Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Көнүгүү жасагандын кандай пайдасы бар?

Көнүгүү жасагандын кандай пайдасы бар?

Ыйык Китепте көнүгүү жасагандын пайдасы бар экени айтылат (1 Тиметей 4:8). Бирок жаштардын көбү көнүгүү жасоо пайдалуу экенин түшүнгөнү менен, чыгынышпайт.

  • «Таң калыштуусу, жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө көп балдар дене тарбия сабагынан, эң эле оңой сабактан, жаман баа алышчу» (Ричэрд, 21 жашта).

  • «Айрымдар: „Күндүн ысыгында көл-шал түшүп тердеп, суй жыгылгыча чуркап эмне азап? Андан көрө, жыргап видеоюндарын ойногон жакшы эмеспи!“ — деп ойлошот» (Рут, 22 жашта).

Эгер сен да ушундай ойдо болсоң, көнүгүү жасоо кандай үч пайда алып келерин ойлонуп көр.

1-пайдасы. Иммундук системаңды чыңдайт. 19 жаштагы Рейчел мындай дейт: «Атам: „Көнүгүү жасоого убакыт таппасаң, ооруганга убакыт табууга аргасыз болосуң“,— деп көп айтчу».

2-пайдасы. Мээңде стресстен арылта турган химиялык заттардын пайда болушуна шарт түзөт. «Мээм чарчап кеткенде, чуркасам, бир топ жеңилдеп калам,— дейт 16 жаштагы Эмили. — Чуркаганда денем да, көңүлүм да сергип калат».

3-пайдасы. Көңүлүңдү көтөрөт. «Мен таза абада жүргөндү жакшы көрөм,— дейт Рут,— ошо себептен менин көнүгүүлөрүмө сейилдөө, сууда сүзүү, сноуборд жана велосипед тебүү кирет».

Ийгиликтин ачкычы. Жумасына үч жолу, жок эле дегенде, 20 мүнөттөн өзүңө жаккан көнүгүүлөрдү жасап тур.

Эсиңе түйүп ал. Ден соолугуңа тукум куучулук факторлор таасир этсе да, сак-саламатта болор-болбосуң көбүнчө тандаган жашоо мүнөзүңөн көз каранды. Андыктан көнүгүү жасоону адат кылып ал. Бул сенин колуңан келет.