Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сөгүнүп-сагынуунун жаман жери жокпу?

Сөгүнүп-сагынуунун жаман жери жокпу?

«Башкалардын сөгүнүп-сагынганына аябай көнүп калгандыктан ага көп деле маани бербейм. Алар мага кадимки эле сөздөрдөй угулат» (Кристофер, 17 жаш).

«Мен мурда аябай сөгүнчүмүн. Ал бат эле көнүп кете турган, бирок оңой менен таштай албай турган адат экен» (Ребекка, 19 жаш).

  • Тест

  • Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

  • Эмне кылсаң болот?

  • Жаштардын ою

Тест

  • Башкалардын сөгүнгөнүн укканда кандай сезимде болосуң?

    • Көңүл бурбайм деле, кадимки эле сөздөрдөй кабыл алам.

    • Бир аз кызыктай болом, бирок анчалык деле бушайман болбойм.

    • Аябай жаман болом, такыр угуп тура албайм.

  • Сен канчалык көп сөгүнөсүң?

    • Такыр сөгүнбөйм

    • Кээде эле

    • Көп сөгүнөм

  • Сенин оюңча, сөгүнүү канчалык жаман?

    • Анчалык деле жаман эмес

    • Аябай жаман

Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

Сөгүнүү аябай жаман деп ойлойсуңбу? Балким, сен: «Жок, сөгүнүү анчалык деле жаман эмес. Дүйнөдө андан орчундуу көйгөй толтура да. Анын үстүнө, азыр баары эле сөгүнөт»,— деп ойлойттурсуң. Чын эле сөгүнбөгөн бир да адам жокпу?

Оозунан эч жаман сөз чыгарбаган адамдар да бар. Көптөрдөн айырмаланып, алар сөгүнүп-сагынуу канчалык зыяндуу экенин түшүнүшөт. Жаман сөздөрдү сүйлөөнүн кандай залакасы бар?

  • Сөгүнгөндө кандай адам экениңди көрсөтөсүң. Сөздөрүңдөн ичиңде эмне бар экени билинет. Оозго алгыс сөздөрдү сүйлөгөнүң башкалардын сезимин эске албай турганыңдан кабар берет. Сен чын эле ошондой адамсыңбы?

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат» (Матай 15:18).

    Сөгүнүү сөз чөйрөсүн булгайт, андыктан өзүңө да, башкаларга да зыян келтиргениң туурабы?

  • Сөгүнсөң, башкалар сен жөнүндө жаман ойдо калат. Сөгүнүү адатынан кантип арылса болору тууралуу кеңеш берилген бир китепте мындай делет: «Кимдер менен достошорубуз, үй-бүлөбүздүн, чогуу иштешкендерибиздин бизди канчалык сыйлаары, алар менен кандай мамиледе болорубуз, сөзүбүздүн канчалык өтүмдүү болору, жумушка орношорубуз же жумуштан көтөрүлөрүбүз жана чоочун адамдардын бизге кандай мамиле кылары кандай сөздөрдү сүйлөөрүбүзгө байланыштуу болот». Ошондой эле ал китепте: «Эгер сөгүнүп-сагынбасаң, башкалар менен болгон мамилең канчалык жакшырмактыгы жөнүндө ойлонуп көр»,— делет («Cuss Control»).

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын» (Колосалыктар 3:8).

  • Сөгүнүп сүйлөсөң эле кыйын көрүнүп калбайсың. Философия илиминин доктору Алекс Пакер өзүнүн китебинде: «Дайым сөгүнүп сүйлөгөндөрдүн жанында эч кимдин тургусу келбейт»,— деп жазган. «Ооздон чыккан жаман сөздөр адамдын кыраакы, акылдуу, түшүнүктүү жана боорукер болушуна бөгөт коёт. Эгер адам ойлонбой, эмне деп айтып жатканына маани бербей эле сүйлөй берсе, анын мээси да ошондой иштегенге көнүп калат»,— деп кошумчалайт ал («How Rude!»).

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын» (Эфестиктер 4:29).

Эмне кылсаң болот?

  • Максат кой. Бир айдын же андан азыраак убакыттын ичинде жаман сөздөрдү сүйлөбөгөнгө аракет кылып көр. Анан кандай ийгилик кылып жатканыңды байкап, кагазга жазып же календарга белгилеп тур. Бирок ал адатыңды ташташ үчүн сенден башка да иш-аракеттер талап кылынышы мүмкүн. Мисалы:

  • Акылыңды булгай турган чөйрөдөн алыс бол. Ыйык Китепте: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 15:33). «Чөйрөгө» адамдар эле эмес, сен көргөн кинолор, сен ойногон видеооюндар жана сен уккан музыкалар да кирет. 17 жаштагы Кинез: «Кайсы бир ырды обону жакканы үчүн эле жаттап калып, сөгүнгөн сөздөр бар экенине маани бербей, ырдай беришиң мүмкүн»,— дейт.

  • Жетилген адам экениңди көрсөт. Айрымдар сөгүнүп сүйлөсөң, жетилген кишидей көрүнөсүң деп ойлошот. Бирок, чынында, андай эмес. Ыйык Китепте «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырган» адамдын жетилген адам экени айтылат (Еврейлер 5:14). Андай адам башкаларды таасирлентүү үчүн өзүнүн адеп нормаларын төмөндөтпөйт.

Ооздон чыккан чириген сөздөр сөз чөйрөсүн, башкача айтканда, сүйлөгөн адамдын да, уккан адамдын да акылын булгайт. Дүйнөдө ошондой адамдар толтура. Андыктан, жогорудагы китепте айтылгандай, «сөз чөйрөсүнө таштанды ыргытпа, тескерисинче, аны тазалаганга аракет кыл. Ошондо өзүңдү өзүң сыйлай аласың, башкалар да сен жөнүндө жакшы ойдо болушат».

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кысымга кантип туруштук бере аласың?

Теңтуштардын кысымы жакшы адамды жаман жолго түртөт. Бул жөнүндө эмнелерди билишиң керек жана ага кантип туруштук бере аласың?