Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ата-энеме алардын тыюу сала бергени жакпай турганын кантип айтсам болот?

Ата-энеме алардын тыюу сала бергени жакпай турганын кантип айтсам болот?

Эмне кылышың керек? Ата-энең менен сүйлөшкөндү үйрөн

Ачык сүйлөшүп, тил табышканды үйрөнсөң:

  • ата-энең сени жакшыраак түшүнө алат

  • сен да ата-энеңдин эмне үчүн айрым нерселерге тыюу салып жатканын жакшыраак түшүнөсүң

Эгер ата-энеңдин сага чоң кишиге мамиле кылгандай мамиле кылышын кааласаң, сен да чоң кишидей пикир алышканды үйрөнүшүң керек. Ага кантип үйрөнсөң болот?

Өзүңдү кармай бил. Ата-энең сенин айткандарыңа кулак салышы үчүн, өзүңдү кармай билишиң керек. Ыйык Китепте: «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 29:11).

Ошондуктан ачууланып, кичинекей балага окшоп, кежирленбе, ыйлактай бербе. Эшикти тарс жаап, жерди оё басып кетип калгың келип жатса да, өзүңдү кармай бил. Болбосо ата-энең ого бетер катуу кармай башташы мүмкүн.

Өзүңдү ата-энеңдин ордуна коюп көр. Мисалы, ата-энең сага досторуң менен бир жакка барганга уруксат бербей жатат деп коёлу. Алар менен талашып-тартышкандан көрө:

«Эгер биз менен чогуу силер ишенген бирөө барса, жибересиңерби?» — деп сурап көр.

Бирок ошенткен күндө да алар сени жибербей коюшу мүмкүн. Анткен менен алардын эмнеге тынчсызданып жатканын билсең, уруксат бериш үчүн аларга жаккандай вариант сунуштай аласың.

Карызыңды өз убагында төлөп, ишеничке ээ болгондой эле, ата-энеңдин да тилин алсаң, ишеничине ээ болосуң.

Ата-энеңдин ишеничине ээ бол. Банктан кредитке акча алганыңды элестетсең. Эгер карызыңды дайыма өз убагында берип турсаң, акча бергендердин ишеничине ээ болосуң. Ошондо кийин алар сага атүгүл көп суммада акча бериши мүмкүн.

Ата-энеңе тил алууну ошондой карызга салыштырса болот. Эгер дайыма «карызыңды» берип турсаң, башкача айтканда, майда-чүйдө нерседе да ата-энеңдин тилин алсаң, алар сага чоң нерседе да ишеним арта башташат. Ал эми ишеничин актабасаң, анда алар да сага ишенбей калышат.