «Ишенчээк ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл ар бир кадамын ойлонот» (Накыл сөздөр 14:15).
«Атактуу кишилердин же классташтарыңдын тамеки, вейп чегип жүргөнүн көргөндө „чексем эчтеке деле болбойт окшойт“ деп ойлошуң мүмкүн. Бирок анын зыяндуу жактарын ойлогондо андай эмес экенин түшүнөсүң» (Иван).
Ойлонуп көр. Чылым же вейп чеккен жаштар чын эле жыргап жүрүшөбү? Алар учурдагы же келечектеги стрессти жеңгенге чын эле даярбы? Же, тескерисинче, кыйынчылыктардын үрөнүн сээп жатышабы?
Санаага батырган кыйынчылыктарды жеңгендин туура жолдорун тап. Мисалы, көнүгүү жаса, китеп оку, жакшы иш кылганга үндөп турган досторуң менен убакыт өткөр. Эгер ушундай жакшы иштер менен алек болсоң, акылыңа «тамеки чексемби» деген ой жакын да жолобойт.
Ыйык Китептеги принцип: «Жүрөктөгү санаа көңүл чөктүрөт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» (Накыл сөздөр 12:25).
«Көптөр чылым же вейп стрессти жазат деп ойлошот. Алар стрессти кыска эле убакытка жазышы мүмкүн, бирок кесепетин өмүр бою тартасың. Стрессти жазгандын башка да сонун жолдорун тапса болот» (Анжела).
Ойлонуп көр. Стресс менен күрөшкөнгө сага эмнелер жакшы жардам берет? «Жаштардын суроолору» деген рубрикадагы «Тынчсызданбаш үчүн эмне кылсам болот?» деген макаланы окуп көр. Ал жактан сонун кеңештерди таба аласың.
Чылым чегүү стресстен, санаадан арылыш үчүн жаандан качып, көлгө секиргенге окшош. Бул стресстен арылтпай эле, ага чөктүрөт
Кысымга даяр бол. Чылым же вейп чеккенге классташтарың эле азгырбайт. Кинолордо, телешоулордо, соцтармактарда бул сонун, жыргал нерседей көрсөтүлөт.
Ыйык Китептеги принцип: «Жетилген адамдар... дайыма ой жүгүрткөндүктөн жакшы менен жаманды айырмалаганды үйрөнүшкөн» (Еврейлерге 5:14).
«Мектепте окуп жүргөндө тамеки же вейп чекпегеним үчүн классташтарымдын көбү сыйлачу. Мен чекпейм деп бир эле жолу бекем туруп койгом. Кийин башкалар сунуштаганда, алар „ал чекпейт“ деп менин ордума жооп берип коюшчу. Чечкиндүү болуп, чекпейм деп ачык-айкын айтып койгонуң, сени кадимкидей коргойт экен» (Анна).
Ойлонуп көр. Кысымга канчалык деңгээлде туруштук бере аласың? Ошенткен учурларыңды эстей аласыңбы? Бул жагынан жардам керек болсо, «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 15-бөлүмүндөгү «Теңтуштарым кысым көрсөткөндө» деген кутучаны кара.
Жакшы балдар менен дос бол. Досторуң сендей болуп, тамекиден, вейптен алыс жүргөн балдар болсо, чеккенге азгырылбайсың.
Ыйык Китептеги принцип: «Акылдуулар менен жүргөн акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (Накыл сөздөр 13:20).
«Өзүн өзү кармай билген, Кудайга жаккысы келгендер менен дос болсоң, өзүңө эле жакшы болот. Жашоосун көрүп, аларга окшош болгуң келе баштайт» (Кэлвин).
Ойлонуп көр. Жакын досторуң ден соолугуңду чыңдаганга үндөп турабы? Же, тескерисинче, жаман ишке азгырып, артка тартып турабы?
Марихуана чексем болобу?
Көптөр марихуананын зыяны жок дешет. Бирок бул — карандай калп!
Марихуана чеккен жаштар андан көз каранды болуп, ага байланып калышат. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, марихуана чеккендердин мээси жабыркап, IQ деңгээли төмөндөп кетет.
АКШнын Психоактивдүү заттарды кыянат колдонуу жана акыл-эс саламаттыгын өнүктүрүү боюнча башкармалыгы билдиргендей, марихуана чеккендер үйдөгүлөрү, достору менен көп чатакташышат, мектепте жакшы окушпайт, жумушун алгылыктуу аткара алышпайт жана жашоосуна дайыма нааразы болуп жүрүшөт.
«Мен көбүнчө санаага батканда марихуана чегип көргүм келчү. Бирок анын кулу болуп каларымды, ага канча акча короторумду, ден соолугумду талкалап аларымды ойлогондо „кой“ дечүмүн. Анткени аны чексем, накта санаанын сазына батарымды түшүнчүмүн» (Жюда).

