кыргыз
Жыйналышта башка, мектепте такыр башкамын. Оңолуш үчүн эмне кылсам болот?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/500600122/univ/art/500600122_univ_sqr_xl.jpg
ijwyp 118-макала

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жыйналышта башка, мектепте такыр башкамын. Оңолуш үчүн эмне кылсам болот?

Жыйналышта башка, мектепте такыр башкамын. Оңолуш үчүн эмне кылсам болот?

 Кудайдын айрым кызматчылары: «Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерге карманып жашаганга күчүмдү, убактымды коротуп туура эле кылып жатамбы?» — деп ойлонушат (Забур 73:2, 3). Алар бара-бара Кудайга жакпаган иштерди кыла башташы мүмкүн. Анан кыңыр ишин жашырып, Кудайга кызмат кылымыш болуп жүрө бериши ыктымал.

 Бул макала ушундай жолго кадам таштаган, бирок оңолгусу келгендерге арналган.

Бул макалада:

 Кудайга кызмат кылымыш болуп жүргөндөр кандай иштерди кылышат?

 Алар Жахаба Кудайды билбеген классташтары менен жүргөндө, туура эмес экенин билсе да, жаман иштерди кылышат. Ал эми Кудайга жан дилден кызмат кылган боордошторунун жанына келгенде өздөрүн Жахабага кызмат кылгысы келген кишидей алып жүрүшөт. Бул эки башка жашоо өткөргөнгө окшош. Башкача айтканда, дайыма каймана бет кап тагынып жүрүшүң керек болот.

 «Өзүңдү Кудайдын элинин арасында башкача, мектепте башкача алып жүргөндө эки тараптан тең бир нерселерди жашырганга аргасыз болосуң. Чынында, сенин анык жүзүңдү эч ким билбейт. Тегерегиңдегилердин баарына калп айтышың керек болот» (Эрин).

 Билесиңби? Жалгыз калганыңда Жахабага жакпаган иштерди кылганың да эки башка жашоо өткөргөнгө жатат.

 «14 жашымда интернеттен уятсыз сүрөттөрдү, видеолорду көрө баштагам. Башкалардын көзүнчө порнографияны жек көргөн кишидей болуп койчумун. Бирок жүрөгүмдө такыр башкача болчу» (Нолан).

 Ыйык Китептеги принцип: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилип кызмат кылып, экинчисин баркка албайт» (Матай 6:24).

 Бул менин жаман киши экенимди билдиреби?

 Андай деле эмес. Айрымдар атайлап эле Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашабайм деп чечип алат. Сенчи? Сен да ушундай ойдосуңбу? Же өзүңдү жыйналышта башкача, мектепте башкача алып жүргөнүңө төмөнкү нерселер себеп болуп жаткан жокпу?

  •   Классташтарыңан айырмалангың келбейт.

  •   Жыйналыштагыларга караганда классташтарың жакыныраактай көрүнөт, алар менен кызыктуураактай сезилет.

  •   Кудайдын айткандарынын баарын кыла албачудай, кылганга дарманың жетпечүдөй сезилет.

 «Менимче, жыйналышта башкача, мектепте башкача болуп жүргөн жаштар Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык жашабагандар менен жүргөндө өздөрүн жакшы сезишет. Анткени алар өздөрүн чоочун сезгиси келбейт, иши кылып эле бирөөлөрдүн аларды кошуп алышын каалашат» (Дейвид).

 Кандай болбосун, бул себептердин бири менен да актана албайбыз. Анткен менен бул айрым жаштардын мындай тузакка эмне себептен түшүп каларын түшүнгөнгө жардам берет. Эгер сен да ушул кылтакка илинип калган болсоң, эмне кылсаң болот?

 Оңолуш үчүн эмне кылсам болот?

  1.  1. Ким экениң жөнүндө, кандай жашап жатканың жөнүндө ойлон. Мен чын эле ушундай киши болгум келеби? Ушул жол менен эле кете берсем, акыры жүрүп эмненин ичинен чыгышым мүмкүн?

     Ыйык Китептеги принцип: «Кыраакы киши коркунучту көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле кете берип, кесепетин тартат» (Накыл сөздөр 27:12).

  2.  2. Чынчыл бол. Ата-энең менен же Жахабанын мыйзамдарын баалаган жетилген досуң менен сүйлөшүп көр. Алар жардам сурап кайрылганыңа аябай сүйүнүшөт. Ошондой эле туура иш кылгың келип жатканың үчүн, сени менен сыймыктанышат.

    Өзүңдү жыйналышта башкача, мектепте башкача алып жүргөн болсоң, терең аңга түшүп калгандай болосуң. Андан чыгыш үчүн башкалардан жардам сура

     «Жаман иш кылып жүргөнүмдү айтып, баарын мойнума алыш аябай оор болду. Эч качан ошондогудай кыйналып көргөн эмесмин. Бирок болгонун болгондой айтып бергенден кийин ушундай бир жеңилдеп калдым» (Нолан).

     Ыйык Китептеги принцип: «Күнөөлөрүн жашырган киши ийгиликке жетпейт, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат» (Накыл сөздөр 28:13).

  3.  3. Кесепетин тартканга даяр бол. Эгер ата-энеңен же жыйналыштагылардан бир нерсени жашырып жүргөн болсоң, ишеничтен чыгып калышың мүмкүн. Кесепетинде ата-энең же жыйналыштагы аксакалдар кандайдыр бир чектерди коюп, кайсы бир убакка чейин айрым нерселерди кылганга уруксат бербеши ыктымал. Жазаны кабыл ала бил. Ошондон тартып «бардык жагынан чынчыл болгонго умтул» (Еврейлерге 13:18).

     Ыйык Китептеги принцип: «Келечекте акылман болуш үчүн кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал» (Накыл сөздөр 19:20).

  4.  4. Кудайдын сени жакшы көрөрүнө ишенип, ошол ишенимиңди өрчүт. Жахаба бизди абдан жакшы көрөт. Андыктан эмне кылып жатканыбызга кызыкдар. Элдин көзүнчө башка, жалгыз калганда башка болуп жүрсөң, ал муну сөзсүз байкайт жана жаман болот. Ошентсе да сага кам көргүсү келгендиктен, сени туура жолго салганга бүт күчүн жумшагысы келет (Петирдин 1-каты 5:7).

     Ыйык Китептеги принцип: «Жахаба күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап, байкап турат» (Жылнаама 2-китеп 16:9).