Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Уядан учканга даярмынбы?

Уядан учканга даярмынбы?

Кудайдын эркине ылайык, балдар чоңойгондо ата-энесин калтырып, өздөрүнчө түтүн булатышы керек (Башталыш 2:23, 24; Марк 10:7, 8). Бирок жаштар өз алдынча жашап кетүүгө даяр экенин кантип билсе болот? Ан үчүн алар төмөндөгүдөй үч маанилүү суроонун үстүнөн ойлонуп көрүшү керек.

 Эмне үчүн өзүнчө жашагым келип жатат?

Төмөнкү тизмени окуп чыгып, эмнеден улам өз алдынча жашагың келип жатканын аныктаганга аракет кылып көр.

  • Үйдөгү кыйынчылыктардан арылгым келет

  • Эркинирээк болгум келет

  • Досторумдун алдында баркымды көтөргүм келет

  • Досум менен чогуу жашап, батирдин акчасын төлөгөнгө жардам бергим келет

  • Ыктыярчы катары башка жерде кызмат кылгым келет

  • Тажрыйба топтогум келет

  • Ата-энеме жүк болгум келбейт

  • Башкасы...

Эгер өз алдынча болууну каалаганыңа ушулардын бири себеп болуп жатса, муну сөзсүз эле жаман деп айтууга болбойт. Бирок мындан тышкары эмне максатты көздөп жатканыңды да ойлонуп көргөнүң маанилүү. Мисалы, эгер эптеп эле ата-энеңдин көзөмөлүнөн кутулууну, эч кандай чектөөсүз жашоону самап жатсаң, анда көңүл кайттыкка учураарың турган иш.

Даниэлла деген бир кыз 20 жашында бир канча убакыт өз алдынча жашап, көп нерсени түшүнгөн. Ал мындай дейт: «Баарыбызды эле турмуш кайсы бир жагынан чектеп келет. Мисалы, өз алдынча жашаганда деле жумушуңдун убактысына же акча-каражатыңа жараша өзүңдү чектөөгө туура келет». Ошондуктан башкалардын таасирине алдырып чечим чыгарууга шашылба (Накыл сөздөр 29:20).

 Мен буга даярмынбы?

Өз алдынча жашоону тоого саякаттоого салыштырууга болот. Андыктан адегенде көп нерсени кылганды үйрөнүшүң керек

Өз алдынча жашоону тоого саякаттоого салыштырууга болот. Чатыр тиккенди, от жакканды, тамак жасаганды жана картаны колдонгонду билбей туруп, өзүң жалгыз саякатка чыгат белең? Албетте, чыкмак эмессиң. Бирок көптөгөн жаштар үй оокатын жасаганды үйрөнбөй туруп эле өзүнчө жашай башташат.

Акылман Сулайман пайгамбар: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деген (Накыл сөздөр 14:15). Андыктан өзүңдүн даяр же даяр эмес экениңди аныкташ үчүн төмөнкүлөрдү карап чык.

Акчаны кармай билүү. «Мен чыгымдарымды эч качан өзүм төлөп көргөн эмесмин,— дейт 19 жаштагы Серена.— Ошон үчүн өзүнчө жашай баштаганда акчаны кантип баарына жеткирем деп тынчсызданам». Акчаны туура колдонууга кантип үйрөнсө болот?

Ыйык Китепте: «Акылдуу адам угуп, көп нерсеге үйрөнөт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 1:5). Ошондуктан ата-энеңден ай сайын бир кишиге коммуналдык төлөмдөргө, тамак-ашка, машинеге, же болбосо жол киреге канча акча кетерин сурап көр. Андан соң акчаны туура бөлүштүрүүнү үйрөтүүнү суран.

