Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сүйлөшө баштоого даярмынбы?

Сүйлөшө баштоого даярмынбы?

 Сүйлөшүү деген эмне?

  • Сен дайыма бир эле адам менен чогуу убакыт өткөрөсүң. Бул сүйлөшүү деп эсептелеби?

  • Силер бири-бириңерди жактырасыңар. Күнүнө бир нече жолу SMS жазышып же телефон чалышып турасыңар. Бул сүйлөшүү деп эсептелеби?

  • Досторуңар менен чогулган сайын көбүнчө ошол адам менен гана пикирлешесиң. Бул сүйлөшүү деп эсептелеби?

Биринчи суроого оңой эле жооп бердиң болуш керек. Ал эми экинчи жана үчүнчү суроого келгенде дароо жооп берүү кыйын болгондур. Анда сүйлөшүү деген эмне?

Чынында, бири-бирин жактырган кыз-жигиттин бири-бири менен, кандай жол менен болбосун, байланышып турганы сүйлөшүүгө жатат.

Демек, жогорудагы үч суроого тең «ооба» деп жооп берген туура болот. Эгер бири-бирин жактырарын билген эки жаш телефон аркылуубу, бетме-бет жолугуппу, ачыкпы же жашыруун түрдөбү, дайыма пикирлешип турса, бул сүйлөшүү деп эсептелет.

 Сүйлөшүүнүн максаты эмне?

Сүйлөшө баштаган эки жаш таза максатты көздөшү керек. Алардын максаты үй-бүлө куруш үчүн бири-бирине ылайык келер-келбесин аныктоо болушу керек.

Бирок тилекке каршы, айрым жаштар сүйлөшүүгө жеңил ойлуу карашат. Алар үй-бүлө курууну көздөп эмес, карама-каршы жыныстагы адам менен убакыт өткөрүү кызык болгону үчүн эле сүйлөшүшү мүмкүн. Кээ бирөөлөр болсо сүйлөшкөн адамын башкаларга көрсөтүп мактана турган «олжодой» же жөн эле бир жасалгадай көрүп, өзүнүн кадыр-баркын көтөрүүнү гана көздөшөт.

Бирок андай мамилелер бат эле үзүлөт. «Көптөгөн жаштар бир-эки жумадан кийин эле сүйлөшпөй калышат,— дейт Хетер деген бир кыз.— Алар сүйлөшүүнү жөн эле убакыт өткөрүү деп эсептегендиктен, кандайдыр бир мааниде үй-бүлө курууга эмес, ажырашууга даярданып жатышкансыйт».

Кимдир бирөө менен сүйлөшө баштасаң, ал адамдын сезимдери бар экенин унутпа! Андыктан буга олуттуу карашың керек (Лука 6:31).

Үй-бүлө курууга ниеттенбей эле сүйлөшө турган болсоң, улам бир жаңы оюнчук менен ойноп, таштап сала берген жаш балага окшошуп каласың

Ойлонуп көрсөң, кимдир бирөө сени оюнчук көрүп, ойноп туруп, таштап салса, өзүңдү кандай сезет элең? Албетте, жаман болмоксуң! Андыктан сен да башкалардын сезими менен ойнобо. Ыйык Китепте: «Сүйүү... адепсиздик кылбайт»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 13:4, 5).

Челси деген бир кыз мындай дейт: «Кээде сүйлөшүүнү жөн эле көңүл ачуудай көрүп кетем. Бирок бири буга олуттуу, экинчиси жеңил ойлуу караса, бул тамаша эмес».

Кеңеш: Кимдир бирөө менен сүйлөшүүгө жана үй-бүлө курууга даярданыш үчүн 2 Петир 1:5—7-аяттарды окуп, кайсы сапатты өрчүтүшүң керек экенин ойлонуп көр. Бир айдан кийин ал сапат жөнүндө канчалык көп билгениңди жана аны канчалык өрчүткөнүңдү текшер.

 Сүйлөшө баштай тургандай курактамынбы?

  •  Канча жаштан баштап сүйлөшө баштоого болот деп ойлойсуң?

  •  Ушул эле суроону атаңа же апаңа берип көр.

Буга карата сенин оюң менен ата-энеңдин ою эки башка болуп чыгышы мүмкүн. Бирок андай болбошу деле мүмкүн. Балким, сен да, кээ бир акылдуу жаштардай болуп, өзүңдүн кандай адам экениңди жакшы билип кала тургандай куракка келмейинче сүйлөшпөй турууну туура көрөттүрсүң.

