Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Үй-бүлө курууга даярмынбы?

Үй-бүлө курууга даярмынбы?

Бул суроого жооп бериш үчүн адегенде өзүңдү жакшы билишиң керек. Мисалы, төмөнкүлөр тууралуу ойлонуп көр:

Үйдөгүлөргө кылган мамилең

Ата-энеңе, бир туугандарыңа кандай мамиле кыласың? Өзүңдү кармай албай орой сүйлөгөнгө же какшыктаганга жакын эмессиңби? Алар сен жөнүндө кандай ойдо? Үйүңдөгүлөргө кандай мамиле кылсаң, кийин болочок жарыңа да ошондой мамиле кыласың (Эфестиктер 4:31).

Мүнөзүң, сапаттарың

Бардык жагдайдын жакшы жагын көрө билесиңби же жаман жагына эле көңүл бура бересиңби? Акыл-эстүүсүңбү же өзүнүкүн бербеген, айтканынан кайтпаган адамсыңбы? Оор жагдайларда өзүңдү кармай билесиңби? Чыдамкайсыңбы? Жакшы күйөө же зайып болуш үчүн Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттарды өрчүтүүгө аракет кыл (Галатиялыктар 5:22, 23).

Акчага, жумушка кылган мамилең

Акча кармаган жагынан кандайсың? Карызга көп батпайсыңбы? Улам жумушуңду алмаштыра бербейсиңби? Эгер ошондой болсо, себеби эмнеде? Буга жумушуң себеппи же жумуш берүүчүңбү? Же иштешиң керек болгон кайсы бир адатың себеп болуп жатабы? Эгер акчаны туура колдоно билбесең, кийин үй-бүлөңө кантип кам көрөсүң? (1 Тиметей 5:8).

Кудай менен болгон мамилең

Эгер Жахабанын Күбөсү болсоң, Кудай менен болгон мамилеңди бекем сакташ үчүн эмне иш-аракет кылып жатасың? Ыйык Китепти окуганга, Кудайга кызмат кылганга жана жыйналышка катышканга аракет кыласыңбы? Бул абдан маанилүү. Анткени болочок жарың Кудай менен болгон мамилеси бекем, жетилген адам менен өмүр сүрүүгө татыктуу (Насаатчы 4:9, 10).

Өзүңдү жакшыраак билген сайын, сага жаман жакка эмес, жакшы жакка өзгөрүүгө жардам бере турган өмүрлүк жар табуу оңоюраак болот.