Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Тил албай койгон болсом, ата-энеме эмне деп айтам?

Тил албай койгон болсом, ата-энеме эмне деп айтам?

Андай учурда ата-энеңдин ачуусуна тийип, жагдайды ого бетер оордотуп албаш үчүн эмне кылсаң болот?

Чынын айт. Кайдагы нерселердин баарын айтып, ата-энеңди алдаганга аракет кылба. Болбосо ата-энеңдин ишеничинен биротоло чыгып каласың. Чынчыл бол, болгонун болгондой айт (Накыл сөздөр 28:13).

  • Актанба.

  • «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтоторун» эстен чыгарба (Накыл сөздөр 15:1).

Кечирим сура. Эгер күнөөңдү мойнуңа алып, ата-энеңдин жүрөгүн оорутканың, сарсанаа кылганың үчүн же убара кылганың үчүн кечирим сурасаң, алар сени катуу жазалабашы мүмкүн. Бирок чын жүрөктөн кечирим сурашың керек.

Жазаны туура кабыл ал. Жазаңды кабыл алсаң, чоңоюп-жетилип калганыңды көрсөтөсүң. Эң негизгиси, кайрадан ата-энеңдин ишеничине ээ болууга аракет кыл (Накыл сөздөр 20:11).

Ата-энең сага кам көрүүгө милдеттүү, ошондуктан алар сени көзөмөлдөп, айрым нерселерге тыюу салышат. Ыйык Китепте: «Атаң айткан осуятты аткар, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа»,— деп бекеринен жазылган эмес (Накыл сөздөр 6:20).

Ата-энең сага көбүрөөк эркиндик беришин кааласаң:

  • алардын айтканын эки кылбаганга аракет кыл

  • жөн эле тил алып койбостон, тил алчаактык сапатын жүрөгүңдө өрчүткөнгө аракет кыл.