Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Спорт жөнүндө эмнени билишим керек?

Спорт жөнүндө эмнени билишим керек?

Спорт сага пайда же зыян алып келиши мүмкүн. Бул сенин кандай оюндарды ойнооруңа, кантип ойнооруңа жана аны канчалык көп ойнооруңа жараша болот.

 Кандай пайдасы бар?

Ден соолукка абдан пайдалуу. Ыйык Китепте денени машыктыруунун пайдалуу экени айтылат (1 Тиметей 4:8). «Спорт оюндарын ойносоң, сергек жүрөсүң. Отуруп алып видеооюндарды ойногондон көрө, ары-бери чуркап ойногон жакшы»,— дейт Райан деген жигит.

Тобуңдагыларды эске алганга, өзүңдү кармай билгенге үйрөнөсүң. Жахаба бизди пайдалуу нерсеге үйрөтүш үчүн Ыйык Китепке спортту мисал кылып жаздырткан. Ал жерде: «Жарышка катышкандардын баары чуркаганы менен, бирөө эле байге алат... Андан сырткары, жарышка катышкандардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат»,— делет (1 Корунттуктар 9:24, 25). Мындан көрүнүп тургандай, спорт эрежелерине карманыш үчүн адам өзүн кармай билиши, башка оюнчулар менен кызматташа билиши керек. Абигейил деген өспүрүм кыз буга толугу менен кошулат. Ал: «Спорт оюндарына катышкандын аркасында башкалар менен мамилелешкенди, кызматташканды үйрөндүм»,— дейт.

Жакшы досторду табасың. Чогуу ойноо биримдикке өбөлгө түзөт. «Дээрлик бардык оюндарда атаандашуу болот. Бирок көңүл ачыш үчүн ойносоң, досторуң менен болгон мамилең бекемделет»,— дейт Жордан.

 Кандай зыяны бар?

Кандай оюндарды ойнойсуң? Ыйык Китепте: «Жахаба адил адамды да, ыймансызды да байкап турат, зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү анын жаны жек көрөт»,— делет (Забур 11:5).

Спорттун айрым түрлөрү зордук-зомбулукка үйрөтөт. Мисалы, Ларен деген кыз мындай дейт: «Бокска катышкандардын максаты — атаандашын сабамай. Биз Кудайдын кызматчылары болгондуктан мушташпайбыз. Андыктан бири-бирин жанчып мушташып жаткандарды көрүп көңүл ачуу туура эмес».

Ойлонуп көр. Зордук-зомбулук камтылган оюндарды ойноп же көрүп койсом эле ошондой иштерди кылып коймок белем деп актанбайсыңбы? Эгер ошондой болсо, Забур 11:5те айтылгандарды эсиңен чыгарба. Жахаба «зордук-зомбулук» иштерди кылгандарды эле эмес, аны «жакшы көргөндөрдү» да жек көрөт.

Кантип ойнойсуң? Ыйык Китепте: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— делет (Филипиликтер 2:3).

Таймашкан эки топтун ортосунда, албетте, атаандашуу болбой койбойт. Бирок эмнеси болсо да утушум керек деп ойносоң, оюндан кубаныч албайсың. Брайн деген өспүрүм бала мындай дейт: «Атаандашуу сени тез эле бийлеп алат. Канчалык жакшы ойносоң, ошончолук момун болгонго үйрөнүшүң керек».

Ойлонуп көр. Крис: «Биз жума сайын футбол ойнойбуз. Ойногон сайын бирөө бир жерин кокустатып алат»,— дейт. «Көбүнчө буга эмне себеп болот? Эч ким жабыр тартпаш үчүн мен эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көр.

Канчалык көп ойнойсуң? Ыйык Китепте: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамда»,— деп айтылат (Филипиликтер 1:10).

Иштериңди маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүр. Рухий иштер биринчи орунда туруш керек. Кээ бир оюндар, аны ойнойсуңбу же көрөсүңбү, көп убакытты алат. «Башка иштерге жумшай турган убактымдын баарын телевизордон спорт оюндарын көргөнгө коротчумун. Ошонун айынан апам экөөбүз көп урушчубуз»,— дейт Дария.

Спортко көп убакыт кетиргениңди тамагыңа көп туз салып салганга салыштырса болот

Ойлонуп көр. Ата-энеңдин маанилүү иштерди биринчи орунга коюуга байланыштуу берген кеңештерине кулак кагасыңбы? Трина деген кыз мындай дейт: «Бир туугандарым менен телевизордон спорт оюндарын көрүп отура бергендиктен, башка маанилүү иштерибиз калып калчу. Апам: „Силер бул оюнду көрсөңөр да, көрбөсөңөр да, оюнчулар айлык ала берет. Силерге айлыкты ким төлөйт?“ — деп айтчу. Анын сөздөрү: „Оюнчулардын жумушу бар. Эгер үй тапшырмаңарды аткарбай, башка иштериңерди кылбай отура берсеңер, кийин кантип жан багасыңар?“ — дегенди билдирчү. Ал, мындайча айтканда, спорт оюндарын көрүү же ойноо жашоодогу маанилүү нерсе болбошу керек экенин түшүндүргөнгө аракет кылчу».

Башкалары