Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ата-энем менен урушуп-талашпаш үчүн эмне кылсам болот?

Ата-энем менен урушуп-талашпаш үчүн эмне кылсам болот?

 Тест

  • Ата-энеңдин кимиси менен көбүрөөк талашып-тартышасың?

    • Атам менен

    • Апам менен

  • Канчалык көп талашып-тартышасыңар?

    • Кээде

    • Бат-баттан

    • Дайыма

  • Келишпестикти кантип чечишесиңер?

    • Уруш-талашы жок бат эле чечип алабыз.

    • Талашып-тартышып атып чечишебиз.

    • Талашып-тартышкандан кийин деле чечилбейт.

Эгер ата-энең менен такыр келише албай жатсаң, жагдайды жакшыртуу үчүн алар күч жумшашы керек деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, төмөндөн биле турганыбыздай, уруш-талаш көп болбошу же абал курчуп кетпеши үчүн өзүң да аракет кылышың зарыл. Кел, адегенде төмөнкү суроону карап көрөлү.

 Уруш-талаш эмнеден чыгат?

  • Ой жүгүртүү жөндөмү. Чоңойгон сайын бала кезиңдегидей эмес, тереңирээк ой жүгүртө баштайсың. Ошондой эле өзүңдүн жеке көз карашың калыптана баштайт жана көз караштарыңдын айрымдары ата-энеңдикине каршы келиши мүмкүн. Ошондой болгон күндө да, Ыйык Китепте айтылгандай, «ата-энеңди сыйлашың» керек (Чыгуу 20:12).

    Факт: Кайсы бир нерсеге макул болбосо да, урушуп-талашпаш үчүн жетилгендик жана шык-жөндөм талап кылынат.

  • Эркин болуу. Улам чоңойгон сайын, ата-энең сага көбүрөөк эркиндик бере башташы ыктымал. Бирок көйгөй сенин көбүрөөк эркиндикти каалаганыңда же ага эртерээк ээ болгуң келгенинде болушу мүмкүн. Келишпестик көбүнчө ошондон улам болот. Ошентсе да, Ыйык Китепте: «Ата-энеңердин тилин алгыла»,— делет (Эфестиктер 6:1).

    Факт: Ата-энеңдин сага канчалык көп эркиндик берери аны кандай колдоноруңдан көз каранды.

 Эмне кылсаң болот?

  • Өзүң эмне кылсаң болорун ойлон. Уруштун чыгышына ата-энеңди күнөөлөбөй, өзүң эмне кылсаң болорун ойлон. «Кеп дайыма эле ата-энеңдин эмне деп айтканында эмес, сенин кандай жооп кайтарганыңда болот,— дейт Жефри деген бала.— Жумшак сүйлөгөнүң жагдайдын курчуп кетпешине шарт түзөт».

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула» (Римдиктер 12:18).

  • Кунт коюп ук. 17 жаштагы Саманта: «Мага баарынан да кунт коюп уккан кыйынга турат. Бирок ата-энеңди кунт коюп уксаң, алар да сени кунт коюп угушарын байкагам»,— дейт.

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын» (Жакып 1:19).

    Уруш-талаш отко окшош. Аны токтотпосоң, ээ-жаа бербей күч алып кетет

  • Ата-энең менен бир тарапта бол. Келишпестик болгондо ага спорт оюнун, мисалы, теннис ойноп жаткандагыдай кара. Бирок тордун аркы бетинде ата-энең эмес, уруш-талаштын чыгышына себеп болгон нерсе турганын элестет. «Ата-эне баласына жакшы нерсени эле каалайт, бала өзүнө жакканды кылгысы келет,— дейт Адам деген бала.— Демек, мындай караганда, экөөнүн тең эле көздөгөнү бир».

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Тынчтыкка... умтулалы» (Римдиктер 14:19).

  • Түшүнүктүү бол. «Ата-энелердин да биздикиндей эле түйшөлткөн кыйынчылыктары бар экенин унутпаганым мага чоң жардам берет»,— дейт Сара деген өспүрүм кыз. Ал эми Карла мындай дейт: «Мен өзүмдү ата-энемдин ордуна коюп көргөнгө аракет кылам. „Эгер балам бар болсо жана так эле ушундай жагдайга кабылсам, эмне кылмакмын? Балама жакшы болуш үчүн эмне кылганым туура болмок?“ деп ойлоном».

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

  • Тил алчаак бол. Ыйык Китепте ата-энеңдин тилин алышың керектиги айтылат (Колосалыктар 3:20). Эгер аларга баш ийсең, өзүңө эле жакшы болот. «Ата-энемдин айткандарына ылайык иш кылганымда баары оңоюраак болот,— дейт Карен деген кыз.— Алар мен үчүн көп нерседен баш тартып келишет, алардыкына салыштырмалуу менин тил алганым кымындай эле нерсе болуп калат». Арийне, тил алуу — келишпестиктин болушуна бөгөт коё турган натыйжалуу чаралардын бири.

    Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Отун жок жерде от өчөт» (Накыл сөздөр 26:20).

Кеңеш. Эгер ата-энең менен сүйлөшүү кыйын болуп жатса, ойлоруңду баракка жазып берип кой же SMS аркылуу жөнөтүп жибер. «Мен маанайым пас болуп турганда ушундай кылам,— дейт Алиса деген өспүрүм кыз.— Бул аларга кыйкырып же кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып албаганга жардам берет».

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ата-энеңе алардын тыюу сала бергени жакпай турганын кантип айтсаң болот?

Ачык сүйлөшүп, тил табыша билсең, ата-энеңдин ишеничине ээ болуп, алар сага көбүрөөк эркиндик беришет.