Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде ачууга алдырбайм?

Канткенде ачууга алдырбайм?

 Тест

  • Канчалык көп ачууланасың?

    • ачууланбайм деле

    • кээде эле

    • күн сайын

  • Канчалык деңгээлде ачууланасың?

    • бир аз

    • кыжырым келет

    • каарым кайнап чыгат

  • Көбүнчө кимге ачууланасың?

    • ата-энеме

    • бир тууганыма

    • досума

Эгер ачууңду тыя билишиң керектигин байкасаң, бул макалада айтылгандар сага жардам берет. Кел анда, алгач бирөө ачууңа тийгенде сабырдуу болгонуң эмне үчүн маанилүү экенин карап чыгалы.

 Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

Ден соолугуң. Накыл сөздөр 14:30да: «Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет»,— деп жазылат. Ал эми ден соолукка байланыштуу бир журналда «ачуулануунун жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна алып келери» айтылат («Journal of Medicine and Life»).

Досторуң. Ыйык Китепте: «Ачуусу чукул менен достошпо, тез каарданган менен байланышпа»,— делет (Накыл сөздөр 22:24). Андыктан ачууң чукул болсо, башкалардын сенден качары анык. «Эгер ачууңду тыя билбесең,— дейт Жасмин деген жаш кыз,— жакын досторуңдан айрыласың».

Аброюң. «Ачууга жеңдирип койсоң, бул башкаларга сөзсүз маалым болот жана алардын сага карата болгон көз карашына таасир этет»,— дейт 17 жаштагы Эйтан. Ошол себептен: «Мен кандай адам катары белгилүү болгум келет: сабырдуу адам катарыбы же ачууга алдырып, мына-мына жарылганы турган адам катарыбы?» — деп ойлонуп көр. Ыйык Китепте мындай делет: «Ким ачууланууга шашпаса, ал кыраакы, ал эми кимдин чыдамы жок болсо, акылсыздыгын көрсөтөт» (Накыл сөздөр 14:29).

Ачуусун кармай албай жарылып кеткен адамдын жанында эч ким тургусу келбейт

 Эмне кылсаң болот?

Төмөндө келтирилген аяттарды жана жаштардын оюн окуп, берилген суроолордун үстүнөн ойлонуп көр.

  • Накыл сөздөр 29:22: «Ачууга алдырган киши уруш чыгарат, каарданууга жакын киши көп күнөө кылат».

    «Өспүрүм курагымда бат эле жинденип кетчүмүн. Атамдын туугандарынын баары кызуу кандуу. Биз тукумубуз менен ушундайбыз. Ачуубуз келгенде, өзүбүздү кармай албай калабыз» (Кэри).

    Мен ачуулуумунбу? Эгер жакшы сапаттарды өрчүтө алсам, анда жаман сапаттар канымда бар деп, алардан арылууга күч жумшабаганым туурабы?

  • Накыл сөздөр 15:1: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт».

    «Сабырдуу болуунун ачкычы — сезимдериңди башкара билүүгө үйрөнүү. Эгер жумшактыкты өрчүтүп, жакшы нерселерге көңүл топтогонго аракет кылсаң, ачууга жеңдирбейсиң» (Дарэл).

    Кимдир бирөө жиниме тийгенде, кандай жооп кайтарарыма эмне үчүн маани беришим керек?

  • Накыл сөздөр 26:20: «Отун жок жерде от өчөт».

    «Мага катуу айткан кишиге жумшактык менен жооп бергенимде, адатта, ал жоошуй түшөт. Анан талашып-тартышпастан, жай сүйлөшүп чечишип алабыз» (Жасмин).

    Кандайча сөзүм же ишим менен отко май чачып алышым мүмкүн?

  • Накыл сөздөр 22:3: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат».

    «Кээде унчукпай эле басып кетип, болгон нерсе тууралуу ойлоном. Ошондон кийин ачуум тарап, келишпестикти чыр-чатаксыз чече алам» (Гари).

    Кандай жагдайларда кетип калганың оң жана эмне үчүн коркуткандай түр көрсөтпөшүң керек?

  • Жакып 3:2: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз».

    «Ката кетиргенде кылган ишибиз үчүн өкүнгөнүбүз маанилүү, бирок андан сабак алганыбыз да абзел. Андайда көңүлүбүздү чөгөрбөстөн, эмки жолкусунда туура кылганга чечкиндүү болгонубуз жакшы» (Кэри).

Кеңеш: Белгилүү бир убакытка чейин, балким, бир айга чейин ачууга алдырбайм деп максат кой. Күнүгө кылган ийгиликтериңди байкап, жазып тур.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ачууну кантип тыйса болот?

Ачууну кантип тыйса болоруна байланыштуу Ыйык Китепке негизделген 5 кеңеш.

«Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат»

Дөөтү пайгамбардын башынан өткөн окуядан бирөө капа кылганда же кыжырыңарга тийгенде ачууга алдырбаш үчүн эмне кылуу оң экенин биле аласыңар.

Кудайдан тиленсем, жардам береби?

Кудай чындап эле биздин кыйналып жатканыбызга кайдыгер карабайбы?