17 жаштагы Дениэлла деген бир кыз да ушундай ойдо. Ал мындай дейт: «Болочок күйөөмдүн кандай сапаттары болушу керектиги жөнүндөгү азыркы оюм эки жыл мурунку оюмдан аябай эле айырмаланат. Чынын айтсам, мага кандай жубай керек экенин азыр деле жакшы билбейм. Менин көз карашым, жок эле дегенде, эки жыл өзгөрбөй, туруктуу болуп калгандан кийин гана сүйлөшүү жөнүндө ойлоно баштаганым туура болот го деп ойлойм».

Сүйлөшө баштоого шашпоо дагы бир себептен улам акылдуулукка жатат. Жыныстык каалоолор абдан күчтүү болуп, сезимдер алып учуп турган курак Ыйык Китепте «өтө эле жаш» курак деп айтылат (1 Корунттуктар 7:36). Ушундай курактан өтө элек болсоң, сак бол. Себеби андай кезде карама-каршы жыныстагы адам менен өтө жакын мамиледе болуу жыныстык каалоолорду күчөтүп, адеп-ахлаксыз ишке алып барышы мүмкүн.

Бирок курбу-курдаштарың буга такыр башкача карашы ыктымал: алардын көбү жыныстык мамиледе болуп көрүүнү эле ойлошот. Бирок сен алардан акылдуураак болуп, андай ойго азгырылба (Римдиктер 12:2). Анткени Ыйык Китепте: «Бузуктуктан качкыла»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 6:18). Жыныстык каалоолор күчөп турган курагың өтүп кеткиче күтүп турсаң, мүшкүлдөн алыс болосуң (Насаатчы 11:10).

 Эмне үчүн шашпаш керек?

Сенден жаңы эле өтүлө баштаган сабак боюнча экзамен тапшыруу талап кылынса, кандай сезимде болот элең? Албетте, нааразы болмоксуң. Анткени ал сабакты жакшы өздөштүрүп, экзаменге даярданыш үчүн сага жетиштүү убакыт берилиши керек болчу.

Кимдир бирөө менен сүйлөшүүнү да экзаменге салыштырууга болот.

Сүйлөшүү — бул абдан олуттуу нерсе. Андыктан кимдир бирөө менен сүйлөшө баштаардан мурун, абдан маанилүү бир «сабакты» өздөштүрүп алышың керек, тактап айтканда, адегенде башкалар менен бекем достук мамилени өрчүтүүнү үйрөнүшүң керек.

Ошондо кийинчерээк өмүрлүк жар болууга ылайыктуу бирөөнү жолуктурганыңда аны менен бекем мамиле өрчүтө аласың. Бул абдан маанилүү, анткени жакшы дос болгондор гана жакшы үй-бүлө боло алат.

Азырынча эч ким менен сүйлөшпөй турууну чечсең, эч нерседен кур калбайсың. Кайра, мунун аркасында «жаш чагыңда кубанууга» көбүрөөк мүмкүнчүлүгүң болот (Насаатчы 11:9). Мисалы, жакшы сапаттарды өрчүтүп, жакшы инсан катары калыптанууга, андан да маанилүүсү, Кудай менен болгон мамилеңди бекемдегенге убактың болот (Жеремиянын ыйы 3:27).

Ошол эле учурда сенде карама-каршы жыныстагылар менен жагымдуу убакыт өткөрүүгө да мүмкүнчүлүк болот. Мисалы, улуураак бирөөлөрдүн көзөмөлү астында курбу-курдаштарың менен чогуу көңүл ачсаң болот. Темми деген бир кыз: «Менимче, ушундай жолугушуулар кызыктуураак болот. Досуңдун көп болгону жакшы экен»,— дейт. Моника деген кыз да мындай дейт: «Бир нече киши болуп чогулган мага аябай жагат. Анткени ар кандай адамдар менен таанышасың».

Ал эми бир эле адам менен чектелип, ошону менен гана достошуп, өтө эле жаш кезиңде сүйлөшө баштасаң, жүрөгүңдү жаралап алышың мүмкүн. Андыктан шашпа. Жаш курагыңда башкалар менен бекем достук мамилени өрчүтүүгө үйрөн. Андан сырткары, эгер шашпасаң, өзүңдүн кандай адам экениңди жана өмүрлүк жарың кандай болушу керектигин жакшыраак билүүгө мүмкүнчүлүгүң болот.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кимдир бирөөнүн сага ылайык келер-келбесин кантип билсе болот?

Жактырып жүргөн адамыңдын чынында кандай адам экенин кантип билсең болот?