Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Башка түшкөн кайгы-касиреттерди кантип көтөрүп кете алам?

Башка түшкөн кайгы-касиреттерди кантип көтөрүп кете алам?

Кайгы-касиретке кабылбаган бир да киши жок. Ыйык Китепте: «Жарышта жеңишке шамдагайлар эле, күрөштө ийгиликке күчтүүлөр эле... жете бербейт... Себеби баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат»,— деп жазылган (Насаатчы 9:11). Кайгы-касирет жаштарды да кыя өтпөйт. Алардын айрымдары аны менен кантип күрөшүп жатышат? Келгиле, эки мисал карап көрөлү.

 РЕБЕКА

14 жашымда ата-энем ажырашып кеткен.

Мен: «Атам менен апам ажырашкан жок, бир аз убакыт өтсө, атам кайра эле кайтып келет. Ал апамды сүйөт да, аны кантип эле таштап кетсин? Ал мени таштап кетпейт да»,— деп ойлоно берчүмүн.

Ал жөнүндө эч кимге айтчу эмесмин, атүгүл ойлогум да келчү эмес. Өзүмө байкалбаса да, аябай кыжалат болуп, ачуулана берчү экенмин. Сарсанаа боло бергендиктен уйкум качып калган.

19 жашымда апам рактан каза болуп калды. Апам менен аябай ынак болчумун.

Ата-энем ажырашып кеткенде, асманым жерге түшкөндөй эле болгон, бирок апам каза болгондо, таптакыр эле мүңкүрөп калдым. Азыркыга чейин кайгынын чеңгелинен бошоно албай келем. Санаам санга бөлүнүп, кирпик какпай таң атырган күндөрүм көп болот.

Бирок мага Ыйык Китептеги кеңештер жардам берет. Мисалы, Накыл сөздөр 18:1де элден обочолонбош керектиги айтылат, мен ошол кеңешке ылайык иш кылганга аракет кылам.

Андан тышкары, Жахабанын Күбөсү катары Ыйык Китепке негизделген, соороторлук сөздөр жазылган адабияттарды окуп турам. Ата-энем ажырашып кеткенде «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китеп, өзгөчө, 2-томундагы «Толук эмес үй-бүлөлөр бактылуу боло алабы?» деген макала аябай жардам берген.

Мага жүрөк өйүткөн ойлорго алдырбаганга көмөк кылган, жакшы көргөн аяттарымдын айрымдары — Матай 6:25—34-аяттар. 27-аятта Иса Машаяк: «Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?» — деген.

Жамандык бир да адамды кыя өтпөйт экен. Бирок апамдын үлгүсүнөн ошол сыноолор менен кантип күрөшөрүбүз баарынан маанилүү экенин түшүндүм. Апам эмнени гана баштан кечирген жок: атам таштап кетти, анан жан кейиткен ооруунун азабын тартты, бирок апам бир да жолу кабагым-кашым деген жок. Өмүрүнүн акырына чейин Кудайга болгон ишенимин да бекем сактады. Апамдын Жахаба жөнүндө айтып берип, үйрөткөн нерселерин эч качан унутпайм.

Ойлонуп көр: Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуу сен кабылган кайгы-касиретти көтөрүп кетүүгө кандайча жардам берет? (Забур 94:19).

 КОРДЭЛ

17 жашымда атам көз жумду. Ошондо күйүтүм күч болуп, аска-зоом кулагандай эле болду.

Мен: «Атам өлгөн жок, шейшептин алдында жаткан атам эмес» — деп, такыр ишенгим келген эмес. Өзүмө: «Атам эртең көзүн ачат»,— дей бергем. Ичим өрттөнүп, жүрөгүм канап жаткандай сезилген.

Биз үй-бүлөбүз менен Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан, атам кайтыш болгондо, жыйналышыбыздагы ишенимдештерибиз аябай колдоо көрсөтүштү. Алар тамагыбызды жасап берип, жубатып, жаныбызда көпкө чейин болушту. Ушунун баары Жахабанын Күбөлөрүнүн чынында эле Кудайдын эли экенине ого бетер ынандырды (Жакан 13:35).

2 Корунттуктар 4:17, 18де жазылгандар мени кайраттандырып, дем-күч берип келет. Ал жерде мындай делет: «Кыйынчылыктарыбыз кыска мөөнөттүү, анча оор эмес, ошентсе да бизге алда канча чоң, түбөлүктүү даңк алып келет. Биздин көзүбүз көрүнгөн нерселерге эмес, көрүнбөгөн нерселерге багытталган. Анткени көрүнгөн нерселер убактылуу, ал эми көрүнбөгөн нерселер түбөлүктүү».

Ушул аяттардын аяк жагындагы сөздөр мага күчтүү таасир этти. Атам убактылуу эле азап тартты, ал эми Кудайдын келечекте кыла турган нерселери түбөлүктүү. Атамдын өлүмү мага өмүрүмдү кандай өткөрүп жатканым жөнүндө ойлонуп, максаттарымды өзгөрткөнгө түрткү берди.

Ойлонуп көр: Сен кабылган кайгы-касирет максаттарың жөнүндө кайрадан ойлонуп көргөнгө кандайча жардам берет? (1 Жакан 2:17).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?

Жакын адамыңан айрылган учуруң болду беле? Аларды кайрадан көрүүгө үмүт барбы? Тирилүү тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылары жөнүндө окуп көргүлө.