Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мектептеги кордук. Эмне кылсам болот?

Мектептеги кордук. Эмне кылсам болот?

Ушул суроолорго жооп алгандан тышкары, бул макаладан  айрым жаштардын берген кеңешин,  бир мугалимдин айткан оюн окуй аласыңар. Ошондой эле  тесттеги суроолорго жооп берип көрсөңөр болот.

Өспүрүмдөрдүн бири-бирин шылдыңга алганы, опузалаганы же коркутуп-үркүткөнү бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө айланды. Маселен, Улуу Британияда жүргүзүлгөн бир изилдөө көрсөткөндөй, британ маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, өз өмүрүн кыйган жаштардын 40 пайыздан ашууну андай ишке курдаштарынан кордук көргөнү үчүн барган.

 Кордоого эмнелер кирет?

Кордоого кимдир бирөөнү уруп-сабоо эле кирбейт. Ага дагы эмнелер кирерине көңүл бурсаңар.

  • Сөз менен кордоо. «Кыздар көбүнчө чучукка жеткен сөздөрдү айтып кордошот,— дейт 20 жаштагы Селина деген кыз. — Мени кордогон кыздардын айткан сөздөрү, ар кандай ат коюп шылдыңдаганы көкөйүмөн эч кетпейт. Ошондон улам басынып, өзүмдү эч нерсеге жарабаган, эч кимге кереги жок адам катары көрүп калгам. Ошондой сөздөрдү айткандан көрө, бир чапса жакшы болмок».

  • Элден бөлүп, кошпой коюу. «Классташтарым мени бөлө беришчү. Ашканадан мага орун калбай калыш үчүн атайылап үстөлдүн баарын ээлеп алышчу. Айла жок, көз жашымды төгүп, бир жыл бою жалгыз тамактанып жүрдүм»,— дейт 18 жаштагы Хейли деген кыз.

  • Интернет же телефон аркылуу коркутуп-үркүтүү. «Компьютерди колдонуп, бир паста эле кимдир бирөөнүн беделин түшүрүп, атүгүл жашоосун бузуп салса болот. Ашыра айтылгандай сезилсе да, ушундай окуялар чындап эле болот»,— дейт 14 жаштагы Даниел деген бала. Телефон аркылуу жүрөктүн үшүн алган сүрөттөрдү же SMSтерди жөнөтүү да адамды кордоо болуп эсептелет.

 Кимдер кордошот?

Кимдир бирөөнү опузалап, коркутуп-үркүткөнгө көбүнчө кандай балдар-кыздар жакын болот?

  • Өздөрү кордук көргөндөр. «Балдардан көргөн кордуктан ушунчалык тажап кеткендиктен, аларга жагыныш үчүн мен да аларга кошулуп башкаларды коркутуп-үркүтүп, күч көрсөтө баштагам,— дейт Антонио деген бир бала. — Ойлоп көрсөм, аябай эле туура эмес кылыптырмын».

  • Үйүнөн жакшы үлгү көрбөгөндөр. Жей Макгро деген бир психолог өзүнүн китебинде: «Башка балдарды коркутуп-үркүткөн өспүрүмдөр көбүнчө ата-энесинин, улуураак бир туугандарынын же башка жакындарынын кылгандарын туурашат»,— деп жазган («Life Strategies for Dealing With Bullies»).

  • Өзүн ишенимдүү сезбегендер. «Кордогондор, кордолгондор жана кордукка күбө болгондор» деген китептин автору Барбара Колоросо: «Башкаларды мазактап, коркутуп-үркүтүүгө көбүнчө жан дүйнөсү жараланган, өздөрүн ишенимдүү сезбеген балдар жакын келишет. Алар өзүнүн ички сезимин жашырыш үчүн ушинтип кыйынсынышат»,— деп жазган («The Bully, the Bullied, and the Bystander»).

 Көбүнчө кимдер жапа чегишет?

  • Жалгыз жүргөндөр. Кээ бир өспүрүмдөр башкалар менен көп аралаша албагандыктан эч кимге кошулбай, жалгыз жүрө беришет. Андай балдар дароо эле башкаларды кордоп көнүп калгандардын бутасына айланат.

  • Көпчүлүктөн айырмалангандар. Кээ бирөөлөрдү кебетеси, улуту, дини башка болгону үчүн эле, атүгүл майып болгону үчүн да шылдыңга алып, кордошот.

  • Басырына бергендер. Башкаларды кордогонду жакшы көргөндөр өздөрүн басынта бергендерди дароо байкашат. Өздөрүн коргоп, кол кайтара албагандыктан андай балдар чоң муштумдардын оңой олжосу болуп калат.

 Андайда эмне кылыш керек?

  • Көңүл бурбай кой. «Эгер алардын кылган мамилесинен улам аябай жаман болуп калганыңды байкап калышса, сени кодулагандардын чырагына май тамат. Ал эми айткандарына көңүл бурбай койсоң, асылганын токтотушат»,— дейт Кайла деген бир кыз. Ыйык Китепте: «Акылдуу акырына чейин карманат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 29:11).

  • Өзүнө жараша жооп кайтарба. Анте турган болсоң, жагдайды ого бетер оордотосуң. Ыйык Китепте: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»,— деген кеңеш берилет (Римдиктер 12:17; Накыл сөздөр 24:19).

  • Кыраакы бол. Андай балдардан алыс бол жана сага асылышы мүмкүн болгон жагдайлардан мүмкүн болушунча кач (Накыл сөздөр 22:3).

  • Жумшак жооп бер. Ыйык Китепте: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:1).

  • Тамашага чалып жооп берип кой. Мисалы, сени «кодогой» деп шылдыңдашса: «Кодогой болгон жакшы да. Эл батпаган жерге батып кетесиң!» — деп тамашалап кой.

  • Кетип кал. «Сени шылдыңдап жаткан балага же кызга теңелбей, кетип калсаң, ага караганда эстүүрөөк экениңди жана „күчтүүрөөк“ экениңди далилдейсиң,— дейт 19 жаштагы Нора деген кыз. — Анткени андан айырмаланып, өзүңдү башкара аларыңды көрсөтөсүң».

  • Өзүңдү ишенимдүү алып жүргөнгө үйрөн. Рита деген бир кыз мындай дейт: «Кыжалат болуп жатканыңды байкады дегиче, коркутуп-үркүтүп жаткандар ошонуңдан пайдаланып, сени ого бетер басып салганга аракет кылышат»

  • Чоңдорго айт. Бир сурамжылоого ылайык, Интернет аркылуу кысым көрсөтүлгөн балдар-кыздардын жарымынан көбү уялганынан, намыстанганынан (өзгөчө, эркек балдар) же өч алат деп коркконунан улам ал жөнүндө эч кимге айтышпайт. Бирок анте турган болсоң, сени кордогондордун чырагына май куясың. Ал эми улуураак бирөөлөргө айтсаң, бул көйгөй чечилиши мүмкүн.