кыргыз
Мага күйүттү көтөргөнгө эмне жардам берет?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/500600119/univ/art/500600119_univ_sqr_xl.jpg
ijwyp 115-макала

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мага күйүттү көтөргөнгө эмне жардам берет?

Мага күйүттү көтөргөнгө эмне жардам берет?

 Жакында эле жакын тууганыңан же досуңдан айрылдыңбы? Эгер ошондой болсо, анда бул макаладагы кеңештер сага күйүттү көтөргөнгө жардам берет.

Бул макалада:

 Өтө эле катуу күйүт тартып жаткан жокмунбу?

 Көптөр катуу күйүт тартышат жана ал узак убакытка созулушу мүмкүн.

 «Чоң атамды эстебеген бир да күнүм болбойт. Анын каза болгонуна эки жыл болсо да, ал жөнүндө сүйлөшүп жатканда дагы деле ыйлап жиберем» (Оливия).

 «Чоң апам мени дайыма алдыма максаттарды коюп, аларга жеткенге үндөп турчу. Бирок ал менин ошол максаттарыма жеткенимди көрбөй калды. Кайсы бир максатыма жеткен сайын, чоң апам ушуну көрсө гана деп жаман боло берем» (Элисон).

 Жакын адамыңан айрылганда сени ар кандай сезимдер чулгашы мүмкүн.

 «Жездем каза болгондо, нес болуп туруп калгам. Көпкө чейин өзүмө келе албай жаман болуп жүрдүм. Ага чейин жакындарыман айрылып көргөн эмесмин. Баары тез эле болуп кетти, эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым» (Надина).

 «Чоң атам көз жумганда, аябай ачуум келген. Анткени ага канча айтсак да, доктурга көрүнбөй койгон» (Карлос).

 «Таятам каза болордо эжем экөөбүздөн башкасынын баары анын жанында болушкан. Аны менен жакшы коштошо албай калдым деп өзүмдү күнөөлүү сезип жүрдүм» (Адриана).

 «Аяш атам менен аяш апам жол кырсыгынан каза болуп калышкан. Ошондон кийин үйдөгүлөрдүн бирөөсү жумуштап сыртка чыкса эле, алар да кырсыктап калчудай болуп корко берчүмүн» (Жаред).

 «Таянемдин каза болгонуна 3 жыл болду. Көзүнүн тирүүсүндө аны менен көбүрөөк убакыт өткөрсөм болмок экен деп өкүнө берем» (Жулианна).

 Күйүт тарткандардын эмне кылышты билбей калганы, ачууланганы, өзүн күнөөлүү сезгени, корккону же өкүнгөнү табигый нерсе. Эгер сен да ушундай болуп жатсаң, сезимдериң бара-бара басаңдай турганын унутпа. Бирок ага чейин күйүтүңдү көтөрүш үчүн эмне кылсаң болот?

  Күйүттү көтөрүш үчүн

 Досуң менен сүйлөш. Ыйык Китепте чыныгы дос «кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир тууганыңдай» болору айтылган (Накыл сөздөр 17:17, шилтеме). Андыктан ичиңдегини бирөөгө айтсаң, ал сени жубатып, сооротушу мүмкүн.

 «Күйүт тартканыбыз табигый эле нерсе. Кээде жалгыз болгуң келиши мүмкүн. Бирок кечке эле ошентип жүрө берсең, кайгынын чеңгелине батып, андан эч качан чыга албачудай сезиле башташы ыктымал. Ошон үчүн бирөөгө ичиңдегини айтканың жакшы» (Иветта).

 Көз жумган жакыныңды эстеп тур. Ыйык Китепте «жакшы киши жүрөгүндө жакшы нерселерди сактай» турганы жазылган (Лука 6:45, «Оңой окула турган котормо», 1992). Көзү өтүп кеткен жакыныңды эстеп туруш үчүн аны менен чогуу өткөргөн жагымдуу күндөрдү жазсаң болот. Же анын сүрөттөрүн чаптап, колго альбом жасасаң болот.

 «Досумдун көз жумганга чейин мага айткан сөздөрүн, үйрөткөн нерселеринин баарын жазып чыгайын дедим. Анын көзү өтүп кетсе да, андан дагы деле көп нерсени үйрөнүп жатам. Сезимдеримди кагаз бетине түшүргөнүм күйүттү көтөргөнгө бир топ жардам берди» (Жэффри).

 Ден соолугуңа кам көр. Ыйык Китепте көнүгүү жасоо пайдалуу экени айтылат (Тиметейге 1-кат 4:8). Көнүгүү жасагандан тышкары, туура тамактанганга, жетиштүү эс алганга да аракет кыл.

 «Күйүт тартып кайгырганда баарына кайыл болуп, өзүңдү таштап салышың мүмкүн. Бирок анткен болбойт. Ден соолугуңа кам көрүп, өз убагында тамактанып, жетиштүү укташың керек» (Мария).

 Башкаларга жардам бер. Ыйык Китепте: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп айтылат (Элчилер 20:35).

 «Башкаларды, айрыкча, жакынынан айрылгандарды жубатыш үчүн бир нерселерди кылганга аракет кыл. Бул сага башкалар деле кыйналып жатканын унутпаганга жардам берет» (Карлос).

 Жүрөгүңдөгүнү Кудайга төк. Ыйык Китепте Жахабанын «адамдын тилегин Угуучу» экени айтылат (Забур 65:2). Ошондой эле анда анын «жүрөгү жаралангандарды айыктырары», «алардын жараатын таңары» жазылган (Забур 147:3).

 «Жахабадан күч беришин, колдошун сурап тиленем. Кээ бир күндөрү өзгөчө оор болот, бирок Жахаба дайыма жаныңда болуп, сени сооротот» (Жаннет).

 Убакыт керек экенин унутпа. Ар ким ар кандайча күйүт тартат. Ыйык Китепте айтылгандай, уулуман айрылдым деп ойлогон Жакып сооронбой, күйүт тартып ыйлай берген (Башталыш 37:35). Андыктан бир канча убакыт өтсө да, күйүтүңдүн басаңдабай жатканына таң калба.

 «Таянемдин эжесинин каза болгонунан 15 жыл өтсө да, ар кайсы нерселер аны эстете берет. Ошондо аны сагынып кетем» (Тейлор).

 Бир жериңди сындырып алганыңды элестетсең. Албетте, сынган жериң сыздатып ооруйт жана ал жериң бүткөнчө бир нече убакыт керек болот. Ошол убакыт аралыгында доктур сага эмне кылышың керек, эмне кылбашың керектигин айтат. Сөөгүң батыраак бүтүшү үчүн, доктурдун айткандарын аткарышың керек болот.

 Жакшы көргөн жакыныңдан айрылганда да так эле ушундай болот. Башында күйүтүң күч болот, бирок убакыт өткөн сайын, басаңдай баштайт. Ошондуктан чыдамдуу бол. Ушул макаладагы кеңештерди окуп көрүп, өзүңө керектүүсүн колдонуп көр.