Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Көңүл чөгөттүктүн чеңгелинен кантип чыгам?

Көңүл чөгөттүктүн чеңгелинен кантип чыгам?

«Кимдир бирөөлөр кыйынчылыкка туш болгондо, дароо жардамга келип, аларды сооротуп-бекемдейм. Бирок андан кийин үйгө келип алып ыйлайм. Аны эч ким билбейт» (Келли).

«Көңүлүм чөгүп турганда башкалардан качып калам. Мени бир жакка чакырышканда, барбаш үчүн шылтоо издейм. Ичимде эмне болуп жатканын билгизбегендиктен, үйдөгүлөр мени жакшы эле жүрөт деп ойлошот» (Рик).

Сенде да Келлиникиндей же Риктикиндей сезимдер болобу? Ошондой болсо, көп тынчсызданба, бул табигый эле нерсе. Баарыбыздын эле кез-кезде көңүлүбүз чөккөн учурларыбыз болот. Атүгүл Кудайдын кызматчыларынын да көңүлү чөккөн учурлары болгон (1 Шемуел 1:6—8; Забур 35:14).

Кээде эмне үчүн кайгырып жатканыңды билсең, кээде билбейсиң. «Жаман бир нерсе болбосо деле, капалана бересиң,— дейт 19 жаштагы Анна деген бир кыз.— Баары сонун болуп турса да, жөндөн жөн эле кайгынын кара булуту каптап кирет. Эмнеге ушундай болуп жатканын өзүң да түшүнбөйсүң».

Кайгырууга себеп барбы же жокпу, жан дүйнөңдү кыйнаган ойлордон канткенде арыла аласың? Төмөндөгү кеңештерди колдонуп көр.

  1. Cезимдериңди бирөөгө айт. Башынан оор сыноону кечирип жатканда Аюп пайгамбар: «Жаным кыйналганынан сүйлөйм!» — деген (Аюп 10:1).

    Келли: «Кимдир бирөөгө өзүмдү кандай сезип жатканымды айтып бергенимде үстүмөн оор жүктү алып салгандай жеңилдеп калганымды байкагам. Анын үстүнө, кимдир бирөө сенин кыйналып жатканыңды билсе, „аркан“ ыргытып кайгынын туңгуюгунан чыкканга жардам бериши мүмкүн».

  2. Кандай сезимде болуп жатканыңды жаз. Көңүлүң чөгүп, жаман сезимдер чулгаганда ойлоруңду кагаз бетине түшүрүү жардам бериши мүмкүн. Мисалы, Дөөтү пайгамбардын Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазган забурларынан кээде кайгы-муңга батканын окуса болот (Забур 6:6). Бушайман кылган сезимдериңди жазуу «акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүңдү» жоготпогонго көмөк кылат (Накыл сөздөр 3:21).

    Хезер: «Сезимдеримди кагаз бетине түшүрүү чырмалышып калган терс ойлорумду жандырууга жардам берет. Ой-сезимдериңди сыртка чыгарып алсаң, көкүрөгүң кадимкидей бошоп калат».

  3. Тилен. Тынчсызданууларыңды айтып Кудайга жардам сурап кайрылсаң, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жүрөгүң менен акылыңа орнойт (Филипиликтер 4:6, 7).

    Эстер: «Эмне үчүн көңүлүм чөгүп жатканын түшүнөйүн десем да, түшүнө алчу эмесмин. Жахабадан: „Кубанып жүрүүгө жардам берчи“,— деп суранчумун. Көңүлүмдүн себеби жок эле чөгө бергенинен улам аябай чарчап кеткем. Бирок, акыры, ошондой сезимдерди жеңе алдым. Тиленүүнүн зор күчкө ээ экенин эч качан унутпагыла!»

    Башкалардын жардамы жана өзүңдүн аракетиң менен көңүл чөгүүнүн туңгуюгунан чыга аласың

    Кеңеш: Кудайга кайрылганыңда Забур 139:23, 24төгү сөздөрдү үлгү иретинде колдонсоң болот. Жахабага жүрөгүңдөгүнүн баарын айтып, эмне себептен көңүлүң чөгүп жатканын аныктоого жардам беришин суран.

Жогоруда берилген кеңештерден тышкары, Кудай Сөзүндө дагы башка сонун ойлор жазылган. Аларды окуп, акылыңды ошолорго толтурсаң, жүрөгүңө тынчтык орноп, көңүл чөгөттүккө алдырбайсың (Забур 1:1—3).

Көңүл чөгөттүктөн арыла албай жатсаң...

«Кээде эртең мененкисин,— дейт Раян деген бир бала,— дагы бир маңызсыз күн өткөргүчө, төшөктөн турбай эле койгонум оң деген ой келет». Раян, башка көптөгөн жаштардай болуп, депрессиянын айынан кыйналып келет. Изилдөөлөргө ылайык, өспүрүмдөрдүн ар бир төртүнчүсү чоңоюп, эресеге жеткиче, депрессиянын кайсы бир түрүнөн азап чегет.

Депрессия болуп жаткан-жатпаганыңды кантип аныктасаң болот? Депрессия оорусунун айрым белгилери булар: маанайдын, жүрүм-турумдун тез-тез өзгөрүп турушу, элден обочолонуу, дээрлик бардык нерсеге көңүл чаппай калуу, тамак ичүү адатынын өзгөрүшү, уйкунун бузулушу, өзүн кереги жоктой сезүү же өзүн жөнү жок күнөөлөй берүү.

Кээде дээрлик баарыбыздан ушундай белгилердин бири же бир нечеси байкалышы мүмкүн. Бирок андай белгилер бир нече жумага созулса, балким, ата-энеңе айтып, доктурга көрүнгөнүң туура болоттур. Доктур көңүлүң депрессия болуп жаткандыктан чөгүп жатабы же башка себептенби, аныктаганга жардам бериши мүмкүн.

Эгер депрессия болуп жатканың аныкталса, мунун уят эч нерсеси жок. Көптөр дарылангандан кийин өздөрүн бир топ жакшы сезип калышкан. Көңүлүң эмнеден улам чөкпөсүн, Забур 34:18деги: «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат»,— деген жубатарлык сөздөрдү унутпа.

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Өмүрдү эмне үчүн кыйбоо керек?

Эмне үчүн кээ бирөөлөр өлүмдү душманындай эмес, досундай көрүшөт?