Үй тиричилиги. 17 жаштагы Брайан деген бир бала: «Өз алдымча жашасам, кийимимди кантип жууйм деп ойлоном»,— дейт. Өзүңө кам көрүүгө даяр экениңди кантип биле аласың? 20 жаштагы Арон мындай дейт: «Бир жума өз алдыңча жашап жаткандай жашап көр. Өзүңдүн тамагыңды өзүңдүн акчаңа сатып алып, өзүң даярда. Кийимиңди өзүң жууп, өзүң үтүктө. Үйдү өзүң жыйна. Бир жакка бара турган болсоң, бирөөлөрдөн жеткирип коюшун суранбай, өзүң бар». Эгер ушул кеңешти иш жүзүндө колдонуп көрө турган болсоң, биринчиден, көп нерсени кылганды үйрөнөсүң, экинчиден, ата-энеңдин эмгегин ого бетер баалап каласың.

Башкалар менен тил табыша билүү. Ата-энең менен, бир туугандарың менен оңой тил табышасыңбы? Эгер алар менен тил табышуу кыйын болуп жатса, анда досуң менен жашаганда андан да кыйын болбойбу? 18 жаштагы Эва мындай дейт: «Менин эки досум чогуу жашоону чечишкен. Алар аябай жакын достордон болушчу, бирок чогуу жашай алышкан жок. Себеби бирөө таза, тыкан, экинчиси болсо анча тыкан эмес болчу. Бирөө рухийликке умтулса, экинчиси анчалык деле умтулчу эмес. Ошентип, экөөнүн мүнөзү келишпей, тил табыша албай коюшкан».

Башкалар менен тил табышууга кантип үйрөнүүгө болот? «Буга ата-энең менен чогуу жашап жүргөндө эле үйрөнсөң болот,— дейт 18 жаштагы Эрин.— Анткени үйдө ар кандай түшүнбөстүктөр болот. Ошондой учурда аларды чечүүгө, ийилчээк болууга үйрөнөсүң. Менин байкашымча, үйүнөн ата-энеси менен тил табыша албагандыктан кетип калгандар, чынында, келишпестиктерди чечкенге үйрөнбөй эле, алардан качканга үйрөнүп жаткан болушат».

Кудай менен болгон мамилең. Айрымдар ата-энесинин Ыйык Китепти окууга, Кудайга сыйынууга байланыштуу бекиткен тартибине кармангысы келбегендиктен эле үйдөн кетүүнү чечишет. Башкалар болсо башында Ыйык Китепти өз алдынча окуунун графигине карманам деп жакшы эле чечип алганы менен, кийинчерээк ал адатын калтырып коюшат. Андыктан ишенимиң «кеме сыяктуу кыйроого учурабашы» үчүн, эмне кылсаң болот? (1 Тиметей 1:19).

Ыйык Китепти күнүгө окууга жана Кудай менен болгон мамилеңе байланыштуу иштердин баарын аткарыш үчүн график түзүп алып, ага бекем карман. Пландаштырган нерселериңди календарга белгилеп, ата-энеңдин эскертүүсү жок эле аларга бир айдын ичинде канчалык кармана аларыңды текшерип көр.

 Кандай максатты көздөп жатам?

Үйдөн көйгөйлөрдөн качыш үчүн эле же ата-энеңе көз каранды болгуң келбегендиктен эле кеткиң келип жаткан жокпу? Эгер ошондой болсо, андан аркы жашооң кандай болорун ойлобой, үйдөн кетүүнү эле ойлоп жаткан болуп калмаксың. Бул машинени күзгүсүн карап айдаганга окшошуп калмак. Эгер айдоочу ошенте турган болсо, артын карай берип, алдын көрбөй калышы мүмкүн. Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Үйдөн кетүүнү эле ойлой бергенден көрө, алдыны ойлоп, кандай максаттарды койсоң болоруна көңүл топто.

Максатың кандай болбосун, адегенде баарын жакшылап таразала. Ыйык Китепте: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Ата-энеңдин кеңешин ук (Накыл сөздөр 23:22). Кудайдан акыл сурап тилен. Ошондой эле бул бөлүмдө талкууланган Ыйык Китептеги принциптерди эске ал.

Негизи, кеп үйдөн кетүүгө даяр же даяр эместигиңде эмес, кеткенден кийин өз алдынча жашап, өзүңө кам көрүп кете аларыңда. Эгер ошого көзүң жетсе, анда чынында эле уядан учканга даярсың деп айтууга болот.