Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ата-энемдин тыюу сала бергенине кандай карашым керек?

Ата-энемдин тыюу сала бергенине кандай карашым керек?

Сен каалаган жагына барып, үйүнө каалаган учурунда келип, каалаганын кийип, каалагандары менен жүргөн өспүрүмдөрдү билет чыгарсың. Балким, ата-энесинин аларга көңүл бөлгөнгө убактысы жоктур.

Кандай болбосун, Ыйык Китепте айтылгандай, ата-эненин бала тарбиялоого мындай мамиле кылганы жакшылыкка алып барбайт (Накыл сөздөр 29:15). Учурунда ата-энесинин тарбиясын көрбөй чоңойгон балдар кийин өзүмчүл болуп калышат. Азыркы күндө бири-бирине жан тартпаган, катаал адамдардын көп болгонунун себеби көбүнесе ушуга байланыштуу (2 Тиметей 3:1—5).

Каалаганын кылган өспүрүмдөргө көз арткандан көрө, ата-энеңдин кээ бир нерселерге тыюу салганын сага болгон сүйүүсү жана камкордугу деп кабыл ал. Жахаба Кудайга окшоп, ата-энең да акылга сыярлык чек коёт. Жахаба Кудай да өз элине:

«Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам. Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм»,— деп айткан (Забур 32:8).